Кайнатаңды хандай көр
Кайненеңди жандай көр
Айткан акыл-насаатын
Агарып аткан таңдай көр.
Берээр ашың, тамагын
Олтураарда төшөгүн
Кийерине кийимин
Айттырбастан камдай көр.
Кызмат кылып талыкпай
Урмат кылып жалыкпай
Купулга куп толо көр.
Кызынан кымбат боло көр
Адебине эритип
Акылына маарытып
Ак батасын ала көр.
Ашкан айкөл бала көр
Кайнагаңды бектей көр
Кайнилериң чептей көр
Кайын эже, сиңдиңди.
Жатындаштан жакшы көр, — дегенин укту. “Берейин деген кулуна, белен кылат жолуна, бербейин деген кулуна сатса чыкпайт пулуна” деген да бар, таяке деп алып, апасынын тыным алдырбай жумуш берип, төшөк тиктирип, печенье жасатып: “Жыйырма биринчи кылымдын келиндери кайыненелери үчүн өтө оор. Кайын жагын тоотпойт, сыйды билбейт. Кулактары катуу. Турмушту эң жеңил карайт. Ажырашууну намыс көрүшпөйт. Энеси турмушка даярдабаптыр, “заводской брак “деген сөзгө калтырба кызым. Мен колуман келишинче сени турмушка даярдадым. Тажасаң да айта берсем башыңда жок дегенде бир-экиси калаар. Эмки тарбия кайненеңден болот. Келин жаман эмес, келиндин барган жери жаман деген макал бар” деген турмушка даярдаган нуска сөздөрүн эстеп кетти. Келген жерим да, күйөөм да сопсонун. Мен да алардын чөйрөсүнө тең болушум керек. Насаат сөзүңөрдүн кереги жок, тажатышты деги жанды тынч койбой деп көңүлү айнып, телевизорду өчүрүп салды. Апам айткандай, жүдөп жоолук салынып, шөлпүлдөп кийинип алсам, кыздай койкойгон кайненем мени бир жакка ээрчиткенден уялбайбы. Кайненем кандай жүрсө мен да ошондой жүрөйүн деп ойлонду.
Быйылкы жаз, Таластан көчүп келип Ак өргөө конушуна чоң үй салып жашашкан Алымкан эненин үйү үчүн жемиштүү болду. Эки ай мурун кызы Айсулууну сүйгөнүнө кол менен узатса эми уулу Кемел үйлөнөм деп олтурат. Бирок энени түйшөлткөнү Кемелдин жетимдер үйүнөн чыккан бир кыз менен таанышып, ошону алам дегени болду. Уулум кайын журт, кайната, кайнене, балдыз, кайни, бажа дегендерди көрбөйт турбайсыңбы? Тектүү, ата-энеси бар эле жерден алсаң болбойбу? Анын теги кандай, баары бир тегин тартат. Ал кызды алсаң, тууган-катташың аз болот. Тарбиясы кандай? “Эрди эр кыла турган да, эрди кара жер кыла турган да – аял” деген макалдар бекер жерден чыккан эмес да. Аял алыш оюнчук эмес. Ашыкпай, алды артыңды ойлош керек. Сырдакана эле аяш атаңдын кызын көрсөңчү. Капырай, кызын жетимканага таштаган ата-эне жакшы деп ойлойсуңбу?
— Апа, ага ал күнөөлүү эмес да. Жетимканадагы кызды сиз көрбөй эле ушинтип айтсаңыз мейли, ага мен үйлөнбөйүн, дагы башкасынын апасы каршы болуп үйлөнбөсүн, анда аны ким алат. Кайрымдуулук, соопчулук деген сөздөрүңүз кайда? — деп басып кетти. Түнү менен апасы кирпик какпай ойлонуп чыкты.
Дагы сөз козгобой балким айнып калаар деп апасы күтүп жүрдү.
Алымкан апа эшиктин алдына тиккен роза гүлдөрүнө суу куюп, жүзүмдүн эски бутактарынын байланбагандарын байлап, жаңы тиккен алмаларына суу куйду. Быйыл ырас үшүк жүрбөй, ай жаанчыл болуп жаңы көчөттөрү бат эле өндү. Түштөн кийин тапчанда жүн тытып олтурган. Чымчыктар чыркылдап бир тобу келип калса керек. Жууркан-төшөк жеңил, жылуу болот деп жүндү атайын айылдан сатып келген. Кемел келип, магнитофонду иштетип, андан жалаң сүйүүгө жетпеген армандуу, муңдуу ырларды коюп койду. Апасынын жанына олтуруп жүндү чекемиктеп, жардамдаша кетти. Эне анын кыз жөнүндө кеп козгогусу келгенин билип, жылмайып койду. Демейде жүн тазаламак кайда. Ар кайсы ишти баштайт адамдай болуп, бирок аягына чыгарбай басып кетет. Сүйүү деген темирди да ийилтет экен да. Кийинки кездерде ал апасына жакын болуп, жалаң эле кыз жөнүндө сүйлөшкүсү келет.
— Апа, сизге кандай келин жагат?
