Пример HTML-страницы

Кочкордо кылым жашаган карыяларга белек берилди. Алардын улуусу 108 жашта

Акыркы жанылыктар

Turmush1-октябрь — Карылардын эл аралык күнүнө карата Кочкор районунда 100 жаштан жогорку 5 жашоочуга белектер берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Карыяларга президенттин, облус башчынын, акимдин жана айыл өкмөттүн белектери тапшырылды.

Кочкор району боюнча эң узак жашаган Туз айылынын тургуну Күлбүбү Келдибекова учурда 108 жашта. Ал эми Эпкин айылынын тургуну Шамшия Шалпыкова 106 жашта. Мантыш айылынын тургуну Жекей Молдобаев 102 жашта болсо, Кочкор айылынын тургуну Насикат Шергазиева 102 жашта. Төлөк айылынын тургуну Бурул Алымкулова 101 жашка чыкты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE