Пример HTML-страницы

Беловодск айылында жайгашкан интернеттеги окуядан кийин комиссия түзүлдү

Акыркы жанылыктар

TurmushМосква районунун Беловодск айылындагы атайын көмөкчү мектеп-интернатында окуган баласын алып кетүү үчүн барган эненин чуусунан кийин райондук комиссия түзүлдү.

Аталган эне баласынын денесинен көк ала тактарды байкап, «Балдардын укугун коргоочулардын лигасы» коомдук фондусуна кайрылган.

«Интернаттын жумушчуларынын айтымында, бала кулап кеткен. Бирок алар бул тууралуу апасына кабар беришкен эмес. Ал баласына эмне болгонун аныктоо үчүн жардам сурап жатат. Бул мектеп-интернат мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга арналган. Буга чейин ушул эле мектеп-интернатта дагы бир майып бала кызматкер тарабынан зордук-зомбулукка кабылган», — деп билдиришти коомдук фонддон.

Чүй облусунун Москва райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Мунара Мамаджанованын айтымында, комиссия түзүлгөн. Ага Москва райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы, РИИБдин өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн жетекчилиги, райондук социалдык башкармалыгынын жана Москва райондук мамлекеттин администрациясынын өкүлдөрү кирип, окуя териштирилип жатат.

«Бул президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнүн көзөмөлүндө турат. Азыр күбө болгон балдардан окуя тууралуу айткандарын угуп жатабыз. Толук маалымат кийинчерээк болот», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE