Бактылуу кылуучу 10 сыр же бактыны бузуучу 5 ыкма

https://kyrgyzcha.site/?p=54769&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Бактылуу кылуучу 10 сыр же бактыны бузуучу 5 ыкма

 

Жашоодо көп үй-бүлөлөр психологдун кеңешин, дос-курбунун тажрыйбасын, ата-эненин насаатын эске албай, өздөрү кетирген каталарды гана оңдоп жашоого көнүп калышкан. Буга байланыштуу, адистер никени ыдыратып жиберүүдөн коргоп туруучу жагдайларга көңүл бурдуруудан тажашпайт. Ага ылайык, биз дагы сиздерди бактылуу кылуучу сырларга же сиздердин бактыны бузуучу ыкмаларга токтолууну чечтик.

 

Бактылуу кылуучу 10 сыр

 

1. Карьерабы же үй-бүлөбү? Каржылык жетишпестик өкүм сүрүп турганда үйдө жубай менен пикир келишпестик күчөйт. Мындайда очоктун отун өчүрбөй калууга көбүрөөк акча таап турган аялдын салымы зор болуп калышы мүмкүн. Ошентсе да кесипти, карьераны үй-бүлө менен сүйүктүүдөн жогору коюп албоо керек. Ага караганда, үй-бүлө менен карьераны айкалыштырып кетүү жеңиш болот.

 

2. Үй-бүлөлүк келишпестиктер. Эгер келишпестик болуп кетсе, алгач сиздин күнөөңүз кайсы жана жолдошуңуздун күнөөсү кайсы деп ойлонуп көрүңүз. Албетте, бардык күнөөнү ага жапшыра коюу жеңил, бирок, бул жакшы эмес. Ошол эле маалда канчалык жиниңиз келсе дагы жолдошуңузга билгизбөөгө аракет кылыңыз.

 

3. Сүйүктүүм – эң мыктым! Дайыма сүйүктүү адамыңыздын жакшы жактарын издей жүрүңүз: жагымдуу сапаттарын, ачылган жана катылган таланттарын, мүнөзүнүн бышыктыгын жана сырткы келбетинин татынакайлыгын. Минтип ага баа берип туруу менен анын күн сайын жакшырышына себепчи болосуз.

 

4. Көтөрмөлөңүз. Таарынуунун, сындоонун жана сүйлөнө берүүнүн убактысы бүттү. Атүгүл себептер жаралса дагы буларга жол бербөө керек. Анткени, жубайыңыздын жумушта деле көйгөйлөрү жетиштүү, ага кошумча болуп анын жашоосун оорлотпоңуз. Ага караганда, биринчи жолугушууну эске салып, убакытты жакшы күндөргө кайрылуу менен өткөрүүгө аракет кылыңыз.

 

5. Жалпы балдар. Балдарга атасын сүйүп өскүдөй тарбия бериңиз. Жолдошуңуз менен балдарга болгон сүйүүлөрдү салыштырбоо керек. Себеби, балдар жалпы экөөңүздөргө тиешелүү. Анын ордуна пейилди кенен коюп, сүйүктүү адамдын ата-энесин сүйүүгө аракет кылган жакшы. Сиздин бул кең пейилдүүлүгүңүздү жубайыңыз көз жаздымда калтырбайт.

 

6. Чечим кабылдоодо. Маанилүү деп эсептелген маселелерде чечимди жалгыз кабылдоодон алыс болгон жакшы. Тескерисинче, мындайда сөзсүз жолдошуңуз менен кеңешиңиз. Ал буга чейин эч бир маселеге тескери жооп айтпаган болсо дагы анын ишениминен чыгып калбоо үчүн жалгыз чечим чыгаруу кажет эмес.

 

7. Мен сени сүйөм! Жашоодо “мен сени сүйөм” деген билдирүүдөн жылуу сөз барбы? Албетте, жок. Анда эмне себептен коомдо ар бир адам бул билдирүүнү айтуудан айбыгышат? Себеби, муну сүйүктүүгө гана айтуу керек. Анан да ал сиздин жалгыз эмес экениңизди сездирип турат.

 

8. Карыздар кылбоо керек. Эч убакта жана эч кандай жагдайда жолдошту өзүңүзгө карыздар кылбаңыз. Сиздер буга чейин кандай сезимдерди кечирген, кандай сөздөрдү айтышкан, кандай күндөрдү өткөргөн жана кандай белектерди беришкен жоксуздар. Бирок, мунун артында бири-бириңерге ыраазычылык билдирүүгө милдеттүү эмессиздер. Мындан ары дагы бул мамилени баалай билген жакшы.

