Бала оорусу тууралуу өзү белги берет

https://kyrgyzcha.site/?p=62287&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Бала оорусу тууралуу өзү белги берет

 

Кичинекей бала кайсы жери ооруп жатканын айта албайт. Балага жардам берүү үчүн аны эмне тынчсыздандырып жатканын өзүңүз баамдап билүүгө тийишсиз. Ал үчүн бала берген белгилерге жакшылап маани бериңиз.

 

 

 

Пример HTML-страницы

Бутун көтөрүп ыйласа…

 

Курсагы ток, алды кургак болсо да, бала тынчсызданып тынымсыз ыйлай берет. Ыйлаганда бутун көтөрүп ичине жакындатууга аракет кылат.

 

Бул эмненин белгиси? Бул, албетте, ич көбүүнүн белгиси. Ич көбүү адатта 2-3 жумалык куракта башталып, 3 айга чейин боло берүүчү көрүнүш. Анын себеби — эмчек эмизген эненин туура эмес тамактарды жеп алышы. Мисалы, уйдун сүтү, кара нан, таттуулар, буурчак өсүмдүктөрү сыяктуу азыктар баланын ичинин көбүшүнө алып келет.

 

Эмне кылуу керек? Эмизген соң баланы 2-3 мүнөт тик абалында көтөрүп туруңуз. Баланы чалкасынан жаткырып, бутун велосипед тээп жаткан сымал айландыруу, көбүрөөк көмкөрөсүнөн жаткыруу ичтин көбүшүнүн алдын алат. Ал эми ичи ооруп ыйлап жаткан баланы массаж кылуу менен тынчтандырсаңыз болот. Ал үчүн үтүктөлгөн жылуу жалаякты ичине басып, сааттын жебеси боюнча айлантып киндигинин айланасына массаж жасаңыз. Укроп суусун же атайын ич көбүүгө каршы каражаттарды ичириңиз.

 

 

 

Кулагын кармалай берсе…

 

Тынбай өзүнүн кулагын өзү чойгулай берет, же тескерисинче, кулагын карматпайт.

 

Бул эмненин белгиси? Адатта бул ортоңку кулактын сезгенишинин белгиси. Балаңызды кулагына бир нерсе кирип кеткен болушу мүмкүн.

 

Эмне кылуу керек? Кулакка байланыштуу көйгөйгө маани бербей коюуга болбойт. Сөзсүз түрдө ЛОРго көрсөтүңүз. Эгерде бир нерсе кирип кеткен болсо, эч качан өз алдыңызча алганга аракет кылбаңыз.

 

 

 

Эринин кымтып алcа…

 

Тамак жебей, суу да ичпей калат, көрүүгө аракет кылганыңызда оозун ачпай эриндерин кымтып алат.

 

Бул эмненин белгиси? Мунун себеби – ооз көңдөйүндөгү оору. Бул оозул же молочницадан улам пайда болгон оору болушу мүмкүн. Мындан улам бала эмчекти соргондо, тамакты чайнаганда, ичкенде ооз көңдөйүндө катуу ооруксунуу болот.

 

Эмне кылуу керек? Сезгенүү жаңы башталган учурда үй шартында дарылоого мүмкүн. Эгер ал өтүшүп, андан улам баланын дене табы көтөрүлүп кеткен болсо педиатрга кайрылып, ал жазып берген дары-дармектерди гана бериңиз.

 

 

 

Катуу тердесе…

 

Айрыкча ээмп жаткан учурда, түндө башынын арткы бөлүгү тердейт.

 

Бул эмненин белгиси? Албетте, бул D витамининин жетишсиздигин билдирет. Ал өз кезегинде рахитке алып барат. Көп тердөөнүн дагы бир себеби – баланы калың кийинтүү.

 

Эмне кылуу керек? Педиатр менен кеңешиңиз. D витамининин дозасын өз алдыңызча көбөйтүүгө болбойт, анткени анын ашыкчалыгы да организмге кооптуулук жаратат. Бала жаткан бөлмөнүн температурасы 20°С болуш керек экенин унутпаңыз.

 

 

 

Колун оозуна сала берсе…

 

Колун оозуна сала бергенди адат кылып алгандан тышкары шилекейи көп куюлуп, бүйлөлөрү кызарып калат.

 

Бул эмненин белгиси? Бул белгилер балаңызга тиш чыгып жатканын билдирет.

 

Эмне кылуу керек? Атайын тиштөөчү каражаттарды муздаткычка салып бир аз муздатып, анан балаңызга бериңиз. Ошондой эле тиш чыгуу учурундагы ооруну жеңилдетүүчү атайын гелдер («Дентол бэби», «Бэби дент») бар. Ошого карабай балага тиш чыгып жаткан учурда дене табы көтөрүлөрүн унутпаңыз. Анткени бул маалда организмдин коргоочу күчү алсырайт.

 

 

 

Бети кызарып кетсе…

 

Баланын бетинде кыпкызыл тактар пайда болот.

 

Бул эмненин белгиси? Бул тамак-аш аллергиясы болушу мүмкүн. Аны адатта сүт азыктары, кызыл түстүү жашылча-жемиштер, курамында жасалма жыт бергичтер, боёктор, кошулмалар бар азыктар чакырат. Кошумча белгилер: кулактын артындагы, чыканактагы жана тизедеги теринин кургап, шуудурап кетиши.

 

Эмне кылуу керек? Эгерде балага жакпаган жогорудагы азыктардын бирин жеп алган болсоңуз, тезинен токтотуңуз. Ага да болбосо педиатрга кайрылыңыз.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️