Кырт, кырт… Ооба, баарыбыз бадыраңды жакшы көрүп кыртылдатып жейбиз. Бирок анын кайдан келгенин, адамга кандай пайдасы бар экенин баарыбыз эле биле бербесек керек.
Бадыраң кайдан келген?
Бадыраңдын түпкү мекени болуп Индия эсептелет. Бул жашылча адамзатка мындан 6000 жыл илгери эле белгилүү болгон. Бүгүнкү күндө бадыраңдын ар кандай сорттору тамак-аш катары жана атайын кооздук үчүн Жер шарынын дээрлик бардык чөлкөмүндө өстүрүлүп келет.
Кыргызстанда бадыраңдын “Голланддык”, “Алтай”, “Маргелан” жана башка сорттору кеңири өстүрүлөт. Бадыраңды өтө бышып, саргайып кеткенге жеткирбей, мүмкүн болушунча күн сайын жыйнап туруу керек. Жаңы бадыраңды үйдө 2 суткага чейин, ал эми 1 градус температурада 20 күнгө чейин сактоого мүмкүн. Бадыраңды алма менен чогуу сактоого болбойт.
Жашыл “дарыгер”
Бадыраңдын курамы 95-98 пайыз суудан тургандыктан, заара кубалоочу касиетке ээ. Ал бөйрөк, боор жана башка ички органдарды тазалоо үчүн пайдалуу. Ошондой эле жалпы организмди токсиндерден (уулардан) тазалайт. Ал организмге тамак-аш аркылуу түшкөн көмүртектин өлчөмүн калыпка салат. Демек, денеге ашыкча майдын топтолушунун алдын алат. Бадыраң калийге, магнийге, кальцийге бай болгондуктан, бөйрөктүн, жүрөктүн жана муундардын иштөөсүн жакшыртат. Организмдеги кислота-щелочтук тең салмактуулукту кармап, ар кандай оорулардын алдын алат. Бадыраңдын курамындагы кремний менен күкүрт клеткаларды бекемдеп, бойдун өсүшүн, чачтын бекемдигин, теринин сапатын, өңүн жакшыртат. Мындан тышкары аталган жашылча дене табын түшүрүүдө жана күйүктү дарылоодо кеңири пайдаланылат.
Бадыраң гастрит, ашказан жарасы барларга сунушталбайт.
Бадыраң-табигый “косметолог”
Бадыраң беттеги сепкилдерди кетирүүчү, бырыштарды жазуучу, агартуучу жана теридеги тешиктерди тарытуучу касиетке ээ.
Кургак бет үчүн маска: 1 аш кашык кулпунай жана бадыраң боткосуна 1 чай кашык каймак кошуп бетиңизге жабыңыз. Масканы 10-15 мүнөт кармаган соң жылуу суу менен жууп саласыз. Кулпунайдын ордуна дан куурай же өрүктү колдонсоңуз да болот.
Калыптагыдай териге: Бадыраң маңызын ошол эле өлчөмдөгү кайнак суу менен аралаштырып, атайын идишке куюп, муздаткычта тоңдуруп аласыз. Күнүгө эртең менен бул муз менен бетиңизди сүртүңүз. Бул бетти тазалайт жана агартат.
Майлуу жана бырыш баскан бет үчүн маска: Кабыгы аарчылган бадыраңды кыргычтын майда тишинен өткөрөсүз. Пайда болгон боткодон 1 чоң кашык алып, ага 1 чоң кашык чалынган жумуртканын агын кошосуз. Бул аралашманы бетиңизге 15-20 мүнөт коёсуз да, муздак суу менен жууп саласыз.
Бадыраң лосьону:
3 бадыраңдын кабыгын майдалап, үстүнө 100 грамм арак куюп коёсуз. Бул маңыз жашыл түскө айлана баштаганда бетиңизге лосьон катары сүртсөңүз, сепкилдерден, тактардан арылууга жакшы жардам берет. Кургак терилүү беттерге колдонордо маңызга 2 аш кашык кайнатылган суу жана 1 чай кашык глицерин кошуу талапка ылайык.
Кызыктуу
Дүйнөдөгү эң чоң бадыраң Улуу Британияда өстүрүлгөн. Анын узундугу 1 метр 20 сантиметрди түзгөн.
Тынч океандын аралдарында абориген жигиттер бадыраңды банандын жалбырактарына ороп, жерге көмүп сакташат. Кыздар болочок күйөөлөрүн анын запастагы бадыраңынын санына карап тандашат.
Клеопатра сулуулугу үчүн күнүмдүк рационунан бадыраңды үзбөгөнүн айтып өткөн.