Пример HTML-страницы

Караколдогу жашоочуларга 6 казанда даярдалган сүмөлөк таратылат

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 21-мартта Каракол шаарында Нооруз майрамы белгиленип жатат, деп билдирди аймактык кабарчы.

Майрамдык иш-чара азык-түлүк жармаңкеси менен башталды. Андан кийин тургундарга театрлаштырылган оюн-зоок көрсөтүлүп, маданият кызматкерлери, ырчы-бийчилер концерттик программа тартуулап жатат.

Жергиликтүү тургундарды Каракол шаарынын мэри Эрмат Жумаев, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов, Каракол шаардык кеңешинин төрагасы Турат Акимканов куттуктады.

Иш-чаранын жүрүшүндө «Төкмөдөн күлүк Майра эле, төгүлгөн ыры дайра эле» аттуу эл аралык кыргыз-казак төкмө акындардын айтышынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болот.

Мэриянын маалыматы боюнча, майрамга келген тургундарга 6 тай казан сүмөлөк таратылат. Ошондой эле улуттук спорттук оюндар уюштурулат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE