Медайым телефонунан сандарды элпек терип сүйлөшүүгө чыгып кетти. Тынчтык «кимиси болду экен?» деген санаада калды. Жаны кейип турган ушул маалда ага кимисинен болсо да башкысы жардам керек эле. Ал ушул оор акыбалда да Күмүштүн алдында күнөөлүү экенин мойнуна алып турду.– Байке, Айнек деген менен сүйлөштүм. Келинчегиңиз турбайбы, «азыр келем» деди.– Айнек, — ысымды кайталап жүрөгү тынчтана түштү.***– Деги эмне болуп кетти, жайчылыкпы? – көз жашын мончоктоткон Айнек алда качан эле ыйлап алган өңдүү. Тынчтыктын жанына жетип-жетпей чөк түшүп отуруп, колдорун бекем кармап ыйлап да, сүйлөп да атты, — курган жаным, минтип калганыңды кайдан билейин. Таарынып отурбаймынбы. Эмне болдуң ия, эмнең ооруйт? – бир колун, бир жүзүн сыйпалап, алактап бүт дене боюна көз чаптырып атты.– Болду, ыйлаба, – Айнекке кошулуп ыйлап жиберчүдөй болуп ушул кепке араң жарады.***Тынчтыктын жүлүнүнө оор операция жасалганына он беш күндөй болду. Ордунан турмак турсун, төшөктө кыймылсыз жаткан анын азабы бүт Айнекке жүктөлдү. Кызын бир жетелеп келип, бир кошунага тапшырып коюп күн-түн дебей жанынан чыккан жок. Операциясына асмандын башын чапчыган акча кетти. Дагы жакшы, кыйышпас достору бар экен, колдон, буттан алып кетишти. Бирок минтип жардам кылып аткан адамдар менен Айнектин тил табышып кетиши кыйын болду. Биринен-бири угуп акыбалын сураганы келген айрым достору ачыктан-ачык эле Тынчтыкты жек көрүп да атышты. Кээси Айнекке «сен ким элең» дегендей тоң мамиле кылса, кээси «бир байкуш экенсиң да» дегендей жалооруй карап туюкка кептейт. Аялдын оозун тыйыш кыйын эмеспи, өгүнү бир аяшы көргөнү келип эринин «кой-ай» дегенине болбой зирпилдеп, какшык кептери менен уулап кетти.– Дагы жакшы, Тынчтык, аман калыптырсың. Адам көөп, ырыскысын тепсеп калганда эле ушинтип бир балээге кабылат, – Айнекти жек көрө карап көзүн сүздү.***Күмүшай календарга кадалып үнсүз. Башында миң санаа. Дагы бир жума күтсө Тынчтыктын келбегенине туура бир ай болот. Бир жумада бир канча эле жолу каттап жүргөнүндө балдары сагынчу эмес экен. Эми биринен аша бири жол карап, атасынын дайынын сурап айласын түгөтүп атат. Үйгө келген туугандардан күйөөсүнүн кылыгын жашырып «алыска иш сапарына кетти» деп койгон. Досторуна чалып сурагысы келип, бирок бирин-бири сынап турган аяштарына кеп болуп калбайын деп чалган эмес. Эми ошол атаандаш аяштарынын бири чалып калыптыр.– Алло, жакшы, кандайсың?– Жакшы, Тынчтыкты кимге табыштап койгонсуң?– Тынчтыкты? – Күмүшай үчүн күйөөсүнүн ысмы «сүйүнчү» деген кептей эле угулду. Бирок «табыштап койгонсуң» дегенин түшүнө бербеди.– Ооба, эриңди. Биз ооруканага эки ирет бардык. Жанында да бир топ отурдук. Сени келеби десек эле жоксуң.– Кайдагы оорукана? Тынчтык ооруканада бекен?– Аа кокуй, ушундай де. Сени билип эле барбай аткан экен деп атпаймбы. Жанында тигиниси көпөлөктөй айланып жаны тынбай атканынан сени сурай албай койдум эле.– Жанындагысы ким экен? Мурда-кийин көргөн эмес бекенсиң? – Күмүшай эмне иш болгонун алыстан боолголоп, эң алды Тынчтыктын жанындагы ким экендигин билип алгысы келди.