АЙЫМДАР «МЕН БАЙКУШ» ДЕБЕҢИЗДЕРЧИ.
✅ КИМ БАЙКУШ?
Бирөө жарымга боорубуз ооруганда, көбүнчө «байкушум» деген сөздү колдонуп келебиз. Сөздүн мааниси жаман эмес. Бирөөнү кемсинтүү максатта колдонуулучу сөз эмес. Жүрөгүбүз ооруганда өзүбүздүн эмоциябызды билдирүү үчүн колдонуп келебиз.
МЕН АЙТКЫМ КЕЛГЕН БАШКА ОЙ.
✅ АР ДАЙЫМ «МЕН БАЙКУШ» дей берсеңиз, өзүңүздү алсыратып албайсызбы? Эгер жок десеңиз анда «мен байкушмун» деп арызданып көрөлү. Анда кеттик ?
▪️мен байкуш көп ыйладым,
▪️мен байкушту ойлогон киши жок,
▪️мен байкушту эч ким сүйбөйт,
▪️мен байкуш, ар дайым чекеде калып кетем,
▪️мен байкушка ар дайым каражат ашпай калат,
▪️мен байкушка көңүл бурган киши жок,
▪️мен байкуш таарынып, өзүмдүн оюмду ачык айта албай калам,
▪️ мен байкуш эч кимге керегим жок,
▪️мен байкуш, мен байкуш, мен байкуш.ж.б,у,с көп мисалдар.
БАЙКУШМУН ДЕП ӨЗҮБҮЗДҮ СООРОТУУ ТУУРАБЫ?
✅ Ушул сөздөрдү окуп бүткөнчө сиздерде кандай гана ойлор, баштан өткөн кыйынчылыктар, жашыруун көз жаш төккөн күндөрдү эстөө гана болотко. «Мен байкуш» деген сайын өзүңүздөрдү
▪️алсыз,
▪️азап чеккич,
▪️эч бир жакшы күн көрбөгөн,
▪️жашоого болгон наалуу,
▪️өткөн өмүрүбүз пайдасыз өткөн үчүн өзүбүздү кечире албоо,
▪️жашообузду артка тарткан адамдарды жек көрүү,
▪️эски жаралар козголбой койбосо керек.
✅ СИЗ БАЙКУШ ЭМЕС, КҮЧТҮҮСҮЗ.
Ишенбей турасызбы? А мен сизди ишендиргим келет. Айтыңызчы!
Эгер күчтүү болбосоңуз
▪️кантип, кыйынчылыктарга чыдап келдиңиз?
▪️кантип сизди жек көргөндөргө дасторкон жайдыңыз?
▪️кантип сизди таарынткандарды кечире алдыңыз?
▪️кантип жакын адамыңыздын чыккынчылыгына чыдап келдиңиз?
▪️кантип ушактарды көтөрүп жүрөсүз?
▪️кантип көз жашыңызды жашырып, жылмайып жүрөсүз?
▪️кантип кыйынчылыктарга карабай, өзүңүзгө каранып, башыңызды көтөрүп жүрөсүз?
▪️ кантип сизди сүйбөгөндөрдү байкамаксан болуп, жакшылык кылып атасыз?
▪️кантип сизге жамандык кылгандарга, кайра жакшылык кылып жүрөсүз?
✅ Караңызчы, кандай күчтүү айымсыз. Сизге суктанууга болбой койбойт. Эгер
▪️күчтүүмүн,
▪️көңүлүмдү чөгөрбөйм,
▪️жылмайып жүрөм,
▪️максатыма жетем,
▪️сынбайм,
▪️бактылуу жашоом үчүн бүт күчүмдү жумшайм деп, өзүбүздү шыктандырып жүргөнгө эмне жетсин ээ? Өзүбүз туралуу туура ой жүгүртүп, жан-дүйнөбүздү кыйнаган эмес, шыктандырган ойлорго толтуралычы. Бул өзүбүз үчүн гана жакшы болот тура.
АЙЫМДАР «МЕН БАЙКУШ» деп өзүңүздөрдү алсыратпаңыздар. Айымдар күчтүү келишет жана мында ары да күчтүү боло беришет деп ишенем.