Азыктарды туура сактай билиңиз
Тамак-аштын даамы жана пайдалуулугу анын туура сакталышынан көз каранды. Андыктан ар бир кожойке кайсы азык кандай сакталаарын жаңылбай билүүгө тийиш.
Бүгүнкү күндө ар бир үйдө муздаткыч бар. Биз муздаткычка салган азыктар таза болууга тийиш жана азыктар салынган идиштин үстү сөзсүз түрдө жабык болуш керек.
Бышкан даяр тамактар чийки тамактардан алысыраак, өзүнчө турууга тийиш. Бул гигиенанын негизги талабы.
Чийки этти муздаткычтын эң жогорку текчесине же болбосо пакетке салып, тоңдургучка коюу керек. Мүмкүн болсо этти бөлүктөргө бөлүп, ар бир пакетке бир порциядан салыңыз. Анткени эгер бөлбөй эле салып койсоңуз тамак жасаарда баарын эритип, керектүүсүн алган соң калганын кайрадан тоңдургучка саласыз. А эки жолу эритилген азык пайдалуулугун жоготот.
Сүт азыктарын муздаткычтын тоңдургучуна сактоого болбойт, анткени алар тоңгондо сапаты начарлайт.
Муздаткычта турган шорпонун 3-4 күнгө чейин сапаты бузулбайт.
Ачык консерваларды ошол калай идиши менен сактап коюуга болбойт. Аны дароо айнек банкага же эмаль идишке оодарып алыңыз да, үстүн жабыңыз жана 24 сааттан ашык сактабаңыз.
Сырды, каймак майды, маргаринди муздаткычта бир жума сактоого болот. Сметананы — 3 сутка, фаршты — 6 сааттан ашык эмес, кайнатылган этти — 36 саат, балыкты — 24 саат, куурулган балыкты — 48 сааттан ашык эмес, салаттарды — 12 саат, кайнатылган колбасаны — 48 сааттан ашык эмес, а ышталган колбасаны 12 гана саатка чейин сактаса болот.
Нанды полиэтилен пакетине сактоого болот, бирок, 2 күндөн көп эмес.
Туз нымдалышып калбаш үчүн туз салынган банкага чүпүрөккө оролгон крахмал салып коюңуз. Крахмал нымды өзүнө сиңирип алат.
Бадыраң менен редисканын 8-10 күн жаңы боюнча тура берүүсүн кааласаңыз, эмаль идишке муздак суу куюп, ошого салып коюңуз. Суусун 2-3 күндө бир алмаштырыңыз.
Помидор муздаткычтын төмөнкү чөнтөгүндө 7 күн, бадыраң 4-5 күн сакталат.
Укроп, петрушка үстү жабык кургак мискейде же банкада сакталса, бир нече күнгө чейин жаңы бойдон тура берет. Ал эми соолуп бараткан көк чөптөрдү уксус кошулган муздак сууга 1-2 саат салып койсоңуз калыбына келет.