 

9. Үй сүйүү менен кооз. Күнүмдүк жашоону дайыма көйгөйлөр жана жүрөктү ооруткан жагдайлар жандап жүрөт эмеспи. Ошон үчүн мындай жагымсыздыктардын баарын сүйүү менен бөгөгөн жакшы. “Муну кандайча жасаса болот?” деген суроого үйгө жубайыңыз менен, балдарыңыз менен, жакындар менен түшкөн сүрөттөрдү коюу жолу менен деп жооп берсе болот.

 

10. Башка тууралуу ооз ачпоо. Сүйүктүү адамга баш байлагандан кийин өткөндөбү, жакындабы же учурдабы, айтор, сизге жакшы мамиле жасаган адам тууралуу ооз ачпаган дурус. Бул жолдоштун сизге карата көңүлүн суутуп, ишеничин жууп коюшу ыктымал.

 

 

 

Бактыны бузуучу 5 ыкма

 

1. Чексиз кызганыч. Бири-бирин катуу сүйгөн жубайларды ажыратууга эң биринчи коркунуч жараткан нерсе – бул кызганыч. Өздөрүнүн кызганычтары менен алар бири-бирине болгон ишенимдерин жана сүйүүлөрүн ууландырышат. А кызганычтын чегин билүү – бул тескерисинче, мамилени бекемдейт. Себеп дегенде “кызгануу – бул сүйүү” деп бекер айтылган эмес да. Ошондуктан, анын чегинен ашып кетпеген жана кызганыч үй-бүлөнү бузуучу мүнөзгө жетпеген жагдайда жашоо дурус.

 

2. Жыныстык катнаш. Жолдошуңуз белекке шакек сатып берди дейли. Буга алаксып кетип сиз төшөк мамилеси тууралуу бир жума унутуп коюуңуз мүмкүн. Же тескерисинче, сүйүктүүңүз курбуңузга жакшы комплимент жасап койду. Анда деле сиз ага таарынып, бир нече күн тескери карап жатасыз. Башында бул натыйжа бериши мүмкүн. Бирок, эртедир-кечтир ал адам мындай мамиледен тажайт жана сизге салыштырмалуу эмоциялуу, сезимтал жана чынчыл өнөктөш таап алуусу ыктымал.

 

3. Эби жок сындоо. Орду менен айтылган сын сүйүктүү адамыңыздын өзүн-өзү өздөштүрүүсүнө сарпталышы мүмкүн. Бирок, чегинен ашыкча жана эби жок сындар андай натыйжа бербейт. Буларга “байпагыңды туура эмес жерге койдуң”, “мага көңүл бурбай калдың”, “мени өтө көп көзөмөлгө аласың”, “көп иштейсиң”, “аз иштейсиң”, “акчаны үнөмдүү колдонбойсуң” деген сыяктуу сын салуулар кирет. Негизи сын үчүн себепти дайыма тапса болот. Бирок, андай учурда атүгүл идеалдуу күйөө да аялдын уу тилинен улам бузулуп калышы мүмкүн.

 

4. Ашыкча көзөмөл. Өтө көп көзөмөл, эмоция, сүйлөнүү жана ушул сыяктуулар. Булар сүйүктүү адамдын жашоосуна ашыкча кийлигишүү болуп саналат жана айым күткөн жыйынтыкты бербейт. Эгер күйөөсү менен түбөлүк бактылуу болууну кааласа, анда анын ар бир кадамын көзөмөлгө албаш керек. Себеби, үй-бүлө болгондо деле сизге жана ага тиешелүү жеке мейкиндик деген болот. Мында сиз өзүңүздүкүн аттап, аныкына кийлигишүүгө укуксуз.

 

5. Эркке каршы. Жекшемби күнү жолдошуңуз сиз менен дүкөн кыдыруудан баш тартты дейли. Болбосо бул дем алышта ал сиз менен эжеңиздикине конокко барууга каршы. Мындай жагдайларда сиз өз максатыңызга жетүү үчүн көз жашы кылып, таарынып калууңуз мүмкүн да. Бирок, жакшысы ошого жол бербөө керек. Себеп дегенде бул дагы анын жеке мейкиндигине кол салуу болуп саналып, футбол көрүүгө, үйдө эс алып жатууга же балдары менен болууга болгон каалоосун чектөө болуп саналат.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️