Өзүңдүн мыкты экениңди кандай билесиң?..

https://kyrgyzcha.site/?p=36584&preview=true Пайдалуу кеңештер.

Өзүңдүн мыкты экениңди кандай билесиң?..

 

9. Сурооңо жооп издегенде акмактын кейпин кий.

 

10. Кол шилтей сала турган жерде майда-чүйдөлөрдү ойлоштур.

 

11. Шылтоо издеген жердин баарынан натыйжа чыгар.

 

12. Өзгөнүн пикири менен келишип турсаң да өзүңдүн оюңду изде.

 

13. Жаңылыштык жасап, акмак болуп көрүн.

 

14. Бир ирет жасап көр, жаңылыш, анан дагы да жасап көр.

 

15. Демиң кургап калса да ылдам жүгүр.

 

16. Сага катаал болгон адамга да мээримдүү бол.

 

17. Эч ким жетпеген даражага кол жеткизип, эч ким үлгүрбөгөн убакытта үлгүр.

 

18. Жумушуң жүрбөсө да ар бир аракетиңе жоопкерчилик менен кара.

 

19. Тандаган багыттагы кедергилерге маани бербей алдыга карай гана талпын.

 

Кыйын иштерди жасап үйрөн. Башкалар жасабаган жумушту сен жаса. Өзүң корккон жумушту жаса. Мынаны бүтүрүүгө чамам жетеби, жокпу деген иштерге билекти түрө кириш.

 

Сенин ким экениң ошол кезде көрүнөт.

Ийгиликке жеткен адам менен карапайым адамдын өмүрүнүн айырмачылыгы ошол гана.

 

Кыйын иштерден башыңды алып качуу эң оңойу. Жасагың келбесе шылтоолор табыла берет. Катардагы жөнөкөй адамдар ийгиликке кандай жетет? Бир гана аныктама бар — алар кыйын иштерге билек түрө киришет. Алардан акылдуу, бай, бийликтеги адамдар чочуган ишти жалгыз өзү көк беттик менен бүтүрөт.

 

Кыйын иштерди танда. Ошондо өзүңдүн кандай мыкты экениңди көрөсүң.

 

 

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️