БАЛАГА АТАНЫН МЭЭРИМИ АБДАН КЕРЕК
Ажырашуу, үй-бүлөсүн таштап кетүү, жалгыз бой күн кечирүү деген нерселер, тилекке каршы, коомубузда анча деле жат көрүнүш болбой калды. Кейиткени анын айынан көпчүлүк балдар апасында калып, ата мээримин көрбөй өсүшүүдө. Мындай шартта балага кандай тарбия берүү керек, эне эмнелерди билүүсү шарт?
ЭРКЕК БАЛАНЫ ТАРБИЯЛООДО– Атасы жок балага аял ата да болом деп аны катуу кармап, солдаттай кылып тарбиялайм десе жаңылышат. Эне баласынын түнт, каардуу болуп чоңоюшун каалабаса, ага жумшак мамиле жасап мээримге бөлөөсү керек.
– Баланын алгачкы 5 жылы эң маанилүү. Эне дал ушул жылдары бала өзүнө үлгү болчу адам менен болуусуна шарт түзүшү керек. Ошол учурда эненин татыктуу мамиледеги эркеги болсо жакшы, ал эми жок болгон шартта эркек туугандары менен жакындаштыруусу керек.
– Ар кандай ийримдерге бергени да туура. Бирок сүрөт же музыка эмес, эркекке тийиштүү болгон спорттук ийримдер ылайык. Ал жерден агайы эң сонун үлгү болуп берет. Ошондой эле ийримден балдар менен таанышат, чөйрөсү да жакшы таасир этет.
– Эне эркек баласы менен кичине кезинен чоң адамдай сүйлөшүүсү шарт. Апасы бийликчил болсо, бала өз алдынча эч нерсе кыла албаган жетеленме болуп чоңоёт. Бойго жеткенде да чечкинсиз болуп, апасынын этегине жашынып, оозун карап турат. Апасынын баласы болуп аялына жакпай жүргөн эркектер дал ушундай тарбиядан чыгышат.
– Баланы атасы жок деп аяп, чектен чыга эркелетүүнүн кереги жок. Эне баланы өз алдынча кылып тарбияласа адашпайт. Бала үйдөгү эркекке таандык болгон жумуштарды, өзүнүн бөлмөсүн жыйнаганды билүүсү шарт. Эркек баланы тарбиялоодогу маанилүү нерсе — ага болгон эненин ишеними. «Сенин колуңдан баары келет», «сен мыктысың» деген сөз атасы жок балага өзүнө ишенүүсүнө жардам берет. Колдон келишинче баланы жумшап үйрөтүү керек, эне балага ишенбей баарын өзү жасай берсе, бала эч нерсе кыла албай калат.
– Баласы менен сүйлөшкөндө эне өзүн алсыз аял катары көрсөткөнү оң. Баланын жанында бардык көйгөйлөрдү чечкен адам эмес, жумшак, назик, мээримдүү эне болуусу керек. Ошондо гана бала энесин аяп, боор тартып, жардам берүүгө, күчтүү, камкор болууга үйрөнүп, апасына жөлөк болот. Керек болсо балага керектүү жерден баштыгыңызды көтөртүп коюңуз, ошондо өзүн күчтүү сезет.
– Эгерде баланын атасы баласы менен катышкысы келсе, эне эч качан каршы болбошу керек. Баланын атасы ичкич эле болбосо, эне башка таарынычтарды унутуп койгону жакшы. Баланы өз атасынын мээриминен, тарбиясынан куру калтырган туура эмес.
– Өзгөчө өткөөл куракта эркек баланы кароо эне үчүн чоң көйгөй. Эне керек болсо баласы менен ачылып сүйлөшө албай калуусу да толук мүмкүн. Андыктан бул куракта аял бир тууган агасын же инисин балага көзөмөлдөтүп койгону эң туура. Эркек киши менен эркек баланын сүйлөшүүсү жеңилирээк болот.
КЫЗ БАЛАНЫ ТАРБИЯЛООДО
Кыз үчүн ата кеңешчи, таяныч, тарбиячынын ролун аткарат. Андыктан ал жашынан эле атага абдан муктаж болуп өсөт. Негизи эле кыздар табиятынан атага жакын болушат. Өзгөчө өткөөл куракта атасы жоктугунан көп жабыркайт. Кыз атасынын жамандыгынан атасыз калган шартта да, аны эркекке каршы тарбиялабоо керек. Болбосо келечекте муздак аял болуп, эркектерден көңүлү калып, бактысыздыкка гана тушугат. Жалгыз калуусу да толук мүмкүн.Эне өзүнүн тагдырын кызы кайталап калбашы үчүн ага атасынын жакшы жактарын айтып, ошол эле учурда ага чыныгы эркектик сапаттарга ээ жигиттин образын түзүп бериши керек. Андай эркектерди адеп-ахлактуу китептерден окуп, тарбиялык мааниси бар тасмалардан көрүүгө болот. Жыйынтыгында кыз келечектеги жолдошун туура тандай алат.Жалгыз бой энелер көп күчүн балдарын багууга жумшап, өзүн унутуп салышат. Мындай камкордук менен бала кийими бүтүн, курсагы ток өсөрү анык. Бирок кызга эне өзүнүн сулуулугу, жарашыктуу жүрүшү, тыкандыгы жана тазалыгы менен да тарбия бериши керек.Балаңыз ата мээримин кимден алат?
Нэна: «БАЛДАРЫМ АТАНЫН МЭЭРИМИНЕН ӨКСҮК ЭМЕС»
— Балдарым таятасына жакын. Биздин үйдө эркек кишилер көп, эки агам бар. Андыктан менде балдарым атанын мээриминен өксүк болуп калат деген ой жок. Алар эркек катары балама үлгү болуп, ошол эле учурда мээримди да толук бере алышат. Эне болсо баланы жалгыз тарбиялаганда ага көп көңүл буруусу керек. Балада атам жок деген сезим болбош үчүн аял эне да, ата да болушу шарт. Албетте, бул нерсе оор, бирок аракет кылса болот. Балдарым өз атасы менен катышышпайт.
Айпери Кубик кызы: «БАЛАМ ҮЙДӨ ХАНЗААДАДАЙ»
— Балама аталык мээримди ашыра берген адам – албетте, өзүмдүн атам. Жеке жашоомдо мага эч ким жардам бербейт, өзүм чуркап иштеп бутума туруп үй алышым керек. Андыктан көпчүлүк учурда үйгө отура албай иште болуп калам. Балам менен көп учурда атам менен апам калат. Аларды балам «ата», «апа» дейт. Атам уулума аталык мээримди ушунчалык берген, балам мени менен уктаса да, эрте менен ойгонуп эле атамдын бөлмөсүнө чуркайт. Атам бир жакка кетсе издеп, келсе чуркап тосуп чыгат. Көптөр: “Атасы жок өсүп калды”, — дей беришет. Мен Кудайга шүгүр кылам, балам үйдө ханзаададай жашайт. Биз балдары болуп туруп анчалык эркелеген эмеспиз, менин балам кыялдарынын баары орундалып жыргал жашоодо жашап атат. Балам аталык мээримге зар эмес. Баламдын атасын жаман дебеймин, ал өзү баласынан кечип койгон, эч качан карабайт.