Пример HTML-страницы

Москва районунда  куткаруучулар менен мугалимдер сармерденде беттешти

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 19-мартта Чүй облусунун Москва районунда куткаруучулар менен мугалимдердин ортосунда «Кыз-жигит» сармерден оюну өттү. Бул тууралуу калыстар тобунун мүчөсү Наргиза Умарова билдирди.

Анын айтымында, иш-чара Нооруз майрамына карата уюштурулган. Ага ӨКМдин 86123-аскер бөлүгүнүн офицер тобу жана №4 Ак-Суу орто мектебинин мугалимдери катышкан.

«Байыртан муундан-муунга өтүп, көөнөрбөс салтка айланган «Кыз- жигит» оюну райондогу куткаруучулардын менен мугалимдердин ортосунда өттү. Анда Нооруз майрамына карата куттуктоолор айтылып, катышуучулар салттуу оюнду даңазалашты. 8 номинациядан турган өнөр таймашында табышмактар, жаңылмачтар, макал-лакаптар айтылып, комуз күүсү жаңырып, бийлер бийленип, обон созулуп, сөз берметтери кол чабуулар менен коштолду.

«Караңгыда жол тапкан, капилеттен сөз тапкан» куткаруучу мырзалар шамдагайлыгын көрсөтсө, ак элечек кийинген, тал чыбыктай ийилген айымдар өнөрлөрү менен көрүүчүлөрдү таңдантты. Ошентип, салттуу оюнду, улуттук каада-салтты аздектеген таймашта айымдардын «Кыз бурак» тобу артыкчылыгын көрсөтүп, ардак грамота жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Иш-чарада жеке таланттар төш белги да тагынышты», — деди Наргиза Умарова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE