Пример HTML-страницы

Кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланган делип, Базар-Коргон районунун архивинин башчысы кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун архивинин башчысы кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы архив агенттигинин Базар-Коргон райондук мамлекеттик архивинин башчысы Ж.К. 2023-жылдын 6-июлунда архивде сакталып турган документти жок кылып, анын ордуна архивдик сактоодо жок буйрукту тиркеген.

Мындан сырткары, сактоодо жок болгон 1999-жылдын 30-мартындагы сатуу жана сатып алуу келишимди 2023-жылдын 10-октябрында көчүрмөнү мөөр менен тастыктап берген. Архивдик көчүрмөнүн негизинде Жер ресурстар кызматынын Базар-Коргон филиалы тарабынан 20 363 000 сомго бааланган 1,5 га жер тилкесине болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт даярдалып берилген.

Топтолгон материалдар боюнча Базар-Коргон районунун прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттерин жүргүзүү үчүн Базар-Коргон РИИБге өткөрүлүп берилген.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында Ж.К. шектүү катары суралып, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96, 97-беренелеринин негизинде Базар-Коргон РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда тергөө амалдары жургузүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE