Пример HTML-страницы

“Сен эмне айылда жашайсыңбы?”

https://kyrgyzcha.site/?p=58774&preview=true Кызыктуу окуялар.

Шорпо муздап калбасын деп жүн жоолугуна ороп алат. Убара болуп чайды отко кайнатканын бир ууртаганда эле билесиң. Жакшы көргөн кожогат вараньемди чынынга салып үстүн пакет менен жаап коет. Мен баарын ичип, идиштерин бошотуп бермейин ордунан жылбайт. Бүткөндөн кийин баарын чогултуп, бетимен өөп чыгып кетет. Анан кадимки кичинекей баладай ыйлайм. Эмнеге экенин өзүм деле билбейм. Балким, өз ата-энем мынчалык камкордукту көрбөгөнүм себептир.

Кайын энем мектепте пол жууп иштейт. Күйөөм анын жалгыз баласы. Шахтада жумушчу. Аябай жөнөкөй, жаны тынбаган аракетчил, жүрөгү ушунчалык таза жигит. Ошон үчүнбү билбейм, бир көргөндө эле жактыргам. Өзүм артынан барып телефонун алгам.

“Сен эмне айылда жашайсыңбы?” Буга чейин менин жашоомо кызыкпаган, акчаны биринчи орунга койгон ата-энем эми минтип мени ойлой башташты. Билесиңерби, кичинемде алар менен бир күн чогуу болгум келчү. Аттиң андай болбоду, ар кайсы туугандын үйүнө таштап, жумуштарына кетип калышар эле. Билем, алар акча таап жакшы жашагылары келди. Бирок, кичинекей сары кызга атасы менен апасынын сүйүүсү, мээрими эле керек эле.

 

 

Босогону аттарым менен кайын энем “айланайын кызым”,-деп ак жоолугу менен тосуп алды.  Үйгө бир сыйра көз чаптырдым, жөнөкөй эле айылдын үйү. Бирок, ичинде бир жылуулук бар эле. А биздин үй муздак болчу.

 

 

Күйөөм таң эрте жумушка кетет. Кайын энем экөөбүз шашпай ойгонобуз. Жумуртка кууруп жеп алып, үй иштерине киришебиз. Курут эзебиз, тоок союп жүнүн тазалайбыз, май токоч жасайбыз. Түштө кобурашып отуруп чай ичебиз. Анан кайын энем жумушуна кетет. Ал кечинде мектептин полун жууйт. Түндө күйөөм экөө чарчап келет. Мен чуркап чыгып тосуп алам. Кайын энем бир бетимден, күйөөм экинчи бетимден өбөт. Тапчанга отуруп алып, саратандын сайрагандарын угуп тамактанабыз. Жашоо деп ушуну айт.

 

Бир күнү кайын энем жумиушунан чуркап келди. “Жүр, бол тез”,-деп мени кайдадыр алып жөнөдү. Мектепке барып, директордун кабинетине кирдик. Төрдө директор кагаздарды карап отуруптур. Бизди көрүп ордунан турду. “Мактап жаткан келиниңиз ушубу?”,-деди.

— Сени, апаң жакшы сүрөт тартат деди.

— Ооба, дизайнердин окуусун бүткөм.

— Бизге сүрөтчү мугалим керек болуп жатат. Балдар менен иштеше аласыңбы?

Түшүнбөй кайын энемди карадым. Көрсө, кайын энем мектепте вакансия ачылганны угуп, бирөө алып койбосун деп мага чуркап келиптир.

 

Сыртка чыктык.

— Кызым, үйдө отуруп зеригесиң, андан көрө иштеп ал. Кийин балам экөөң шаарга кетсеңер, эмгек китепчеңде стажың болот.

— Апа, сиздин жаныңыздан эч кайда кетпейбиз.

— Кой антпе кызым, мен карыдым, силер жашсыңар. Бир аз тыйын топтоп алып шаарга барып, эл катары жашайсыңар. Чоң там салып анан мени алып кетесиңер. Мен үйдө неберелерим менен силерди жумуштан качан келет деп күтүп отурам.

Кайын энем ар дайым ушинтип кыялданат. Күйөөм сөзсүз ошондой болорун айтат. А мен айылдан, кайын энемдин жанынан кетким келбейт.

Эки жумадан бери  катуу ооруп бейтапканада жатам. Кайын энем эки айыл жөө басып, күн сайын тамак ташыйт. Күйөөм байкуш жумушу бүткөндө, түндөп келип кетет. Кайын энемдин кыялын орундатуу үчүн тезинен сакайганга аракет кылып жатам. Бирок, дале алсызмын. Баса, кечээ кайын энеме кошулуп 36 окуучум келип кетти. Дарыгерлер, “сен ушунча жакшы адам окшойсуң э”,-дешти. «Жок, кайын энем менен күйөөм жакшы адам, ошон үчүн мен жакшымын»,- деп жооп бердим.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE