АДАМДЫН БЕТИНДЕГИ УЯЧАЛАР ЭМНЕНИ БИЛДИРЕТ?

https://kyrgyzcha.site/?p=54777&preview=true Пайдалуу кеңештер.

АДАМДЫН БЕТИНДЕГИ УЯЧАЛАР ЭМНЕНИ БИЛДИРЕТ?

 

Бет уячасы айымдырды эле эмес, эркектерди дагы жагымдуу көргөзөт. Батыштын байыркы ишенимдерине карасак, бетинде уяча бар адамды төрөлгөндө Купидон (байыркы Рим мифологиясындагы сүйүү кудайы) өөп кеткен дешет. Көпчүлүк мындай адамдарды жашоодо бактылуу деп санашат. Кызыгы, беттин уячасы тукум кууп, ата-энеден мураска өтөт, ал болсо жаш өткөндө пайда болуп же жоголуп кетиши мүмкүн.

 

 

 

 

 

 

Эми, беттин уячасы эмнени билдирет?

Жылмайган учурда бетинде уяча пайда болгон адамды бардык иштерде ийгилик аркалап жүрөт деп айтышат. Мындай адамдар жашоодо шайыр жана позитивдүү болушат. Дагы бир версиясында, беттин уячасы адамда сексуалдуулук менен шармдын бар экенинен кабар берип, каршылаш жыныстын көңүлүн өзүнө тартат. Мындай адамдар түшүндүрүлгүс өзүнө тарткыч жана көз карандысыз болушат.

 

 

Эгер адамдын бетинде уяча болсо, анда ага молчулук жана көңүл ачуу жагат. Жөнөкөй жашоодо алар, аристократтык натурасына карабай, жоомарт жана кандай гана убакта болбосун, жардамга келе ала турган адамдар болушат. Эркектин да, аялдын да бетинде уячанын болушу анын менменсингени менен авторитардыгынан кабар берет деп физиогномиктер ишендиришет. Кээ бир кырдаалдарда алар деспот дагы боло алышат.

 

 

Уяча сол бетте болсо эмнени түшүндүрөт? Бул белги, адамдын кулк мүнөзү көз карандысыз жана ал күнүмдүк жашоого бат аралаша алат дегенди билдирет. Мындай адамдар көбүнчө өздөрү ойлоп таап алган дүйнөсүндө жашайт.

 

Эгер уяча оң бетте болсо, демек бул адам жатык жана темпераменттүү. Анан дагы, эгер уяча оң бетте болсо, андай адамдар жаңы ишке бат киришип кете алышат.

 

 

Илимде уяча генетикалык дефект катары түшүндүрүлөт, башкача айтканда бул бет булчуңдарынын түзүлүшүнүн өзгөчөлүгү. Кандайыр бир жол менен бул булчуңдарды уяча болгонго көндүрүп же эдик ыкмалар менен андан арылууга мүмкүн эмес. Жалгыз жолу – хирургиялык кийлигишүү. Кээ бир адамдар мындай операцияга макул болушат, андан арылууга эмес, тескерисинче, бетин уяча менен кооздогонго.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️