Аягына чейин окуңуз, өтө пайдалуу кеңеш экен!

https://kyrgyzcha.site/?p=41643&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Аягына чейин окуңуз, өтө пайдалуу кеңеш экен!

 

МАЙДЫН ПАЙДАСЫ

 

Тамактануучу жайларга кирсеңиз, аштизмеден тамак карап жаткандардын көбү майсыз тамак жегенге аракет кылганын байкайсыз. Жадагалса көчмөндөрдүн тукуму болгон кыргыздардын кээ бири “холестерин” деген шылтоо менен мал-жандыктардын майы кошулган тамактарды жебейт же жей албайт. Анткени кичинебизден балдарга “майда холестерин көп,ал ден соолукка зыян” деген түшүнүк орноп калган. Болбосо заманбап медицина жана диетология жаныбарлардын майы организмге керектүү азык экендигин тастыктап жатат. Дал ошол уйдун,койдун,жылкынын, төөнүн жана башка жаныбарлардын майы пайдалуу экендигин кээ бир “адистер” бизден атайын жашырып келишкен. Келиңиздер сиздер менен Курани-Каримдеги аль-Анам сүрөсүнүн 146 аятына назар салып көрөлү: *Жана Биз жөөттөргө бардык (ай) туяктууларды арам кылган элек. Ал эми, уй-койлордон болсо, аларга жонундагы, ичегилериндеги майларынан башка майларын арам кылган болчубуз. Бул алардын зулум кылганы үчүн биздин жазабыз. Чындыгында Биз-Акыйкатчылбыз!*

Жараткан Аллах мусулмандарга өлүмтүк,чочко жана зыяндуу азыктардан башка тамактын бардык түрүн адал кылган. Ошол эле учурда биздин ден соолугубузду зыяндуу жана нажас(ыплас) нерселерден оолак кылуу үчүн кээ бир тамактарды жегенге тыюу салган. Ал эми Китеп ээлерине (христиан жана иудейлер) болсо, жаза иретинде кээ бир адал болгон азыктарды да колдонууга тыюу салып, алар үчүн арам кылган. Анткени алар баш ийбестик сапаты менен мындай жазага ылайыктуу эле. Жыйынтыгында жөөттөр төөнүн жана кээ бир башка жаныбарлардын этин жей албай турган абал жаралган. Ошондой эле Аллах Таала жөөттөрдүн чектен ашкандыгы жана зулумдугу үчүн аларга ошол жаныбарлардын майын да арам кылган.

Адам баласынын организми үчүн май канчалык мааниге ээ? Эмне үчүн Жараткан Аллах дал ушул майды арам кылуу аркылуу жөөттөрдү жазалаган? Негизи майда кандай пайда бар? Холестериндин курамы жалаң гана майдан турат жана дал ошол май холестериндин өлчөмүн көбөйтөт деген сөз канчалык туура?

Саудия падышачылыгындагы “Амир Султан” медициналык борбору тарабынан уюштурулган эр аралык конференцияда жүрөк оорулары боюнча адис, Пол Рош аттуу америкалык профессор баяндама жасаган. Ал Вашингтондогу мээнин ишмердүүлүгүн изилдеген илимий институттун жетекчиси эле. Көптөн бери ызы-чуу жараткан холестерин темасы- бул жөөттөрдүн узун жылдар бою ММКлар аркылуу жайган эң чоң “жомокторунун” бири экендигин өз баяндамасында баса белгилеген профессордун сөзү көпчүлүк катышуучуларды таң калтырат.

Чын-чынына келгенде, жаныбарлардын майы ( уй, топоз, кой, жылкы, төө, эчки ж.б.у.с.) организмдеги зыяндуу (токсин) заттарды жана ууларды чыгуусуна өбөлгө түзөт, артериялардын жана теринин жумшактыгы менен ийкемдүүлүгүн камсыздайт, чачтарга жылтырак өң берип турат, боор үчүн курулуш материалынын ролун ойнойт, ичегинин ишмердүлүгүн жеңилдетет, жалпы организмдеги органдарга күч-кубат берет жана иммунитетти чыңдайт. Майдын курамында чала-сабат “адистер” айткандай холестерин жок жана ал жүрөк кан-тамыр ооруларына себебчи болбойт. Кан-тамырга толгон заттар көпчүлүк учурда сиңбей калган өсүмдүк майларынын (гидрированные растительные масла) калдыктарынан улам топтолот. Аларга күн карама майы, жүгөрү майы, маргарин ж.б.у.с. майлар кирет. Холестеринден чочко жеген адамдар гана корксо жарашат, анткени анын курамында башка эт жана майларга караганда 4-5 эсе көп кездешет. Ашказандын иштөөсү үчүн май керектелет, эгерде организмде май жетишсиз боло баштаса, өттө таш пайда болот.