— Мага сени сыйлаган келин жагат. Сени сыйласа, бизди да сыйлайт. Турмушка даяры керек. Тиги кызың канчада?
— Он сегизде.
— Өтө эле жаш экен. Кээ бир кыздар жаш күйөөгө чыгып, кайра ажырашып кетишет. Экөөнүн тең тагдырына чоң доо кетет. Кайра эртедир-кечтир турмуш курушат. Экинчи никеде турмушу оңолгондор, оңолбогондор да бар. Бирок, эң жаманы ортодо жетим, жарым жетим балдар көбөйүп кетти. Азыр бир жылда эле, эки миңге жакын жетим балдар чыгат экен. Алардын убалы кимге. Кыз кезинде баары жакшы. Келиним ыймандуу, ичинде арамы жок, түз жүрсө, айтканды айткандай илип алган, сак кулак болсо, турмуштун жарык, караңгы жагында бирдей болсо деп тиленем. Азыркы келиндер уул төрөгөндөн кийин жана колуна кенен акча тийгенде эле, ал күйөө, кайын журт жагына текеберленип, тоотпой баштайт. Менменсинип, кербезденип калышат. Күйөөнүн туугандары аркылуу айыпка жыгып, кемчилиги жок акылман аялга куулуп, күйөөсүн башкарганга өтүшөт. Тарбиясыз кыздар келин болгондо бейпилчиликте бактылуу жашоо дегенди акча, өзүнчө бөлүнүп жашоо деп түшүнүшөт. Адамга канчалык көп дүнүйө берсе ошончо анын көзү тойбой, муктаждыктары да эч качан түгөнбөйт. Келиним каниетүү, сарамжалдуу болсо деп тиленем. Ыйман китептен: “Каниетте — эркиндик, ачкөздүктө болсо туткундук бар. Ачкөз адам башкалардын көзүнө бечара жана кедей болуп көрүнөт жана ал бүткүл өмүрүн эч качан орундалбас куру тилек максаттар менен армандуу ниеттерге сарптап жок кылат. Каниет болсо аброй жана ызатка жеткирип, сугалактык болсо жаманатты болууга алып келип, абийирсиздикке карай жетелейт. Адамдын кулк мүнөзү жана адеп-ахлагы каниеттүүлүк менен сулуу. Сарамжалдык — байлыктан да мыктыраак” деп окугам. Эң туура. “Алган жарың жаман болсо үй-бүлөңдөн чыр кетпейт, алган жарың жакшы болсо ак жүзүңдөн нур кетпейт”,— деп баласын карады.
— Шумдук, мунун баарын ыйман китептерден окудуңузбу? Китептегидей жаша дегени турасызбы? Эми азыркы келиндер кыйын деп, үйлөнбө дейсизби? Айсулууну ыймандуу келин болду деп, ойлойсузбу? Мен Маяны алам, апа!. Башканын кереги жок ,— деп берген суроолоруна жооп албай чыгып кетти. Кемел кайда жүрсө да көз алдынан кыз кетпей калды. Анын оюна мен минтип жүрө берсем, бул дүйнөдөгү эң сулуу кызга ашыктар көп чыгаар. Алар озунуп ээлеп алышса эмне болот деп ойлоп алып, кызганычтан жүрөгү түпөйүл болуп, бир жерге тура албай кетет. Сүйүүдөн көзү тумандап, нары жагын ойлогусу да келбейт. Алымкан апа олтурган ордунда купуя сүйлөнүп жатты. Ошол, мен окуган ыйман китептерди сен да окусаң, минтип сүйлөнбөйт элең, сабырсыз балам. Балаң аялынын сөзүн сүйлөп турса, акыл үйрөтүп, тарбияга келиниңди салып көр эр болсоң. Мына ушул учурда ата-энесин гана укпаса. А буга ким айтат. Атасы кандай адам болду экен. Ууру же мүнөзү чалпоо болсочу? Энеси маңыроо же эки эстүү болсочу? Ата-энедеги мүнөз, ооруу, кыял баары балага берилет да. Өзүңдү жакшы таанып билгиң келсе балдарыңды кара дешет го. Байкуш балам. Байкуш неберелерим. Туулгандан жетимдер үйүндө өссө, тамак менен эле окууну билип, башка турмуш жөнүндө, оокат тирилик дегенди билбейт да. Элөөрүп алган экен, бала аял алып тынбаса, тынбайт го деп этек— жеңин кагынып, жүнүн жыйнап, кечки тамак камын көрдү. Кемел ал күнү үйгө келбей койду. Эне уктабай күтүп, улам жол карайт. Ызасы менен мас болуп алып, жер жакшы жылый электе сызга жатып калдыбы? Же мени коркутуп, кызы менен шаарга качып кеттиби? Машине-сашинеге урунбагай эле деп, акылына деги бир жакшы ой келбей койду. Аялы болсо, үйдөн карыш чыгарбай кайтараар эле деп да ойлонду. Аман келсең эле болду. Деги балам, каалаганыңды алчы, мен кийлигишпейин деп, амалы куруй ичинен жалдырап да жатты.
Уландысы бар…