БАЛА ООРУСА, БИРИНЧИ АТА-ЭНЕСИН ДААРЫЛАШ КЕРЕК!!!
(ЭСКЕРТҮҮ, БУЛ МЕНИН ОЮМДАН ЧЫГАРЫЛГАН ТЕОРИЯ ЭМЕС, ПСИХОЛОГ ЖАНА ЭЗОТЕРИКТЕРДИН АЙТКАНДАРЫ)
Бала эненин жатынына кирип, уруктанган күндөн баштап, 12 жашка чейин жоопкерчиликти толугу менен ата-энеси өз мойнуна алат.
Анткени ал физикалык жактан, моралдык жактан ата-энеге баш ийгендиктен, алардын кароосунда чоңоёт.
12 жашка чейин акыл-эси толук жетилбесе да ата-энесинин мээримин, алардын уруш-талаштарын, апасынын психикалык жактан жабыркап жатканын, кала берсе күн сайын апасы кандай сөздөрдү айтып, эмне жөнүндө ойлонуп жаткандыгын баласы ички туюму менен сезип турат.
Кээде бала шоктонуп же тентектик кылып койсо ата-энелер тыйуу салып, жулкулдатып, урушуп, жаман сөздөр менен тилдешет.
Ал эми ооруп калса башы-көзү менен тең айланып, эркелетип, үлгүрө түшүшөт.
Мына ошол замат баланын мээсине сигнал барат. «Демек менин ден-соолугум соо кезинде жакпайм, ооруп калсам гана жакшы көрүшөт экен»,- деп.
Бул темада жаза берсек аябай көп сырлар көп катылган.
https://www.youtube.com/channel/UCU1LNWiRu7SJObq7W-tUqXA
Кандай гана учур болбосун үй-бүлөө куруп, балалуу болгондон кийин, ЭРКЕК АЯЛЫ үчүн, АЯЛ балдары үчүн жоопкерчиликтүү болуш керек.
Эгерде эркек аялына жакшы мамиле көрсөтпөй, ыйлатып турса, анда аял ошол бузулган энергиясын балдарына жөнөтөт.
Жыйынтыгында үй-бүлөөдө ынтымак, чыр-чатак чыгып, анын негизинде психикалык жактан жабыркаган, оорукчан, алсыз, ден-соолугу начар, акылы тайкы, неудачник, сабакты жакшы окуй албаган дагы толгон токой жаман негативдин курчоосунда бала чоңоёт.
Бирок ата-эне баласынын бул жоругун түшүнбөй башкалардын балдарына салыштырып, өз баласын кемсинтүүнү күндөн-күнгө күчөйтө берет.
Мындай учурда биринчи кезекте ата-эне өздөрүн оңдоп, өздөрүн даарылап, психикаларын калыбына келтирүү керек.
Эгерде ЭРКЕК АЯЛына камкордук кылып, аны ар бир ишке жемелеп, сын тага бербесн, аялдын аракети менен бүт бардык терс көрүнүштөр өз ордуна түшүп, көйгөйлөр өзүнөн өзү чечилип калат.
Анткени АЯЛдын табиятын Кудай өзгөчө күчтүү, эрктүү, таза кылып жараткан.
Бала эненин ичинде 9 ай жатып, энесинин бүт 90% окшотугун өзүнө өткөрүп алат. Кош бойлуу кезинде аялдын психологиясына таасир берчүү көрүнүштөр болуп, бат-баттан эмоцияга алдыра берсе, аялдын организми алсызданып, тынбай ооруй берет.
Ооруну басуу үчүн ар түрлүү даарыларды кабыл алып баштайт.
Организмди ар түрдүү химиялык препараттар менен ууландыруунун кажети жок.
Болгону жылуу сөздөрдү айтып, жагымдуу маанай тартуулап койсоңуз аялдын организмине бактылуулуктун сигналы барып өзүн күндөн күнгө жакшы сезе баштайт.
Ал эми бала бир аз температура болсо деле дары берип, кайра иммунитетин талкалап салганыбызды билбесек деле керек.
Даары иштеп чыгаргандарга баланыздын ден-соолугу эмес, акчаныз гана кызыктырат.
Демек бардык көйгөйлөр келип эле АЯЛдын абалына, анын ички руханий кыйналгандыгына келип такалып жатат.
Ишенбесеңиз бул көнүгүүнү аткарып көрүңүз. Күн сайын аялыңызды кубантып, ортодогу сүйүү отун жандандырып, мамилелерди өзгөртүүгө аракет кылып көрүңүз. Анан балдарыңыздын кандай ден-соолугу чың, акылдуу, гений болуп чыгарына күбө болосуз.
Өмүр азап тартуу үчүн берилген эмес. Ал сүйүү үчүн берилген.❤❤❤❤