Артриттен арылуунун жеңил жолу

https://kyrgyzcha.site/?p=102462&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Артриттен арылуунун жеңил жолу

 

Артрит – көп жагдайда майыптыкка алып келет. Ар түрдүү ревматизм оорулары менен аныкталуучу көпкө созулган оору. Жумуш менен үй жумуштарын катар алып жүргөн кыздардын муундарына түшкөн салмактан улам сезгенүүсү. Бул оору менен көбүнчө аялдар жана толук адамдар оорушат.

 

Бул оорудан айыгуунун түрдүү жолдору бар. Операция жасоо аркылуу, дары-дарымек аркылуу дарыланууга да болот. Бирок, үй шартында эмдөө жолун карап көрсөк. Бул дарылануу ыкмасын колдоноордон мурда дарыгерден кеңеш алыңыздар!

 

Кара турпту (чёрная редька) жалаң гана тамак-аш даярдоодо эмес, аны көптөгөн ооруларды дарылоо үчүн да колдонсо болот. Анын муун ооруларынын бардык түрүн айыктыра алган касиетин көпчүлүк биле бербейт. Өзгөчө, артрит менен артроз ооруларына анын пайдасы көп.

 

 

 

Артритти дарылоочу рецепт:

 

— Кара турпту кабыгы менен майдалап туурагычтан өткөрүп, анын ширесин алабыз. Андан кийин, ошол ширенин бир стаканына бир чоң кашык менен бал жана спирт кошуп, аралаштырабыз. Андан кийин сапаттуу салфеткага (хлопчатобумажную салфетку) даяр кошулманы салып, ооруган жерге түнү менен жабыштырып байлап коёбуз. Дарыланган кезде бутту жылуу кармаш керек, суук тийгизип албоо кажет.

 

Бул дарыны 10 күн бою жасагандан кийин, жеңилдеп калганын сезесиз. Дарылануунун бул жолу оңой. Үй шартында колдонууга ыңгайлуу жана көп каражат талап кылбайт

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️