Ар бир бала угуп турууга тийиш болгон 7 нерсе

https://kyrgyzcha.site/?p=39665&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Ар бир бала угуп турууга тийиш болгон 7 нерсе

 

 

 

Жаш балдарды тарбиялоого киришкен ата-эненин моюнуна чоң эмгек жана жоопкерчилик жүктөлөт. Ошол себептен жакшы сөз жан эргитет дешкен чыгар. Айрыкча баланы тарбиялоодогу ар бир сөз ага дем, күч берээрин ошол эле учурда үмүт-тилектерине балта чабарын билбей калышыңыз мүмкүн. Төмөндө балдарыңызга айтып туруучу 7 нерсе тууралуу жазылган. Бала 3 жаштабы 30 жаштабы бул сөздөрдү бат-баттан эң жакын адамдарынан угуп туруусу керек.

 

1. Мен сени жакшы көрөм

 

Адамды жашоодо кыймылдатып, келечекке максат коюп алга карай өнүгүүсүнө жакындарынын сүйүүсү жардам берет. Эгерде ал кичинесинен эч кимге керек эместей сезип, жан дүйнөсү жалгыздыкка сүңгүп кете турган болсо чечкинсиз жана ырайымсыз болуп чоңоюусу мүмкүн.

 

2. Мен сени менен сыймыктанам

 

Чүрпөңүздүн кичинекей ийгилигине да сыймыктанууңузду билдирип турсаңыз, анын шыктануусу артат. Мындай балдар көбүнчө чеберчилик, усталык жана көркөм өнөр менен алектенип, мыкты дизайнер, архитектор болуп чыгышы толук мүмкүн.

 

3. Мени кечирип койчу

 

Ооба. Дайыма балаңызды гана айыптай бербей өз кемчилигиңизди да моюнуңузга ала билсеңиз, балаңыз калп сүйлөөдөн, жашыруун аракеттерден алыс болот. Сиздин ар бир аракетиңиз балаңызга чагылыша тургандыгын унутпаңыз.

 

4. Мен сени кечирдим

 

Ошондой эле балаңыздын катачылыктарын кечире билиңиз. Бир нерсени туура эмес жасап койгондо урушуп, жемелеп унчукпай кала турган болсоңуз бала жоопкерчиликсиздикке үйрөнөт. Ал эми катуу уруша берсеңиз жек көрүү менен ата-энеге күйүмсүз болуп калышат.

 

5. Мен сени угуп жатам

 

«Сен кичинесиң,эмненени билмек элең»-деген сөз эң катуу сокку экенин көпчүлүк ата-эне сезбейт. Анын айтып жаткан ар бир пикиринин оң терсин угуп, түшүндүрүп берүүсү керек. Ак-караны, жакшы-жаманды айрый билүүнү балага ата-эне түшүндүрбөсө ал жашоодо көп урунушу мүмкүн. Ошондой эле бул балдарда адамдарга ишеним жоголот.

 

6. Сен буга жоопкерчиликтүүсүң

 

Баланы чечкиндүүлүккө,жоопкерчиликке кичинесинен көндүрүү үнүн ага кайсы бир нерсени ишеним арттырып, тапшыруу керек. Жана дагы дайыма жанында колдоо көрсөтүп туруусу зарыл.

 

7. Сен муну жасай аласың

 

«Сенин колуңдан келбейт»-деген фраза эң орой жана туура эмес тарбия. Ишеним ааламды башкарат деген сөздү уксаңыз керек. Ооба, балаңызга да ишенимиңиз күч болсо ал дагы келечекте сиздин үмүт,тилектериңизди ишке ашырат.

 

Акырында айта кетчү нерсе, балаңызды тарбиялай баштагандан алдың өзүңүздү биринчи тарбиялаңыз. Анткени, балаңыз барибир өзүңүзгө окшош болот.

 

 

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️