Пример HTML-страницы

15 жаштагы күрөш менен машыгып, мелдештерге катыша баштады

Акыркы жанылыктар

TurmushБакай-Ата районунун Өзгөрүш айылынын 15 жаштагы тургуну Асел Жапарова эркин күрөш боюнча Азия чемпиону аталды. Аймактык кабарчы балбан кыз менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурда Бишкек шаарындагы Шераалы Сыдыков атындагы Республикалык спорттук колледжинде билим алып жатат.

«Айылыбыздагы Үсөнбай Акынбеков атындагы орто мектепте 7-класска чейин окугам. Андан соң Бишкек шаарындагы Шераалы Сыдыков атындагы Республикалык спорттук колледжинде билим алдым. Үй-бүлөдө 4 бир тууганмын, 2 кыз 2 балабыз. Мен эң кенжеси болом.

Спорттун эркин күрөшү менен машыгып келем. Спортко өзүмдүн кызыгуум менен келгем. Үй-бүлөм мелдеш учурунда колдоп, түрткү берип турат. Алардын колдоосу менен мелдештерди утуп келем. Максатым — Олимпиаданын чемпиону болуу. Күнүнө 2 маал машыгам.

Мелдеш учурунда сүрдөп, толкундоолор болот. Алгачкы мелдештерде балдар менен күрөшүп, аларды жеңип биринчи орун болгом (күлүп). Азия чемпионатында 1-орунду ээлегем.

Үй-бүлөм спортко машыгууга эч кандай каршы болгон эмес. Спортко 12 жашымда келгенмин. «Кичине болгон кыздар күрөшкөнгө болбойт» деген сөздөр болчу. Бирок ага карабай спорт менен машыгып келем», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE