БАЛАНЫ КОНОКТОРДУ ТОСУП, СЫЙЛАГАНДЫ ҮЙРӨТҮҮ КЕРЕК! 

https://kyrgyzcha.site/?p=41631&preview=true Пайдалуу кеңештер.

БАЛАНЫ КОНОКТОРДУ ТОСУП, СЫЙЛАГАНДЫ ҮЙРӨТҮҮ КЕРЕК!

 

Баланын ынтымактуу, меймандос болуп чоңоюшу жакшы. Атасы баласына конокко кам көрүүнү үйрөтүшү керек. Ошондо бала өзүн үйдүн ээси, атасынан кийинки баш көтөргөн жаран сезе баштайт. Мисалы, балаңызга төмөнкү сөздөрдү айтыңыз жана аны чоңдорду урматтоого үйрөтүңүз:

 

1. «Балам, коноктун алдынан тосуп чык»

2. «Уулум, чоңдордун кийимин ал»

3. «Уулум, конокторго кумганга суу алып келип колун чайкат»

4. «Балам, конок келгенде «Төргө өтүңүз, үйгө кириңиз» деп айтууну үйрөн».

5. «Балам, конокторго жууркан жап»

6. «Балам, конокко кымызыңды сун»

7. «Чыканагыңа жаздык бер»

8. «Тамак-аш сун»

9. «Үйдө эмне болсо ошо менен сыйла»

10. «Балам, конокторду узат»

 

Ушул нерселерди айтып, үйрөтсө, бала кызмат кылууга, чоңдордун тилегин, батасын угууга, мүмкүн болушунча кичи пейилдикке, боорукер болууга мүмкүнчүлүк алат. Анын үстүнө меймандостук – бул абдан пайдалуу жол. Кыргыз бекеринен «конок кут менен келет, конок он береке алып келип, үйгө тогузун калтырат» деп бекеринен айтбаса керек. Коногуна сый-урмат көрсөтө алган адамга Жараткандын назары түшүп, үйүнө кут береке толот!

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️