Пример HTML-страницы

Москва районунда 100 миң сомдон алган 50 үй-бүлө кандай багытта иш жүргүзүүдө?

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Москва районунда социалдык келишимдин негизинде 100 миң сомдон алган 50 үй-бүлө 6 багытта иш жүргүзүүдө. Бул тууралуу райондук эмгек, социалдык жана миграция башкармалыгынын башчысынын орун басары Айгүл Дадиева билдирди.

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 100 миң сомдон ыйгаруу министрлер кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы №385 токтомунда көрсөтүлгөндөй социалдык келишимдин негизинде социалдык жардам берүү жөнүндөгү жобо жетекчиликке алынган.

«Районубуздагы 12 айыл аймагында 100 миңден ашуун көп улуттуу калк жашайт. Биз алардын ичинен бизнес-план түзүп, атайын комиссиянын кароосунан өткөн 50 аз камсыз болгон үй-бүлөгө 100 миң сомдон бердик. Алар негизинен төмөнкү 6 багыттарда иш жүргүзүүдө. 31 үй-бүлө мал чарбачылыгы үчүн сүт багытындагы уй, эт багытындагы кой, эчкилерди сатып алышкан. Ал эми 3 үй-бүлө таксиде кызмат кылуу үчүн автоунаа, 1 үй-бүлө жүк ташуучу «ЗИЛ» үлгүсүндөгү унаа алышкан. Ошондой эле жер иштетүүгө 2, тигүүчүлүккө 8, соода-сатыкка 5 үй-бүлө. Учурда баары тиешелүү жабдуулар менен камсыздалып, өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатат», — деди башкармалыктын орун басары.

Ошондой эле 50 үй-бүлөнүн аймактары боюнча токтолуп: «Беловодск айылынан 12, Александровкадан 6, Петровкадан 8, Биринчи майдан 6, Садовойдон 4, Чапаевден 5, Сретенкадан 3 Төлөктөн 3, Беш-Теректен 1 жана Предтеченкадан 2 аз камсыз болгон үй- бүлөлөр», — деди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE