АЯЛДАР ЭРКЕККЕ КАРАГАНДА КӨБҮРӨӨК УКТАШ КЕРЕК ЭКЕНИНИН 3 ДАЛИЛИН ОКУМУШТУЛАР КӨРСӨТТҮ

https://kyrgyzcha.site/?p=66272&preview=true Пайдалуу кеңештер.

АЯЛДАР ЭРКЕККЕ КАРАГАНДА КӨБҮРӨӨК УКТАШ КЕРЕК ЭКЕНИНИН 3 ДАЛИЛИН ОКУМУШТУЛАР КӨРСӨТТҮ

 

Аялдар, сүйгөнү менен өткөргөн уйкусуз түндөн кийин, өнөгүнө караганда чарчаңкы болот. Эгер экөө тең бирдей уктабаса, анда эркеги деле уйкусурап, өзүн чарчаңкы сезиш керек да. Жок, андай эмес!

 

Бул суроого окумуштуулар жооп бергенге аракет кылып, бир нече изилдөө өткөрүшкөн. Жыйынтыгында негизги бир нече себебин ачышты, ошолор тууралуу азыр сөз болот.

 

 

 

 

№1-себеп

 

Бир жыл мурун англия окумуштуулары аялдын мээ түзүлүшү тууралуу кызыктуу фактты ачышты. Көрсө, аялдын мээсиндеги нейрондук байланыштардын түзүлүшү эркектикине караганда татаалыраак болот экен. Ошондуктан аял бир эле учурда бир нече ишти же кыймылды аткара алат, ал болсо өз учурунда көп энергияны коротууга дуушар кылат. Ошондуктан, адистер аялдардын ал-күчүн калыбына келтирүү үчүн 20 мүнөт ашыгыраак укташ керек дешет.

 

 

№2-себеп

 

Ошол эле окумуштуулар, уйкунун канбашы аялдарды депрессияга, жаман маанайга, түнттүккө, ачуулукка ж.б. алып келет деп ишендиришет. Эркекке караганда аялдын нерв системасы сезимтал болот. Ошондой эле, начар уйку кандын уюмалыгына терс таасир тийгизет, ал өз учурунда тамырлардын бүтөлүшүнө алып келет.

 

 

№3-себеп

 

Планка Институтунун окумуштуулары эксперимент өткөрүшүп, 160 бойго жеткен адамдардын уйку моделин, уйкунун акыл-эске тийгизген таасирин билүү максатында изилдешкен. Ошону менен катар, окумуштуулар жай уйку фазасын да изилдешкен. Уйкунун мындай фазасында көп убакытта болгондордун IQ көрсөткүчү жогору болуп чыкты. Бул фазаны эркектерде байкоо учурунда, мындай көрсөткүч байкалган жок.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️