Пример HTML-страницы

Turmush: Нооруз: Жалал-Абаддагы майрамдык салтанаттан сүрөттөр

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 21-мартта Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында Нооруз майрамына карата 2 боз үй тигилип, улуттук кийимдердин көргөзмөсү уюштурулду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Калаадагы Эркиндик аянтында өткөн майрамдык салтанатка Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнис Ормоков, Жогорку Кеңештин депутаты катышты.

Майрамдык салтанаттын жүрүшүндө атайын театрлаштырылган оюн-зоок, концерттик программа тартууланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE