АНАРДЫН ДЕН — СООЛУККА ПАЙДАСЫ!
Анардын курамындагы заттар организмге жакшы жардам бере турган витаминдерге, минералдык заттарга, туздарга жана микроэлементтерге бай келет. Клетчатка, глюкоза, фруктоза, лимон, алма кислоталары, азоттун кычкылы, кальций, магний, калий, марганец жана натрий бар. Анарды шире, кыям, сироп, шарап жана балмуздак түрүндө жесе болот.
Калориялуулугу: 100 г анар маңызында 62-79 килокалорий бар · 100 г анар ширеси 42-65 килокалорийге барабар болот.
Зыяндуулугу да бар
Анардын кабыгында анча көп эмес, бирок, күчтүү болгон уулуу зат – алколоид бар. Ошон үчүн аталган жемишти ден соолукту чыңдоо максатында колдонууда абдан этият болуу керек. Башкача айтканда, көрсөтүлгөн өлчөмдө гана кабыл алуу зарыл. Болбосо кан басым көтөрүлүшү, баш айланышы, көрүү начарлашы мүмкүн. Анар жана ден соолук — Анар ширеси табитти жакшыртат; — Аз кандуулук менен күрөшүүдө 2 ай бою күнүнө 3 маал тамакка чейин 0,5 стакан жаңы сыгылган анар ширесин ичсе болот; — Анардын дандарын артериалдык кан басым чукул төмөндөп кеткен жагдайда жеш керек; — Анардын ичиндеги дандарын каптаган чел кабыктарды кургатып, чай катары демдеп ичсе нерв системасын тынчтандырат жана түн уйкуну жакшыртат; — Атеросклероздон, өнөкөт баш оорудан арылуу үчүн үй шартында сыгылган анар ширесин ичип туруу зарыл; — Ооруп турган тишти бал менен аралашкан анар дандарын жеп басууга болот.
Инфекциялык оорулардан тезирээк айыгуу үчүн тиешелүү дары-дармек менен бирге жаңы бышкан анарды жесе болот; — Анар ширеси организмди уулануудан коргойт. Мындай максатта аны радиоактивдүү өнөр-жайларда иштегендер же ушундай зонада жашагандар колдонушу керек; — Чүчөктөн арылуучу эң жакшы каражат катары эсептелет. Ал үчүн анардын 40-50 г майдаланган кабыгын 400 г муздак сууга 6 саат чылап, анан жай отто 200 г суу калгычакты кайнатуу керек. Муздаган соң марлиден сүзүп, суусун бир сааттын ичинде бөлүп-бөлүп ичип, 4-5 сааттан кийин клизма жасоо зарыл.
Сынган жерлерди батыраак калыбына келтирүү үчүн анардын майдаланган кабыгы менен алоэ ширесин аралаштырып сүйкөгөн жакшы; — Ангина болуп жаткан маалда анар ширеси же анын майдаланган кабыгы (1 чай кашык) чыланган ысык суу (1 стакан) менен тамакты чайкаса, чыдаткыс оору басылат жана инфекциялар өлөт; — Анар инсулинди алмаштыруучу сапатка да ээ. Ал үчүн кант диабети менен ооруган шартта жана канда кант жогору болуп турганда күнүнө 4 жолу 60 тамчыдан анар ширесин тамакка чейин ичүү керек. Үчүнчү күнү кант нормага түшөт.
Ден соолукта болуңуз оорубаңыз ?