АКЧАНЫ КӨБӨЙТҮШ ҮЧҮН АНЫ КАПЧЫКТА КАНТИП САКТАШ КЕРЕК

https://kyrgyzcha.site/?p=47541&preview=true Пайдалуу кеңештер.

АКЧАНЫ КӨБӨЙТҮШ ҮЧҮН АНЫ КАПЧЫКТА КАНТИП САКТАШ КЕРЕК

 

Азыркы жашоодо адамдар акчага, байлыкка жана ийгиликке тиешелүү ырым-жырымдарга көп көңүл буруп жүрүшөт. Ойлонсок, акча капчыкта кандай салынганында эмне айырма бар. Бирок акча каражатты сактап калууга эле эмес, аны көбөйтүүгө да колдонулган көптөгөн ырымдыр бар.

 

Аны колдонуунун эч кандай оорчулугу жок!

 

 

 

 

Бир жолу Альберт Эйнштейнден сурашыптыр: «Эгер ырым-жырымдарга ишенбесеңиз, эмнеге босогоңуздун үстүнө аттын такасын кагып койгонсуз?» Окумуштуунун жообу: «Ырым-жырымдар ишенген-ишенбегениме карабай орундала берет».

 

Балким сизге ырым-жырымдар чын эле сандырактай көрүнөт. Бирок, чындыгында – анын баары, өз байкоолору менен билгендерин мураска калтырган биздин ата-бабалардын тажрыйбалары да.

 

 

Акчаны чакырган ырымдар:

Кийинки жолу айлык акыңды алганда, үйүңө алып кел. Ошол эле күнү коротуп баштаба. Эгер бир нерсе сатып алыш керек болсо, башка катылган акчаларыңды же пласткалык картаңды колдон. Жаңы түшкөн акча сенин башка чогултулган каражаттарың менен кошо үйдө «түнөш» керек.

 

«Акча тактыкты сүйөт». Демек, сен дайым, капчыгыңда канча акча каражаты бар экенин так билишиң керек.

 

 

Акчаны капчыкта өзүңө бет жагы менен карагандай кылып сакта, жана чоң купюрадан кичинекейине көздөй тизмектеп сал. Чоң купюралар, сен капчыкты ачканда сага жакынкы бетинде болуш керек. Акчаны тоголоктобо жана купюраларды асты-үстү кылып салба.

 

Капчыкта дайым бактылуу купюра салып жүр. Кайсы купюра бактылуу жана материалдык ийгилик алып келээрин кантип аныктайбыз? Купюранын номеринин акыркы эки саны сенин туулган жылың болуш керек. Эгер акыркы үч же төрт саны туура келсе андан да жакшы. Мындай купюраны табыш кыйын, эгер таап калсаң, ал сенин жеке талисманың болуп калат. Бул купюра сени өзү табыш керек. Аны атайын издегенге болбойт.

 

 

Капчыкты кат, талон же чек сактоочу орун катары колдонбо. Капчыкта акча жана банк карталары гана болуш керек. Ошондой эле туугандарыңдын жана жакындарыңды сүрөттөрүн да салба. Алар керектүү энергетикан туура эмес жакка бурат жана акчанын агылып келишине жол тосот.

 

Өзүң көргөндөй, эч кандай деле оорчулуу жок. Акчага сый мамиле кылсаң, ал сага да ошондой жооп кайтарат.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️