Убакыт – учкан куш” демекчи, кечээ эле жаңы кадам койгон балаңыздын эми сүйүүгө кабылып, ар тараптан өзгөргөнүн байкасаңыз керек. Анткени өспүрүм куракта бала физикалык эле эмес, психологиялык жактан да өзгөрүүгө учурайт. Мындай учурда балага кандай мамиле кылыш керектигин билгениңиз жакшы.
Өспүрүмдөгү сүйүү белгилери
Үй-бүлөлүк психологдордун айтымында, өспүрүм курак, тагыраак айтканда, 12ден 17 жашка чейинки убак балдар үчүн да, ата-энелери үчүн да эң оор убак болуп саналат. Бул куракта балдардын негативдүү жактары активдүү өнүгөт. Улуулардын айткандарын калп деп эсептеп жокко чыгарышат. Мисалы, ата-энеси “тамеки тартпа, ал ден соолугуңа зыян” деп айтса, сөзсүз түрдө “аны татып көрүш керек экен” деп ойлойт. Ошондой эле бул курактагы балдар, кыздар алгачкы сүйүүсүнүн пайда болгонун оңой эле билдирип коюшат. Анткени алар эмоцияларын жашыра алышпайт.
Балаңыздын бирөөнү сүйүп калганын төмөнкү белгилерден байкасаңыз болот:
1. Үйдө көп турбайт. Мурда балаңыз үйдө кечке компьютердин жанында же сабак окуп отурган болсо, сүйүүсү башталган учурда үйдө көп болбой же кеч келип калат. Муну байкасаңыз, балаңызга дароо эле үйдөн чыгууга тыюу салбай, үйгө саат канчада келиши керектигин түшүндүрүп, баскан-турганын көзөмөлдөп туруңуз.
2. Телефондо мурдагыдан көбүрөөк сүйлөшөт. Бала кимдир бирөөнү жактырып калганда телефондо көп сүйлөшүп баштайт. Буга чейин телефондо ата-энесинин көзүнчө сүйлөшсө, эми сыртка чыгып өзүнчө сүйлөшөт.
3. Көбүрөөк акча сурап баштайт. Мындай көрүнүш айрыкча эркек балдарга тиешелүү. Себеби жолугушуулар аз да болсо акча муктаждыгын жарата баштайт. Бул учурда балаңызга акчаны чеги менен бериңиз, болбосо өз алдынча акча табуунун жолдорун издеп баштайт.
4. Маанайы өзгөрөт. Мында баланын маанайы жактырган адамы менен болгон мамилесине жараша өзгөрөт. Эгер экөөнүн мамилеси жакшы болсо, көңүлү дайым көтөрүңкү жүрөт, тескерисинче, экөө уруша кеткен болсо, маанайы жок болуп, кыялын көрсөтө баштайт.
5. Сырткы келбети өзгөрөт. Өспүрүмдүн сүйүп калганынын дагы бир негизги белгиси – сырткы келбетине абдан көңүл буруп калуусу. Бала өзүнүн кемчиликтерин өзү байкап, чоңдордун сынын жактырбай калат.
Мунун баары ар бир өспүрүмдө болуучу шарттуу белгилер. Ошентсе да балаңыз менен ачык сүйлөшүп анын сезимдери тууралуу билгениңиз оң.
Ата-энелерге кеңештер
Көпчүлүк ата-энелер бул курактагы баласынын сүйүүсүн ишенбестик менен кабыл алат. Баласына “сен азыр кичинекейсиң, бирөөнү сүйүү үчүн сага али эрте” деген сыяктуу сөздөрдү айтып, анын сөзүн угуп да коюшпайт. Мындан да жаманы – баласын шылдыңга алганы. Анын аягы жакшылыкка алып барбайт. Бала менен ата-эненин ортосундагы мамиле бузулуп, кээ бир балдар, айрыкча алгачкы сүйүүсү жоопсуз калгандар өзүнүн өмүрүн кыюуга да барышы мүмкүн. Бала менен ата-эненин ортосунда пайда болгон түшүнбөстүктүн дагы бир себеби болуп баланын сүйүктүүсү эсептелет. Акылдуу ата-энелер гана аны сынга алышпайт. Көпчүлүк учурда ата-энелер баласы тандаган кызга же балага каршы болушуп оюндагысын эмоцияга алдыруу менен айтышат. Жыйынтыгында үй-бүлөдө оор психологиялык абал жаралат. Үй-бүлөдөгү мындай түшүнбөстүктөрдүн алдын алуу үчүн ата-энелерге төмөнкүдөй кеңештер сунушталат:
1. Балаңыздын достору менен таанышыңыз. Ата-эне үчүн баласынын кимдер менен чогуу жүргөнү абдан маанилүү. Балдарга кичинекей майрам уюштуруп берип алардын жүрүш-турушун, мүнөзүн байкасаңыз болот. Бирок аларды кечке эле көзөмөлдөй берсеңиз, өздөрүн ыңгайсыз сезишет. Ошондуктан кандайдыр бир убакытка балдарды өзүнчө коюңуз. Ошондо балаңыз да сиздин ага болгон ишенимиңизди баалайт.
