АШКАБАК ЭРКЕКТИН КҮЧ-КУБАТЫН ЖАКШЫРТАТ

https://kyrgyzcha.site/?p=59902&preview=true Пайдалуу кеңештер.

АШКАБАК ЭРКЕКТИН КҮЧ-КУБАТЫН ЖАКШЫРТАТ

Окумуштуулар ушул күнгө чейин ашкабактын же жемиш экенин, же жашылча экенин так аныктай албай келишет.Бирок, алар анын болуп көрбөгөндөй пайдалуу экенин эбак иликтешкен. Мунун баарына ашкабактын витаминдерге бай жана жагымдуу даамга ээ экени себепчи.

Ашкабак

Ашкабакты дүйнөдө кайсы өлкө биринчи болуп пайдалана баштаганы белгисиз. Анткен менен ашкабак Түштүк Америкадан чыкканы белгилүү. Азыркы маалда аталган жашылчадан эң көп даамдарды америкалыктар жасашат. Муну менен катар ар бир элде аны даярдап колдонуунун бири-бирине окшошпогон улуттук ыкмалары менен рецепттери кездешет. Муну эске алганда, организм үчүн ашкабактын маңызы дагы, данеги дагы, гүлү дагы жана жалбырагы дагы пайдалуу экен.

 

Курамы100 г ашкабак 90 г суудан, 0,9 г белоктон, 5,9 г углеводдон, 1,2 г клетчаткадан жана органикалык кислоталардан турат. Ошондой эле анын курамында А, В1, В2, РР, В9, С витаминдери, калий, кальций, магний, натрий, фосфор макроэлементтери жана темир, йод, цинк, фтор микроэлементтери бар. Ушул эле 100 г ашкабак орточо 25 килокалорий баалуулукка ээ. Бул пайдалуулуктар организмге таасир этиш үчүн аталган жашылчаны жаңы кезинде сууга бышырылган, куурулган, бууга бышырылган, шире, пюре жана поведло түрүндө даярдап жей берүү керек.

Пример HTML-страницы

Зыяндуулугу

Гастрит, ашказан жарасы жана кант диабети менен ооруп, бул дарттардан жабыркап жүргөн адамдарга ашкабак жана ашкабактан жасалган даамдарды жегенге болбойт. Себеби, аталган жашылча күчтүү кычкылдандыруучу сапатка ээ. Ал организмдин кычкыл чөйрөсүнүн тең салмактуулугун бузуп жиберет. Ошондой эле ашкабак семичкесин көп чагуу да зыян деп айтылат, ал тиштин эмалын жабыркатат.

Ашкабакты кантип тандоо керек?

3-5 кг салмактагы ашкабак нормалдуу деп саналат. Ошондой эле анын кабыгы сыйда жана жабыркабаган болууга тийиш. Ашкабактын ичиндеги маңызы канчалык ток сары түстө болсо, анда ал ошончолук жакшы болуп эсептелет. Өтө бышып кеткен ашкабактын маңызы чачтуу, камыр сыяктуу жана даамсыз болот. Нормалдуу бышкан ашкабакты үзүлгөн жеринин кургак жана кара түстө болушу дагы тастыктайт.

Саламаттыкта

— Уйкусуздукка кабылганда 1 стакан жаңы сыгылган ашкабак ширесине 2 чай кашык бал кошуп жатаарда ичип туруу керек;

— Циститтен арылуу үчүн күнүнө 2 жолу ботко катары даярдалган ашкабакты 50 граммдан жесе болот;

— Ушундай эле максатта күн сайын 2-3 стакан жаңы сыгылган ашкабак ширесин ичип турууга да мүмкүн;

— Ашкабактын семичкелерин көбүрөөк чагып жеген эркек кишинин потенциясы жакшырат;

— Маал-маалы менен ашкабакты тамак катары даярдап жеп туруу аркылуу жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алууга болот;

— Ачкарын ашкабактын семичкелерин чагып жеген шартта ичегидеги ар кыл курттар өлүп жоголот;

— Ашкабактан жасалган даамдар кандын курамындагы холестеринди кубалоого эгедер;

— Ашказан-ичеги тутумунда көйгөйү барлар ашкабакты сууга бышырып жешсе болот. Бирок, бул гастрит жана ашказан жарасы үчүн эмес;

— Бул жашылча ич катууну дагы жөнгө салат;

— Ашкабактын семичкесиндеги А, В, С витаминдери жүрөктүн иштешин жакшыртууга шарт түзөт. Ал үчүн аларды кууруп, тазалап, бал менен аралаштырып, андан күнүгө эртең менен ачкарын 1 аш кашыктан жеп жүрүү керек.

Сулуулукта

Бет үчүн маска

Жарым стакан ашкабактын маңызын, 3 аш кашык майда шекерди жана жарым чай кашык ашкабак семичкесинен алынган майды (сатыкта бар) жакшылап аралаштырасыз. Бирдиктүү масса болгондо аны бетке тегиз жабасыз да, манжаларыңыз менен жай массаждайсыз. 10 мүнөттөн кийин бетиңизди жууп салсаңыз, териңиз жумшак, назик болуп, чарчаңкы абалыңыз энергиялуу жүз менен алмашат.

Чач үчүн маска

Чачтын бардык, өзгөчө кургак түрү үчүн болуп көрбөгөндөй жагымдуу кондиционер. Мындан кийин чачыңыз жалтырап, жумшарып, эпке бат келерлик болуп чыгат. Бул үчүн жарым стакан ашкабак маңызын, төрттөн бир стакан табигый йогуртту, 2 аш кашык балды жана 1 чай кашык ашкабак семичкесинин майын аралаштырасыз. Аны чачка бүтүндөй маска катары сиңире сыйпайсыз да, мончо топусун кийип турасыз. 30 мүнөттөн кийин жылуу сууга жууп салуу зарыл.

Дене үчүн маска

Мындай маска үчүн алгач сууга бышырылган ашкабактын маңызын блендерден өткөрүп аласыз. Андан 3 аш кашык идишке салып, ага 3 аш кашык майда күрөң шекерди жана 1 чай кашык ашкабак семичкесинин майын кошосуз. Даяр болгон масканы денеге кебез менен массаждоо аркылуу сүртүп, бир аздан соң жылуу сууга жууп жибериңиз. Жетпей калса масканы ушул эле рецептте көбүрөөк даярдоого болот. Мындан кийин дене жумшак жана назик болуп калат.

Бут үчүн маска

Үй шартында жасалуучу натыйжалуу СПА-процедура деп ушуну айтса болот. Анткени, бул маскадан кийин бутуңуз жумшак, жагымдуу жана сыйда болуп чыга келет. Ал үчүн биринчи жарым стакан ашкабак маңызы менен 1 жумуртканы жана жарым чай кашык балды жакшылап аралаштырасыз. Анан масканы бутуңузга таманыңызды кошо толук жабасыз. 15 мүнөттөн кийин жылуу сууга жууп салуу керек.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️