Баланы канча жаштан китепке кызыктыруу керек?

https://kyrgyzcha.site/?p=46833&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Баланы канча жаштан китепке кызыктыруу керек?

Балдарга жакшы билим берүү, алардын дүйнөгө болгон көз карашын кеңейтет.

 

Үй-бүлөңүз менен балдарыңыздын акылын өөрчүтүүчү кеңештер:

 

1) 3 жашында балаңыз эң көп кайсы китепти жакшы көрөт? Эгерде балаңыз окуй албайт, тамга тааныбайт десеңиз жаңылышасыз. Анткени, анын китеп окуй албоосу, анын китепти сүйүүсүнө тоскоол болбойт. Кааласаңыз балаңызга дептерлерди кыркып өздүк китебин жасап бериңиз. Бул ага башка китептерге караганда абдан кызыктуу да болмокчу.

 

 

 

2) Китеп-бул жашоо. Балдарыңыздын жашына карата китептерди тандап алыңыз. Алардын китепке окууга болгон кызыгуусун арттыруу үчүн өзүнчө бир бурчка орундук жасап бериңиз. Балаңыз китеп окуган күндөрү ага өзгөчө белектерди даярдап коюңуз.

 

 

 

3) Балаңыздын өздүк окуясын жазыңыз. Бир кагаз бериңиз да, балаңыз баштан өткөргөн каалаган окуясын жазсын. Же болбосо, балаңыз сизге айтып берсе, сиз жазыңыз.

 

4) Балдарыңызга маданий саякат иш-чараларын уюштуруңуз. Көп окуган да, көптү көргөн да билет демекчи, балдарыңыздын дүйнө таанымын кеңейтүү үчүн түрдүү саякаттарды жасаңыз. Мисалга, музейге, киного жана китепканаларга алып барыңыз. Алдын ала пландап чоң саякаттарга алып барыңыз. Дептериңизге саякаттап барган жериңиздин аттарын, күнүн белгилеп коюңуз. Тизмеге барган шаарыңыздын атын, тарыхын жана ал саякат тууралуу кандай таасирлер алгандыгын балаңыздан сурап туруңуз.

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️