Профессор Пол Рош мындай дейт: “ Бул адаштырган бир пропаганда, ал жылдар бою Батыш өлкөлөрүнүн адепсиздиги жана жөөттөрдүн ишканалары тарабанын жүргүзүлдү”. Алар мындан чоң пайда табышкан. Жаш балдарды жана чоңдорду акырын геноцид кылуу үчүн алар сиңбеген өсүмдүк майларын (холестерини жок деген марка менен) өндүрүштү. Муну менен элдин арасында жүрөк, кан-тамыр, боор, өт ооруларынын көбөйүүсүн жана жашоодогу күч-кубатын, маанилүү чучугун жок кылуу максатына жетишти. Мунун артынан дүйнө жүзүндө миңдеген медициналык борборлорго миллиондогон кардарлар пайда болду. Дарт аныктоочу(анализ алчу) лабораториялардын жана фармакологиялык компаниялардын бизнеси өнүктү. Бул адаштыруучу пропаганданын арты менен курамында май аз болгон азыктар өндүрүлө баштады. Буга кошумча спорттук тамактануу азыктары жана өзгөчө диеталык азыктар деген балээ эрчиди. Сыртынан жылтырак ураандарды (слоган) колдонгон бул акмактар, чындыгында адамзаттын ден соолугу менен ойноп, ири өлчөмдө киреше таап жатышат. Демек холестерин шылтоосу менен жөөттөр өздөрүнө тыюу салынган азыкты бүткүл адамзатка, анын ичинде мусулмандарга жедирбей коюу аракети күч алган заманда жашап жатабыз. 1961-жылы Энсел Кис аттуу дарыгердин холестерин жөнүндө айткан сөзүн эл аралык ММКлар бир заматта өзгөрүлгүс акыйкат кылып көрсөтүүгө жетишкен. Болбосо майга караганда углеводороддор (шекер, ун азыктары) алда канча зыяндуу келет.

Күнүмдүк жашоосунда кыргыздар майды кенен колдонгон. Мисалы койдун өзүнүн майына куурулган эттин сөлүн эмчектеги балага берип, анын ичегелерин майлап коюшчу. Чычкактап ичи ооруган баланын дартына мындан өткөн дабаа жок. Суук өткөн адамдын тамандарын жана көкүрөгүн май сүртүү аркылуу дарылашкан. Табарсыгын койдун майы менен сүртүү аркылуу сийгек балдардын көйгөйүн чечишкен. Жөтөл жана тамак ооруну да эритилген май же сары май кошулган сүт ичирип айыктырган. Убак-убагы менен жаш балага куйрук майын сордуруп туруу- бул көчмөндөрдүн адаты эле жана куйрук бир жагынан упчунун ролун ойногон. Майга куурулган ундан буламык жеген баланын иммунитети бекем болот. Учурдагы каша аттуулардан миң эсе пайдалуу жана тоюмдуу экендиги көпчүлүккө маалым. Күйүктү каздын майы менен дарылаганды баары эле билсе керек. Түштүк жергесинде ушул күнгө чейин девзире (Өзгөн) күрүчү менен койдун майына демделген палоо жеген адаты бара-бара азайып баратканына ичим ачышат. Жылкынын казы-карта, чучук жана этинде эч кандай холестерин жок экенин илимпоздор эчак эле далилдешкен. Чучук адамга кошумча күч-кубат жана дарман берген. Штанга көтөрүү боюнча дүйнөлүк олимпиада чечпиону болгон Каныбек Осмоналиев атабыз жана учурдагы күмүш менен коло алган балбандарыбыз күнүмдүк рациондо чучук жеп, кымыз ичээрин спортчулар байма-бай айтып келишет. Чучук адамды семиртпейт, бирок ошол эле учурда укмуштуудай калориялык азык болуп эсептелинет. Тарыхта кыргыздар көп эле курсактуу жана ашыкча семиз болгон эмес, анткени күнүмдүк жашоосунда майды колдонуп турушкан жана күн сайын кыймылда эле. Албетте майды жеген адам физикалык көнүгүү же кара жумуш кылуусу керек. Ошондо гана жегениң аш болот эмеспи. Элибиз табияттагы тең-салмактуулукту гана эмес, тамактанууда да гармонияны сактаган. Мисалы ак түстөгү куйрук менен кара түстөгү боорду бирге жеген. Бул өзүнчө бир философия. Экөөнү өз өзүнчө жей албайсың, бирок бирге жесең өтүмдүү. Буга кошумча этти өзүнүн майына кууруп сактоо ыкмасы унутулуп бараткансыйт. Кыскасы, май-миң дартка дабаа!

Демек маселени майлуу тамактардан эмес, салттуу дасторконубузга жат болгон тамактын түрлөрүнөн издейли. Мисалы, соя соусу, натрий глутаматы, ашыкча шекер, ун жана туз (үч ак) кошулган азыктар: гамбургер, чизбургер, хот-дог, шаурма, пицца , KFC, Макдоналдс, кытырактар, чипстер, кондиттердик азыктар. Ошондой эле майонездин ордуна айран, кетчуптун ордуна табигый калемпир колдонууга аракет кылалы. Жашылча жемиштен аралаштырып, коркпой май чайнай берсек болот экен! Май- организмдеги бир дары чөп сымал, ченеми менен колдонсо-шыпаа, туура эмес колдонсо- уу болоорун унутпаңыздар. Туура тамактанып, жеп-ичиңиздер, бирок ысырап кылбаңыздар жана бир тамактын үстүнө экинчини жегенден оолак болуңуздар. Оорунун көбү бири-бирине дал келбеген азыктарды жегенден пайда болот. Адам көп жеп ооруп калса курсагы, дары-дармек жардам бербейт бир дагы!

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️