АЯЛДАРДЫН ЖЫНЫС МУЧОСУНОН ЧЫККАН СУЮКТУК (ВЫДЕЛЕНИЯ) ЭМНЕДЕН ПАЙДА БОЛОТ?

https://kyrgyzcha.site/?p=50882&preview=true Пайдалуу кеңештер.

АЯЛДАРДЫН ЖЫНЫС МУЧОСУНОН ЧЫККАН СУЮКТУК (ВЫДЕЛЕНИЯ) ЭМНЕДЕН ПАЙДА БОЛОТ?

Аялдардын жыныс мүчөсүнөн бөлүнүп чыккан суюктук айыз келерге бир же эки жыл калганда башталат да, аял климакс болуп, айызы биротоло токтогондо кошо токтойт. Бул суюктук аялдын өзүн жакшы сезүүсүнө тоскоол болуп, ич кийимин тез-тез алмаштырып туруусуна мажбур кылат. Анын белгилүү бир нормасы жок – ал жаш курактан жана аялдын физиологиясынан көз каранды. Айрым учурда жыныстык мүчөдөн бөлүнүп чыккан суюктук кайсы бир гинекологиялык оорунун белгиси болуп саналат.

 

 

 

Кадыресе деп эсептелинген суюктук кандай болот?

Пример HTML-страницы

 

Бөлүнүп чыккан суюктук тазалоодо, нымдоодо, жыныстык мүчөнү зыяндуу бактериялардан коргоодо кызмат кылат. Суюктук менен кошо жыныстык мүчөдөгү өлгөн клеткалар сыртка чыгат. Мындай учурда суюктук тунук же агыш түстүү жана жытсыз болот. Ошондой эле кадыресе көрүнүш деп эсептелинген суюктук – коюу эмес, илешчээк. Ал жыныстык мүчөнүн дүүлүгүп кычышуусун чакырбайт. Бөлүнүп чыккан суюктуктун көлөмү, түсү жана коюулугу айыздык циклден, стресстен, сексуалдык дүүлүгүүдөн, дары-дармек кабыл алуудан, бойго бүтүрбөөчү каражаттардан, кош бойлуулуктан жана эмчек эмизүүдөн көз каранды болуп, өзгөрүп турат. Мунун баары кадимки көрүнүш.

 

Кезектеги айыздын келерине 14 күн калганда суюктуктун көлөмү болжол менен 30 эсеге көбөйөт, мурункудан да жабышчаак болуш өзгөрөт.

 

Айыз бүтөрдө коюулана баштайт.

 

Эгерде аялдын эмчектеги баласы болсо же сексуалдык жактан дүүлүгүү абалында болсо, суюктук көп бөлүнүп чыга баштайт.

 

Суюктуктун жыты кош бойлуу кезде же аял өздүк гигиенаны сактабаган учурда өзгөрөт.

 

Айыз бүткөндөн кийин бир нече күнгө чейин суюктуктун түсү күңүрт же күрөң түскө өтөт.

 

 

 

Жыныстык мүчөнү ооруга чалдыктырбоонун негизги эрежелери:

 

– Өздүк гигиенаны сактоо

 

– Пахтадан жасалган ич кийим кийүү

 

– Тар кийимден жана ич кийимден баш тартуу

 

– Туура тамактануу

 

– Кумшекерди азыраак колдонуу

 

– Йогуртту мүмкүн болушунча көбүрөөк колдонуу

 

– Коопсуз секс

 

– Жыныстык мүчө үчүн чыгарылган дезодоранттарды, спрейлерди колдонуудан баш тартуу

 

– Жагымдуу жыты менен чыгарылган даарат кагаздарын колдонуудан баш тартуу.

 

– Суу купальникти көп кийбөө

 

– Таза жуулган кол менен жыныстык мүчөнү бир күндө эки жолудан кем эмес жууп туруу

 

– Мочалканы жыныстык мүчөгө колдонбоо

 

– Сүлгүнү башкалар менен чогуу эмес, жалгыз колдонуу

 

– Прокладканы суткасына 4-5 жолу, ал эми тампонду 3-4 саат сайын алмаштыруу

 

– Айыз учурунда төшөк оюнунан баш тартуу

 

– Жыныстык мүчө үчүн мүмкүн болушунча самын колдонбой, атайын интимдик гигиена үчүн каражаттарды колдонуу

 

 

 

Кадыресе эмес деп эсептелинген суюктук кандай болот?

 

Кадыресе эмес суюктук жатын моюнчасында жана жыныстык мүчөдө жашаган бактериялардын нормасынан көбөйүп кеткенинен кабар берет. Бактериялардын тең салмактуулугунун бузулушу суюктуктун көлөмүнүн, жытынын, түсүнүн өзгөрүшүнө, а түгүл, кычышууга чейин алып келет. Бул инфекциядан кабар берет.

 

Кадыресе эмес суюктуктун себептери ар кандай болушу мүмкүн:

 

1. Бактериалдык вагиноз — жыныстык мүчөдө жашаган бактериялардын нормасынан ашып кетишинен пайда болгон оору.

