БАШКАЛАРДАН БУЛ 7 НЕРСЕНИ КУТПОНУЗ!
1. Мени менен бир пикирге келет деп күтпөңүз
Сиз бактылуу болууга татыктуусуз жана ага толук акыңыз бар. Сиз толук кандуу жетишкендикте жашоого акылуусуз. Андыктан башкалардын пикирине кирип бул жакшы жашоону унутууга жол бербеңиз. Сиз бул дүйнөгө башкалардын күткөн нерсесин аткарууга келген эмессиз. Ошондой эле башкалардан да өзүңүздүн жеке каалооңуздун аткарылышын күтпөңүз. Сиз канчалык жашоодо өзүңүздүн чечимдериңизге бекем туруп, өз пикириңизди айта алганда гана башкалардан да бир нерсени күтүү азаят. Өзүңүздүн ички туюмуңузду сезе билиңиз. Өзүңүз менен өзүңүз болуңуз. Жасалмалуулуктун такыр кереги жок. Башкалар менен өзүңүздү салыштырып буйшайман болбоңуз. Өзүңүздүн келечекке койгон жеке максаттарыңыз болсун. Ага жетүүгө тынымсыз аракет жасаңыз. Башкалардын ийгилиги сизди ызалантууга жеткирбесин, абайлаңыз.
2. Өзүңүздү өзүңүзгө караганда башкалар көбүрөөк урматтап, сыйлашы керек деген пикирден алыс болуңуз
Чыныгы күч жан дүйнөдө жана чечкиндүүлүктө болот, булчуңдарда болбойт. Өзүңүзгө өзүңүз ишенип максаттарга жетүүгө аракет жасап, кыйынчылыктарга тике караңыз. Бул пикирди куур замат, сизди бирөө сүйүш керектигин же урматтап- сыйлаш керек экендигин же көңүл буруусу зарылдыгын дароо унутуңуз. Бардыгы менен сылык- сыпаа болуңуз, бирок, өзүңүзгө сый көрсөтүүнү да унутпаңыз. Өзүңүздү өзүңүз сыйлап баштаганда гана бактылуулуктун даамын сезүүгө мүмкүнчүлүк аласыз. Эгер сиз бактылуу сезимдер менен жашасаңыз, анда чөйрөңүздөгү адамдардын бардыгы бактылуу болушат.
3. Башкаларга жагууга аракет жасабаңыз
Сиз кимдир бирөөгө кереги жок, айрымдарына татыксыз, ошол эле учурда кээ бирине баасыз жана эң керектүү адам болушуңуз ыктымал. Андыктан өзүңүздүн чыныгы бааңызды биле жүрүңүз. Башкаларга жагынуунун аракетин көрбөй эле коюңуз. Сизди балааган адамдар менен убакыт өткөрүңүз. Албетте, сын- пикирайткан жакындарыңыз да болот. аларга жөн гана жылмайып кутулуңуз. Кайым айтышууга жана жеке пикириңизди таңуулоодон майнап чыкпайт. Эң негизги маселе сиз өзүңүз менен өзүңүз күрөшүп жеңишке жетишиңиз керек. Мындай шартта сизди ошол нерсе үчүн сүйүүгө мажбур кылган сезимдер өзү эле келет.
4. Башкалар сиз элестеткендей болушу керек деп күтпөңүз
Башка адамдарды сүйүү жана сыйлоо бул алардын өзү менен өзү болуусуна мүмкүнчүлүк берүү болуп эсептелет. Андыктан бардыгы сиз элестеткендей болушу деген пикирди жокко чыгаруу менен аларга урмат- сый көрсөтүп баштайсыз. Бирок, абдан кылдат караңыз. Чындыгында урмат- сыйга татыктуу жана сыйды көтөрө билген адамдарды гана сыйлай билиңиз. Албетте өздөрүнүн чыныгы сапатына ылайык, сиз элестетип күткөндөгүдөй эмес. Негизинен ар бир адам өзгөчө жана ар бири өзүнчө жагымдуу келет. Сиз анын жан дүйнөсүнө канчалык терең кире алсаңыз, ал адамды ошончолук жакындан биле баштайсыз.
5. Сиз ойлогон нерсени башкалар билет деп күтпөңүз
Адамдар сиздин оюңуздуокуй албайт да…. Алар эч качан сиз эмнени ойлоп, эмнени каалап жана кандай абалда экендигиңизди сыртыңыздан сезе алышпайт. Андыктан абалыңызды озүңүз айтып беришиңиз керек. Чөйрөңүздөгү пикирлеш адамдар менен көбүрөөк баарлашып каалаган же билген нерселериңиз тууралуу ой бөлүшө билиңиз.
6. Башкалардын дароо өзгөрүшүн күтпөңүз
Эгер сиздин жакын таанышыңыздын кандайдыр бир адаты болсо, аны жакында таштайт деп күтпөй эле койгонуңуз оң. Балким сиз анын өзгөрүлүшүн абдан каалаган болсоңуз, анда ийри отуруп түз кеңешип оюңузду ачык билдириңиз. Бирок, психолог адистери көпчүлүк адамдардын бир кыялын же мүнөзүн өзгөртүүгө башкалар аракет жасай турган болсо, ал эч качан өзгөрүлбөй тургандыгын белгилешет.
7. Башкаларда бардыгы жакшы болоорун күтпөңүз
Адамдар менен сый мамиледе болуңуз. Ар дайым жылмайып турууну унутпаңыз. Кээде көңүл чөгүп, капага батып турганда кимдир бирөөнүн жылмая караганы качалык даары болоорун сөз менен айтып берүүгө мүмкүн эместир. Көпчүлүк адамдар сыртынан сыр бербегени менен ичтен катуу кайгырып жүрүшөт. Андыктан ар бир адамга сый көрсөтүп турууну унутпаңыз.