2. Жактырган адамы менен таанышыңыз. Ага сүйүктүүсүн үйгө алып келүүсүн айтыңыз. Бирок стол жасап укмуш даярдануунун кажети жок. Балдар мындайга али жаш. Жөн гана сүйлөшүп анын кандай адам экенин баамдаңыз.
3. Сындабаңыз. Балаңыз жактырган адам менен жолугушкан соң ал сизге жакпай калса, дароо балаңызга айтпаңыз. Жай гана ал адамдын эмнесин жактырарын сураңыз жана аны түшүнүү менен кабыл алыңыз.
4. Нотация окуй бербеңиз. Бул ата-энелердин кеңири тараган катасы болуп эсептелет. Балаңызды сөзсүз угуп, ага туура кеңеш бергенге аракет кылыңыз. Өспүрүм курактагы сүйүү бат эле өтөрүн, ал эми балаңыздын ишенимин кайра кайтара албасыңызды эске алыңыз.
5. Туура чечим кабыл алуусун өзүнө коюңуз. Балаңызга тандоо мүмкүнчүлүгүн бериңиз. Туура эмес болсо да өзү чечсин. Бирок үстүртөн байкап туруңуз.
6. Сүйүшкөндөрдүн мамилесине кийлигишпеңиз. Аларды уруштуруу үчүн эч качан бир нерселерди ойлоп таппаңыз. Тилекке каршы, бул ата-энелердин дайымкы практикасы. Эртеңки күнү эмне болорун билбейсиз. Эгер балдардын сүйүүсү түбөлүктүү болсо, сиз алардын биринчи душманы болуп каласыз.
7. Өзүңүздүн алгачкы сүйүүңүз тууралуу айтып бериңиз. Тартынбастан кенен жана эч нерсени жашырбастан ачык айтыңыз. Муну менен бала өзү анализ жүргүзүп туура чечим кабыл ала алат.
8. Баланын өзүн-өзү баалоосун өстүрүңүз. Балаңыздын жактырган адамын “чалба, сүйлөшпө” деп уруша бербестен, балаңызды көбүрөөк мактаңыз. Ал өзүнө ишенимдүү өссүн. Убакыттын өтүшү менен оюн өзгөртүшү мүмкүн.
9. Балаңыз менен дос болуңуз. Ал ар дайым сизге кайрылып жардам ала ала тургандай болсун. Аны менен ар кандай темада кенен баарлашыңыз. Жадагалса секс тууралуу сүйлөшүп, учурда болуп жаткан терс көрүнүштөрдү мисал келтирүү менен ар кандай жугуштуу оорулардан алыс болуусун эскертиңиз. Анткени баланын секс тууралуу түшүнүгү өспүрүм куракта эле пайда боло баштайт.
10. Окууга болгон кызыгуусун арттырыңыз. Бул курактагы балаңызда сүйүү пайда болгонун байкасаңыз, аны менен окуу тууралуу көбүрөөк сүйлөшүп окууга болгон кызыгуусун арттырыңыз. Болбосо мындай куракта бала бат өзгөрүп, оюнун баары сүйүүдө болуп атып окууну экинчи планга калтырып коёт.
11. Балага ашыкча эркиндик бербеңиз. Анын баскан-турганын көзөмөлдөө менен ар кандай дискотека, кечелерге көп жибере бербеңиз. Анткени азыркы учурда алкоголдук ичимдиктерди ичип алып жаман иштерге барган балдар көп кездешүүдө.
12. Интернетти колдонуусуна чектөө киргизиңиз. Себеби учурда виртуалдык сүйүү өнүгүүдө. Социалдык тармактардан сүрөтүн көрүп алып эле сүйүп калып, кийин өкүнүп калат. Ошондуктан интернетти пайдалуу иштерге гана колдонуусуна түрткү бериңиз.
Кандай болгон күндө да ар бир ата-эне жогорудагыдай маселеге учурайт. Мындай учурда балаңыз эми чоң адамдардын катарына кошулганын, ал да сиз сыяктуу ката кетирүү менен туура чечим кабыл аларын унутпаңыз жана балаңызды колдоңуз.
Өспүрүм курактагы сүйүүнүн зыяндуу жактары
Мындай сүйүү эпидемия сыяктуу. Мектеп жашында, айрыкча 9-10-11-класстарда сүйүшкөн жуптар пайда болуп, смс аркылуу бири-бирине сүйүүлөрүн арнашып, майрам күндөрү белек беришкен адат чыгат. Бул “оору” башка класстарга да өтөт. Ал жуптар ар кандай болушу мүмкүн: кээ бирлери жөн гана достошуп жүрсө, кээ бирөөлөрү бири-бирине өтө жакын болуп кетип, жадагалса өбүшүп, сексуалдык жашоону да жашашат. Мунун арты жамандык менен аяктап тагдыры бузулган жаштар да кездешпей койбойт.
Өспүрүм курактагы сүйүүнүн пайдалуу жактары
Өспүрүм курактагы жуптар бири-бирине ишеним артып пикир алышуусунун натыйжасында алар бири-биринин мүнөзү, пландары, кыялы тууралуу биле алышат. Ошондой эле мүнөзүн, жүрүш-турушун, жашоосун башканыкы менен салыштыруу менен интеллектуалдык жана эмоционалдык тажрыйбасын байытат. Аны менен катар бирөө менен туура пикир алышканды үйрөнөт.