– Жок, кайдан тааныйын? Иши кылып бирин-бири бөпөлөп болушпайт…Аяшы Күмүшкө болгон билгенин төкпөй-чачпай айтып берип, кеп арасында Тынчтык экөөнүн ортосун кандай кара мышык аралап кеткенин кошо сурап жаагы тынбай атты.***Балдарынын атасынын оор кырсыкка кабылганы Күмүшайдын санаасына бүлүк салды. Аманчылыгын, жакшы болуп кетишин чын ниетинен суранып Кудайга жалынып атты. Бирок ушундай оор абалда күйөөсүнүн жанында өзү эмес, башка аял экендигине, ага кам көрүү бактысы өзүнө буюрбаганына ичи сыйрылып, ызаланып да турду. Башын айландырган ойлорго оролуп кирпик какпай таң атырды. Акыры барып акыбалын бир билип коюуну чечти. Балдарын ээрчитип алууну ойлонуп, бирок атасынын төшөктөгү абалы, анын жанындагы аял наристе сезимдерин жабыркатпасын деп өзү жалгыз жөнөдү.Жанагы аяшынан тактап алган дарек боюнча палатага чейин адашпай түз кирип барды. Көзүнө үч оорулуу эркектин арасындагы жалгыз аял биринчи урунду. Тынчтык ушул аялдын жанында экенин билип керебеттерди аралай алардын жанына жакындады.– Кел, Күмүшай, — Тынчтыктын үнүнөн улам Айнек ордунан атып турду. Аны теше тиктеген курбусунун көзүнө көзү чагылыша түштү.– Айнек, сен белең? Күмүшайдын бала күнүнөн бери ага тааныш сулуу кол жазмасын биринчи жолу суктануусуз кабыл алды. Жанатан берки жүрөгүн элеп-желеп кылган кубаныч заматта жок болуп, суз тарта түштү. Кат кенен жазылыптыр.“Бешик бооң бекем болсун, Айнек. Балалуу аял катары балаңа аманчылык, ден соолук каалайм. Бактылуу болсоң керек. Бирок сен буга адамгерчиликсиз жол менен жеттиң. Муну абийириндин, уятыңдын алдында тана албасаң керек. Мен сага абдан нааразымын. Сен бакыт уурдаган бактысыз аялсың.Сен менин жашоомду буздуң, балдарымды жол караттың, ден соолугумду талкаладың. Сенин айыңдан мен никеде, бирок күйөөсү жок аял болдум. Сен күйөөлүү болгондон баштап мен күйөөсүз калганымды сен ойлонуп да койбосоң керек. А мен эл көзүндө эрлүү, узун түндө жесир аялдай жаздык кучактап уктап, анымды жан адамга билдирбей убайымда жашадым. Акыры минтип толгон оорунун курчоосунда калдым. Жүрөгүм элжиреп сүйүп тапкан адам акыры мени жүрөк оорулуу кылды. Мени чет өлкөдө жасалуучу олуттуу операцияга жазышты. Эки баланы жалгыз караган аялда кайдагы каражат. Мен дарылануудан баш тарттым, тагдырыма моюн сундум. Бул оору мен күтпөгөн, өзү каалаган маалда жанымды аларын дарыгерлер жашырышкан жок. Оорунун ушул коркунучун эске алып гана сага эрте күндө кат жазып отурам. Өтүнүчүм — мен жарыктан жок болгон соң уулдарым атасы менен болушсун. Тынчтык балдарынан баш тартпайт деген үмүттөмүн. Сен ага каршы болбо. Колуңдан келсе жетимдеримди чекесинен сылап кой. Аларды атасынан ажыратпа. Мени күйөөсүз калтырганың жетишет.Мен канча жашым калган болсо, анын баарын балдарыма мээрим төгүп, тарбиялап, алардын атасын кыйнабагандай эстүү болууларына жумшайм. Узак жашаган адам үчүн деле жашоо көз ирмемдей экен. А мен карылардын жарым жашына да жетпейт окшойм. Аз калган өмүрүмдө аз да болсо жакшылык кылып жетишип калайын дедим. Белектеримди кабыл алып кой”.