Баланы дастаркон устундо томонку адаттарга уйротуу абзел. 

https://kyrgyzcha.site/?p=42976&preview=true Пайдалуу кеңештер.

? Баланы дастаркон устундо томонку адаттарга уйротуу абзел.

 

1 ~ Тамакты он колу менен жесин.

 

2 ~ Тамак жештен алдын » Бисмиллаахир Рохмаанир Рохийм «- деп айтсын.

 

3 ~ Тамак жеп жатканда айланасындагыларга коз кырын салбасын.

 

4 ~ Оз алдынан жесин.

 

5 ~ Акырын шашпай, жакшылап чайнап жесин.

 

6 ~ Лукманы биринин артынан бирин тыгыштырбай жесин.

 

7 ~ Кийимине токпостон жесин.

 

8 ~ Жокчулук эмне экендигин тушундуруу учун айрым учурда катык нан жедирип туруу керек.

 

9 ~ Сугалак, ач коздукко уйротпоо керек.

 

10 ~ Тушкон нандын кукумун терип жешти уйротуу керек.

 

11 ~ Жонокой кийим кийууго ундоо керек.

 

12 ~ Чынынын астында тамак калтырбоо жана жакшылап тазалоого уйротуу керек.

 

Бала ушул негизде тарбияланбаса, тамак адебинен кабарсыз калат.

 

~ Буларды Ата — Энесинен башка кимден да уйроно алат. Балага мындан башка Жалганчылык, кызганчаактык, гыйбат, шоктук, тарбиясыздык, адепсиздик, жана кулаксыздык сыяктуу жаман муноздордун эмне экендигин тушундуруп жана булардан кандай сактануу керек экендигин айтуу шарт.

 

Бала жети жашка толгондо ага Намаз окууну уйротулот, жети жаштан откондон кийин кадимкидей Намаз окуп калышы керек.

 

 

Пайгамбарыбыз саллаллааху алейхи уа саллам хадисинде :

 

Балдарынарды жети жашка толгондо Намазга буюргула. Он жашка толгондо эгер окушпаса ургула. Жатакана болмолорун да болуп койгула»- деген.

Аялдар эрте менен куйоолорунон мурда туруусу жана буга ар бир аял адаттануусу зарыл.

 

Багымдат Намазын окубай ишке киришкен аялдын иши журушпойт (берекесиз болот ).

 

Кун чыгып жатканда уктоо берекени кетирип, жалкоолукту келтирет.

 

~ Бул маалда балдарын да ойготуу дурус. Бала мектепке барып окуу — жазууну уйронуп баштаганда ага улуу кишилердин улгу создорун жана окуяларын окутуп жана окуп беруу, убактысын бекер кетирбоону уйротуу абзел.

 

~ Эгер туура эмес иш жасап койсо кормоксон болуп, орду келгенде жаман иштердин зыяндуулугунан кабар берип коюу зарыл.

 

~ Эгер айыбы бетине айтылса, ошол жаман ишти жашыруун дагы кайталашы мумкун.

Так ошол катачылык дагы кайталанса, акырын озуно : » Дагы бир кайталасан Ата — Энен, бир туугандарын, жана досторундун алдында уялып каласын»- деп насаат беруу абзел.

 

Балага тез — тез эскертуу бере — бербоо дурус, анткени коп укканына таасири калбай калат.

Ата оз созун таасирлуу болуусун кааласа тез — тез эскертуу бербесин. Жазасын анча мынча ачык куноо жасаганда гана беруу керек.

 

Энелер баласын » Атана айтам «- деп адепсиздиктен кайтарып туруу абзел.

 

Баланы кундузу уйкуга уйротпогон дурус. Анча мынча катуу тошокко да жаткырып туруу керек.

 

~ Ар бир жакшы, татынакай нерсенин кадырына уйротуу абзел. Эмне иш болсо ошол болсун жашыруун иш алып баруунун алдын алуу зарыл (жакшылык иш болсо да). Досторуна мамиле кылууда баарына бирдей ачык конул болууну эскертуу дурус.

~ Жаштыгынан эле кучу жеткенче Орозо кармоого кызыктыруу керек. Уурулук арам, кыянат жана башка жамандыктардын акыбети жаман болоорунан эскертуу берип турган жакшы.

 

Баланын чоноюп осушу менен насааттардын да кобойуусу ашып барса максатка ылайыктуу.

 

~ Мисалы : Тамак, Аллахка кулдук кылуу учун керек боло турган кубат учун жеп — ичиле турганын, дуйно бир куну тугонушун, Кыямат куну бардык нерселердин олушун, кийин жаны жашоо башталышын, олумдон кийин кабыр жашоосун, андан кийин акырет жашоосу башталышын, олум акыйкат жана Инсанга ар бир мунотто келуусу мумкун экендигин билдируу абзел.

 

Чоноюп бараткан балага берилген насаат ташка чийилген оймо сыяктуу из калтырат.

Бала ушундай тарбияланса дини, мамлекети жана улутуна пайдалуу жигит болуп чонойот.

 

Аялдын милдети уй — булоону ото татынакай кароо, эртеден кечке чейин кошуналар менен гыйбат кылуу же бекерчи нерселер менен омур откоруу эмес.

 

Аял кишиге уй иштерин жасоо жана уй — булосуно кызмат кылуу ото жарашыктуу нерсе.

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️