Арыктоого жардам берген суусундук

https://kyrgyzcha.site/?p=44698&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Арыктоого жардам берген суусундук

Грейпфруттун арыктоого жардамы бар экенин көпчүлүгүбүз уксак керек. Бирок андан да пайдалуурак, дамдуурак жана арзан жемиш – киви.

 

Киви менен кошо лимон да бизге арыктоого жардам берет. Өзгөчө кыш мезгилинде организмге пайдалуу бул суусундук үй шартында даярдоо көп убакытты талап кылбайт.

 

Ал үчүн керектүү ингредиенттер:

 

1 орточо киви, 2 лимон тилими 7-10 петрушка, 6-8 жалбыз, 100 мл таза, газдалбаган суу

 

1-2 чай кашык бал.

 

 

 

Суусундукту даярдоо жолу:

 

1. Алгач кивини 4-5 бөлүккө бөлүп, блендерге салабыз.

 

2. Лимонду кабыгы менен кошо жана петрушканы да блендерге салабыз.

 

3. Жалбыздын жалбырактары менен балды аралаштырабыз.

 

4. Сууну куюп, бардыгын эзебиз.

 

5. Даяр болгон суусундукту стаканга куюп, дароо ичиш керек.

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️