АШЫКЧА САЛМАК АЗАБЫ

https://kyrgyzcha.site/?p=42995&preview=true Пайдалуу кеңештер.

АШЫКЧА САЛМАК АЗАБЫ

 

 

Ашыкча салмак психологиялык гана көйгөй жаратат деп ойлоо туура эмес. Ал бир топ физиологиялык да маселелерди пайда кылып, коркунучтуу оорулардын себеби болуп чыгышы ыктымал. Белгилүү болгондой, толуп кетүү ички органдардын баарына таасирин тийгизет. Айрыкча, ашыкча салмак жүрөк-кан тамыр курамына олуттуу зыян алып келет. Жүрөк булчуңдарын жана кан тамырларды май басканда жүрөктүн иштөөсү да кыйындайт. Толук адамдар кан тамырдын жогору болушу же гипертония, атеросклероз оорусуна чалдыгышып, жүрөктүн кагышы начарлап, анын ишемикалык оорусу өнүгө баштайт. Бул жүрүп олтуруп өнөкөт жүрөк-кан тамыр оорусуна алып келет. Кан тамырлардын солгун же кыйынчылык менен иштешинен улам өпкөнүн сезгенүү оорусу келип чыгышы ыктымал. Себеби, өпкөгө абанын келиши да кыйындай баштайт. Ошону менен бирге ашказан-ичеги жолдорунда да көйгөйлөр жаралат. Өнөкөт гастрит, өнөкөт холецистит, ичегинин түйүлүп оорушу ж.б. оорулар келип чыгат. Кандын бат жылбай туруп калышы жана май топтому боордун чоңоюшуна алып келет. Өттүн иштөөсү да бузулат. Заара чыгаруу жолдору сезгенип, бөйрөк да толук кандуу иштей албайт. Нерв системасын карачу болсок, толук адамдын бат-баттан башы ооруп же уйкусу келет. Же тескерисинче, уйку качып, эс-акылы начарлайт. Мунун баары баш мээси кан менен толук камсыз болбогондуктун натыйжасы. Ашыкча салмактан арылуу менен гана жогорудагы жагымсыз жана ден соолукту талкалоочу көрүнүштөрдөн арылууга болот.

 

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️