 

Белгилери. Бөлүнүп чыккан ак же боз суюктуктун жагымсыз жыты менен келиши, бир аз оорутуу, заара кылуу убагында кычышуу.

 

Себеби. Сексуалдык өнөктөштөрдүн көп болушунан же душка түшүүдө инфекция жугат. Бактериалдык вагиноздон бардык аялдар, а түгүл, кыздык белгиси барлар да жабыркашы мүмкүн.

 

Эмнеге алып келет? Убагында токтотулбаган бактериалдык вагиноз өтүшүп, гинекологиялык оорулардын татаалыраак түрлөрү пайда болот. Ал эми кош бойлуу кездеги бактериалдык вагиноз баланын маалына жетпей же аз салмакта төрөлүп калышына алып келет.

 

Дарылоо. Бардык аялдарды бирдей антибиотиктердин жардамы менен дарылашат.

 

Алдын алуу. Сексуалдык жашоону иретке салуу, тазалыкты сактоо.

 

 

 

2. Молочница (вагиналдык кандидоз) – көптөгөн грибок инфекцияларынын бири. Бул бактерия таза жыныстык мүчөдө өтө аз санда жашайт, анын көбөйүп кетиши молочницаны пайда кылат.

 

Белгилери. Бөлүнүп чыккан суюктуктун быштак сымал ак болушу, катуу кычышуу, заара кылуу учурунда жана андан кийин оорунун сезилиши. Ал эми жытта өзгөрүү байкалбайт.

 

Себеби. Антибиотиктерди көп кабыл алуу, иммунитеттин алсыздыгы, бойго бүтүрбөөчү каражаттарды көп колдонуу, гормоналдык өзгөрүү. Мындан тышкары диабеттен, ашыкча салмактан жабыркаган аялдар жана кош бойлуу аялдар да бул ооруга көп туш болушат.

 

Эмнеге алып келет? Ден соолук жаатында жаралган башка оорулардын себепкери болот.

 

Дарылоо. Молочницаны дарылоодо дарыгер грибокко каршы медициналык каражаттарды, мазь, таблеткаларды жазып берет. Эгерде дарылоо курсу бүткөндөн кийин инфекция дароо эле кайра башталса же дарылоо таасир бербесе, анда бул ВИЧ коркунучунан кабар берет.

 

Алдын алуу. Кандагы канттын деңгээлин көзөмөлдөп туруу, өздүк гигиенаны сактоо, ыңгайлуу, денени кыспаган ич кийим кийүү.

 

 

 

3. Атрофикалык вагинит – эстроген гормонунун деңгээли түшүп кетүүдөн келип чыккан гинекологиялык оору. Адатта бул ооруга аялдар климакс учурунда туш болушат. Бирок климакс курагына чейин да пайда болушу мүмкүн.

 

Белгилери. Жыныстык мүчөнүн кургак болушу, кычышуу, суюктуктун сары түскө өтүшү, кээде кан аралаш келиши. Мындан тышкары атрофикалык вагинит иштөөгө мүмкүнчүлүк бербеген тез-тез заара кылуу менен коштолот.

 

Себеби. Хирургиялык жол менен жумурткалыктарды алдыруу, эмчектин рак оорусун, тукумсуздукту, миоманы дарылоодо гормоналдык жана медициналык дары-дармектерди кабыл алуу. Стресс, депрессия, организмге физикалык жактан күч келтирүү да эстрогендин деңгээлинин түшүп кетишине алып келет. Жаңы төрөгөн же эмчек эмизген аялдар да бул ооруга туш болушу мүмкүн, анткени бул учурда эстрогендин деңгээли түшөт.

 

Дарылоо. Атрофикалык вагинитти дарылоонун эң натыйжалуу ыкмасы болуп эстроген кошулган кремдерди, гелдерди колдонуу эсептелинет.

 

Алдын алуу. Өздүк гигиенаны сактоо, ар кандай интимдик спрейлерди, гелдерди, бойго бүтүрбөөчү каражаттарды колдонбоо.

 

 

 

4. Жатын моюнчасынын же жыныстык мүчөнүн рагы — кадыресе эмес деп эсептелинген суюктуктун себеби болгон чанда кездешүүчү гинекологиялык оору. Жыныстык мүчөнүн рагы – жыныс мүчөнүн былжырлуу челиндеги залалдуу шишик.

 

Белгилери. Жагымсыз жыты менен тынымсыз келген суюктук, заара кылуудагы кыйналуу жана оорутуу, жыныс мүчөнүн айланасындагы оорутуунун сезилиши.

 

Себеби. Гормоналдык дары-дармектерди кабыл алуу.

 

Дарылоо. Жатын моюнчасынын же жыныстык мүчөнүн рагын дарылоодо көптөгөн ыкмалар колдонулат. Дарылоо рактын стадиясынан, шишиктин көлөмүнөн жана формасынан көз каранды. Негизги ыкмалары – операция, химиотерапия, нур терапиясы болуп эсептелинет.

 

Алдын алуу. Сексуалдык өнөктөштөрдүн санын азайтуу, маал-маалы менен гинекологго көрүнүп туруу.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️