Үй өсүмдүктөрүнүн ичинен өзүнүн эттүү жалбырактары, сейрек тикенектери менен айырмаланган алоэ бөлмөлөрдүн абасын тазартуу менен катар эле элдик медицинадагы рецептердин көбүндө колдонулат. Бул өсүмдүктү көбүнчөсү жүз жылдык деп дагы аташат.Алоэнин жалбырагындагы заттар теринин картаюусун жайлатуучу касиетке ээ. Ошондой эле клеткаларды калыптандыруу, теринин иммундук системасын чыңоого жардам берет экен. Бирок, ичеги-карын оорулары, бөйрөккө суук тийүү, табарсык оорулары, гемморой, жүрөк ооруларынын оор түрлөрү, гиппертония жана кош бойлуулуктун акыркы айларында алоэни колдонууга болбойт.
Ширесин кантип алуу керек?
Алоэнин ширесин алуу үчүн жалбырактарын тилип, тилинген жерин ылдый каратып, астына идиш коюп кою керек. Ширени 2-3 жылдан ашык өскөн өсүмдүктөн алган ыңгайлуу. Ошондой эле кыш-жаз айларында алуу керек. Ал эми кесилген жалбыракты болсо (15см ден узун) күңүрт кагазга ороп, 3-5 градус температурада үч жума сактаса да болот. Үй шартында болсо жаңы алынган ширени же болбосо тикенектеринен тазаланып, майдаланган жалбырактардан жасалган боткону пайдаланган оң.
Дарылануунун жолдору:
-Тамак ооруганда суу кошулган шире менен тамакты чайкоо керек же сүт менен кошулган ширени бир чай кашыктан бир күндө 3 маал ичүү керек.
-Ооз көңдөйү жана тиштин бүйлөлөрү ооруса алоэ ширесинин 50% суу аралашмасы менен чайкоо зарыл.
-Ал эми өнөкөткө айланган бронхит үчүн 1 чай кашык алоэ жалбырагына, 2 чай кашык май (сливочное), 2 чай кашык балдын аралашмасы пайдалуу. Аралашманы жогорку температурадагы ысыктыкта 5 саат бою духовкада кармоо зарыл. Даяр болгон дарыны 3 маал, бир чай кашыктан сүт менен ичүү керек.
-Ашказан жарасына жана он эки эли ичеги ооруганда, боор, көк боор, ич оору, тамакты начар сиңирүүдө төмөнкү аралашма сунуш кылынат: жарым стакан майдаланган жалбыракты алып, ага бир стакан шекер же балды кошобуз. Аны 3 күн караңгы жерге коюп коебуз. Андан соң бир стакан кызыл винону кошуп, дагы бир күн коебуз. Даяр болгон соң бир күндө 2-3 маал бир аш кашыктан ичүү керек.
-Мурун тез-тез канаган учурларда 10-15 күн тамактанаардын алдында 2см. узундуктагы алоэнин жалбырактарынын бөлүкчөлөрүн жеш керек.
-Жалпы ден-соолукту чыңдоодо 150 гр. алоэнин жаңы ширесине 250 гр. бал, 350 гр. кагорду кошуп, аралаштырып, күнүнө 3 маал бир аш кашыктан ичиңиз.
-Тери ооруларына сырты аарчылган алоэнин жалбырагын же майдаланганын тартуу керек. Аны 2 сааттан соң алмаштырып туруу зарыл.
-Негизи эле алоэнин согун сыйпоо (жумасына 2-3 жолу 10 мүнөттөн) терини оңдоодо, бырышты алдын алууда, кычышууда абдан эффективдүү