Каттын соңуна ошол күндүн датасы жазылып, Күмүшай кол коюптур. Айнек мууну бошоп отуруп калды. Башына эч бир ой келбеди. Чындыктын мынча ачуу болорун билбептир.***Бул маалда Күмүшай Тынчтыкка деген катын жазууга олтурган. Айнекке катты заматта жазып койгон. Көрсө, ачуу, ыза менен кайталана берген ойлору сөзүн дапдаяр кылып койгон тура. А Тынчтыкка кепти эмнеден баштап, эмне деп жазардын жолун билбей катуу убара болду. Эмнегедир эртеңки бүдөмүк күнү, Тынчтыктын көз көрүнөө жанына таш батырган мамилеси тургай, жашоого жаңы кадам койгон бактылуу учурларын эстесе да көзүнө жаш айланып ыйлап гана туруп алды. Тынчтык анын башы жок, аягы жок махабаты, сүйүү жомогу болгон экен. Ак барак сөзгө толбой, тыпылдаган көз жашка чыланып жатты.***Эшиктен баш баккан Тынчтыктын жүрөгү шуу дей түштү. Демейде дарбаза “кыйч” этери менен чуркап чыкчу наристе кызы да, уулун көтөрүп жолун тосчу Айнек да көрүнбөйт. Көз байланып калган убак болсо да үйдүн жарыгы алигече жана элек. Жарыкты жандырып ого бетер маанайы суз тарта түштү. Эртең менен дасторкон кандай жайылып, чачылган болсо, ошол бойдон иретсиз жатат. Болбосо бул маалда дасторкон жаңы жазылып, ысык тамактын жыты бөлмөгө толуп турчу. Шашыла ички үйгө баш бакты. Айнек уулу менен, кызы берирээкте уктап жатышат. Жүрөгү ылдыйлай түштү. Бирок эмнеге мындай беймаал жатышат деген кыжалаттык менен кайра сыртка чыкты. Бутка чалынган себеттен улам жанындагы белек-бечкектерге көз салды. Аларды аяр кармап көргөнчө бир барак кагазга да жетти. Кат Күмүшайдан экенин анын кол жазмасынан эле жазбай тааныды. Шаша окуп чыгып шалдайып отуруп калды.Көз алдында жер көчкөндөй башын мыкчыган Тынчтык Күмүшайсыз жашоого таптакыр макул эмес болуп турду. Көздөрүн жоодураткан балдарынын энеси жок ыйламсырап тургандарын элестетип алып, кайра бул оюнан кутулганча шашты. Азыр эле аны жоготуп алчудай алапайын таппай кетти. Мындай абалда дагы ойлонуп отурууга мүмкүн эмес эле. Токтолбой машинесин от алдырып, чукул кайрылып зуулдап жөнөдү.***Айнек Тынчтыктын аялына, балдарына кеткендигин ошол түндө эле билген. Биринчи жолу ал Тынчтыктын кетишине кызганыч кылган жок. Келбегенине жума чамалап баратат. Жүрөгүнүн тереңинен кылт эте калып турган сагынычты күч менен басып, ар бир саат, мүнөттү ошол ирмемдер менен гана өткөрүп жатты. Эртеңдер тууралуу эч ойлоно албады, ойлонгусу да келбеди. Кызы менен уулунун күлкүсүн, ыйын эрмек кылып, тар бөлмөдөгү түйшүгү менен убакыт өткөрө берди. Бул анын өмүрүнүн аягына чейинки күнүмдүк түйшүк менен гана коштолчу жашоосунун алгачкы барактары эле .***– Тынчтык мырза, операция ийгиликтүү өттү. Келинчегиңиздин абалы жакшы.– Рахмат, доктур. Биз оорудан биротоло кутулдукпу? – Тынчтыктагы коркунуч дагы деле тарабай турганы байкалып турду.– Буюрса. Болгон аракетти кылдык. Бирок мындан кийин ал адамдын жашоосу толук тынчтык мене өтүшү керек. Санаа, стресс, катуу ойлонууга да болбойт.– Жарайт, доктур. Мен эми ал үчүн колумдан келгендин баарын кылам, – Тынчтык доктур узап кеткенине карабай кебин уланта берди, — мен эми аны эч качан таарынтпайм. Болгону балдарым үчүн бар болчу, Күмүш. Алар үчүн мени кечирчи. Мен сенсиз кантем.
(Аягы)