Ар нерсеге калыс болуңуз, ажырашуудан алыс болуңуз…

https://kyrgyzcha.site/?p=54092&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Ар нерсеге калыс болуңуз, ажырашуудан алыс болуңуз

 

 

Мамиле кризисин ар бир жуп башынан кечирсе керек. Ажырашуу жөнүндө ойлорго бир нече жагдай түрткү болушу ыктымал: бир учурда жубайлардын жылдызы келишпей тил табыша албай бири-бирине канааттанбагандыктан турмуштук кырдаалды себеп кылып чыр көбөйүп жедеп чегине жетет, экинчи бир үй-бүлөдө көзүнө чөп салган же ала жипти аттаган факт себеп болот, үчүнчүсү – сыйлабагандык, көңүл буруунун жетишпестиги. Жубайлык жашоого чекит коёрдон мурда жагдайды териштирүү маанилүү. Буга чейин мамиле кандай болгон? Качандыр бир кезде ортодо сүйүү болгонбу? Аялыңыз же күйөөңүз адамдык сапаттардан куру беле? Эгер жагымдуу нерселер эске түшсө, анда жашыруун тирешкенден көрө сизге элдешүүгө убакыт жана мүмкүнчүлүк керек.

Арийне, үй-бүлөнү сактоо – бул жумуш. Түгөйүңүз менен ажырашууга себеп болгон уруш-талаш, түшүнбөстүк, кызганыч, турмуштук жетишпестик, дагы башка маселелер ар бир үй-бүлөдө кездеше турган көрүнүш. Достордо мындай болбойт деп ойлогонуңуз чындыкка жакын эмес, анткени алар акыйнегин, канааттанбагандыгын, пикир келишпестик же башка көйгөйүн элге жарнама кылбайт чыгар. Тагыраагы, бул планда сиз жалгыз эмессиз. Ажырашууга бел байлаган жубайларга кандай кеңеш берилет.

 

Мырзаларга кеңеш

 

Көңүл сууп калган кезде жубайыңызга аялзаты катары көңүл буруп баштаңыз. Албетте ал мурдагыдан өзгөргөн, бирок, бир кезде сезимди ойготкон, ашыктыкка жеткирген адаттарын дагы байкайсыз. Жок, эт менен челдин ортосунда таттуулаша албай убакытты созо бергенде жаңы “дос» күтпөйт деп эч ким кепилдик бербейт.

Сексуалдык жашоону ар түрдүү кылууга үйрөнүңүз. Эгер ал көңүл кош болбосо, кинодо көргөн же башка булактардан кабыл алган эксперименттерди төшөктө кайталап көрүүгө чын дилден киришиңиз.

Эгер жубайыңыз бала менен үйдө отурса сараңдык кылбастан маянанын канча бир үлүшүн колуна карматып, эч кандай көрсөтмө бербеңиз. Каалоолоруна чек койбоңуз жана кол карама кылбай өзүнө тиешелүү майда болсо да муктаждыгын өзү орундаткан учурда аялзаты тирешүүнү каалабайт. Чогуу дүкөн кыдырып, чогуу сейилдеп анын жанында болууну каалай турганыңызды ачык айтпасаңыз да кыйыр түрдө аракетиңиз менен билдириңиз. Сизге кызыктуу болсо – ага жагымдуу сезилет.

“Жылуу сөз жыланды ийинден чыгарыптыр”- деген сөз бекеринен айтылбайт. Ылайыгы келгенде эркелетип, жаңы таанышкандай арбалышып аңгемелешүү абалды жакшылыкка багыттайт.

Мындан ары угуучунун позициясында болуңуз. Чын дилден анын пикирине, көз карашына кызыгып, маселени чечүүдө чогуу жол издеңиз.

Сиздин кызганчаактыгыңыз аны «өлтүрүп» жатса, өзүңүздү колго алыңыз, сиздин зыяндуу адаттан улам жубайлык мамилени бузгусу келсе, тажаса, андан арылууга ачык аракет кылыңыз. Бул кадамыңыз жакшы күнгө , элдешүүгө шоола чачып, чечиминен баш тартат.

