Ашыкча салмак боюнча кеңеш

https://kyrgyzcha.site/?p=63404&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Ашыкча салмактын ден соолугубузга терс таасир этерин көпчүлүгүбүз билебиз, бирок анын мынчалык көп ооруларды чакырары оюбузга да келбесе керек. Көрсө, көпчүлүгүбүз билгендей, толуктук бир гана жүрөк оорулары менен кант диабетинин өнүгүү коркунучун жаратпастан, бир катар башка ооруларды чакырарын окумуштуулар изилдеп чыгышты. Ал оорулар кайсылар десеңиз, төмөнкүлөр:

 

 

 

Жүрөк жана кан тамыр

 

Пример HTML-страницы

Жүрөк-кан тамыр системасына ашыкча салмак биринчи кезекте өз таасирин тийгизет. Анткени ал кан басымдын көтөрүлүшүн 70 пайызга жогорулатат. А жогорку кан басым болсо жүрөк оорулары менен инсульттун пайда болушунун негизги фактору.

 

 

 

Диабет

 

Ашыкча салмактагы адамдарда кант диабети менен оору коркунучу эки эсе жогору болот, айрыкча 40 жаштан өткөндөрдө. Адатта аларды 2-типтеги диабет күтөт. Бул типтеги диабетте адатта кандагы инсулиндин деңгээли талаптагыдай эле болот. Бирок толуктуктун айынан клеткалар аны толук кандуу пайдалана алышпайт. Жыйынтыгында глюкоза организмде иштелип чыкпай эле канда топтоло берет. Ошентип 2-типтеги диабет акырындык менен өнүгүп отурат, анын белгилерин толук адамдар өтө кеч байкашат.

 

 

 

Рак

 

Окумуштуулардын айтымында, рактын айрым түрлөрү түздөн-түз толуктук менен байланыштуу. Мисалы, эркектерде бул – простатанын, түз ичегинин рагы. А аялдарда – жатындын, өттүн, жумурткалардын, көкүрөктүн жана жоон ичегинин рагы. Жаманы – айтылган дарттарга эрте диагноз коюу толук адамдарда кыйынчылык жаратат. Анткени жаңыдан пайда болуп келаткан шишикти майдын калың катмары бекитип жаап калат да, чоңоюп кеткен убакта табылат. Мындан тышкары ашыкча салмак ракты дарылоодо да тоскоолдук жаратат. Мисалы, химиотерапияны май өзүнө сиңирип алат да, анын таасир этүүчү касиетин төмөндөтөт.

 

 

 

Акылдын аздыгы

 

Америкалык окумуштуулар 10 эл аралык изилдөө жасашкан. 5 өлкөдөн 37 миң адам катышкан бул изилдөөнүн жыйынтыгында толуктуктун акыл-эске да терс таасир этери белгилүү болгон. Тактап айтканда, мындай адамдардын акыл-эси кандын мээге аз куюлушунан улам азыраак болору далилденген.

 

 

 

Көз оорулары

 

Толуктук жаш курактын өтүшү менен пайда болгон катаракта, глаукома оорулары менен байланыштуу.

 

 

 

Тукумсуздук

 

Толуктуктун алгачкы стадияларында бул жаатта эч кандай маселе жаралбаганы менен аялдарда 2-3-баскычта айыздык циклде бузулуу байкалат. Бул болсо кийинчерээк гормоналдык бузулууга, андан кийин тукумсуздукка жеткирет. Ал эми эркектерде семиздиктин 3-4-баскычында уруктугунун деңгээли төмөндөй баштайт.

 

 

 

Сөөктөгү өзгөрүүлөр

 

Толуктук жана анын кесепети адамдын сөөк системасы менен да түздөн-түз байланышта. Ашыкча салмактан жабыркаган адамдын биринчи эле омурткалары менен муундарына доо кетет. Жыйынтыгында остеоартроз, сөөктүн сынышы, кыйшайышы, май тамандуулук сыяктуу оорулардын пайда болуу коркунучу күчөйт. Айта кете турган дагы бир нерсе, зат алмашуунун бузулушунда кандагы кальцийдин өлчөмүндө өзгөрүү жүрөт. Мындан улам сөөктөр эле эмес, тиштер да жабыр тартат.

 

 

 

Тамак сиңирүү системасындагы бузулуу

 

Ашыкча салмактын тамак сиңирүү органдарын жабыркатары эч кимге жашыруун эмес. Биринчи кезекте тез-тезден көп өлчөмдөгү тамак кабыл алгандыгы үчүн ашказан чоңоюп кетет. Андан кийин ичегилерге күч келгендиктен ич катуу сыяктуу маселелер келип чыгат. Бөйрөктөрдө да чоң өзгөрүү болот: ал өзүнө май клеткаларын чогултуп, көлөмү чоңоюп кетет. Мындан улам оң тарапта ооруксунуу байкалат. Мындан тышкары өттө таштын пайда болуу коркунучу арык адамдарга караганда толук адамдарда төрт эсе жогору болот.

 

 

 

Дем алуу системасындагы бузулуу

 

Толук адамда энтигүү болот. Демек, өпкөнүн иштөөсүндө мандем бар. Дем алуу системасында бузулуу болгондо башка органдарда жана ткандарда да маселе жаралат. Анткени алар жетиштүү деңгээлде кычкылтек менен камсыз болбой калышат. Өпкөнүн мурдагыдай иштебей калышы организмде сезгенүү процесстеринин өнүгүүсүнө шарт түзөт да, бронхит, пневмония, астма сыяктуу оорулар пайда болот. Бул ооруларды дарылоодо да ашыкча салмак тоскоолдук жаратат, башкача айтканда, денедеги майлар дарынын натыйжалуулугун азайтат.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️