 

Айымдарга кеңеш

 

Үйдөн кетерден мурда «кайда барсаң Мамайдын көрү» деген сөздү эстеңиз. Мейли, жолдошуңуз менен ажыраштыңыз дейли, канча бир убакыттан кийин башка бирөө менен таанышасыз, жылдар токтоп турбайт, сиз издеген романтика өчөт, жашоо башталат, түшүнбөстүк дагы кайталанат дегендей…Демек, убакытты кетирип, тагдырды оюнчук кылуудан пайда табасызбы? Ушул суроо аз да болсо ойлонууга мажбур кылса, анын оң сапаттарына көңүл буруп, жаңы көз караш менен жашоо баштоого болот. Макул, жолдоуңуз аз акча табат, бирок, ал сиз үчүн баарына кайыл, же болбосо төшөктө алыз болгону менен сизди сыйлайт го…

Өзүңүздүн жүрүм-турумуңузга текшерүү жүргүзүңүз. Балким сиздин көңүлүңүздү калтырганга күнөөңүз бардыр? Маселен, кээ бир айымдар жубайлык адептин чегинен чыгып, достор же башкалар чөйрөсүндө кызганууга жол баштап ээн баштык кылат. Мындайда оор болсо да катачылыгыңызды моюнга алыңыз.

Сүйүктүү бойдон калууга аракет кылыңыз. Ажарлуу, өзүнө кам көргөн сүйүктүү, тыкан жана сарамжал кожойке, мээримдүү эне, адептүү келин болуунун бир жообу бар – бардыгы анын кадыры үчүн.

Талачыл болуу жакшы сапат эмес. Кыйкырык менен маселе чечилбейт. «Эшикти оңдо!», «сенин колуңдан баары келет» деген эки сөз айкашынын асман менен жердей айырмасы бар. Тагыраагы, анын көңүлүн табууга жол издеңиз, ошондо ал эшикти деле айттырбай эле оңдоп коет.

 

Психолог эмне дейт?

 

1. Ортодо сүйүү болсо далдалчысыз жашоо артык.

2. Үй-бүлөдө болуп жаткан майда-чүйдө жагымсыздыктарды, араздашууну айланадагыларга, ал тургай курбу-доско да айта бербеңиздер. Ээн ооздор бардык жерде сиздердин маселени талкуулай бергенине мүмкүнчүлүк бергенде байкалбаган менен терс таасири көп.

3. Ар бир үйдүн башкаларга ачык айтпаган ички мыйзамдары болот. Мындай учурду эске алганда, керек болсо ата-эненин, бир туугандардын кеңеши да туура эмес болуп калышы ыктымал. Андан көрө жубайлар өзүнчө бөлүнүп, абалды териштирип, бири ыкка көнүп, же унчукпай жагдайды ырбатпай коюуга болот.

4. Үй-бүлөлүк жыйында алдыда аткарыла турган иштер, жашоо графиги, үй-бүлө мүчөлөрүнүн кызматы же тапшырмасы так көрсөтүлгөн учурда кыйын кырдаал аз болот.

5. Жубайлардын экөө тең кандай кырдаал жарабасын же ким күнөөлүү болбосун компромисске барууга ыктаганы оң. Бул актуалдуу чечим.

6. Катаны, кемчиликти моюга алууну үйрөнүү кажет. Урушта эки тарап тең күнөөлүү: бири туура эмес айтса, экинчиси туура эмес түшүндү дегендей…

7. Кез-кезде күндөлүк түйшүктү унутуп, романтикалуу жагдайда чогуу болгула.

8. Элдешүүгө болбой жатса, дароо ажырашуу чечимин кабыл албай убактылуу бири-бирин көрбөй бөлөк жашоо, бири-биринен эс алуу дагы жаңы сезимдердин ойгонушуна түрткү болот.

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️