Пример HTML-страницы

Балдар арасындагы афталык стоматитти кантип алдын алуу керек?

Акыркы жанылыктар

TurmushБаланын иммунитети түшүп кеткенде ага ар түрдүү оору тез жабышат. Алардын катарында стоматит (оозул) дагы бар. Оозул тууралуу Ат-Башы районундагы балдар дарыгери Шакен Мамбеткадырова айтып берди.

Стоматит (оозул) — ооздун былжыр челинин сезгениши. Ал өз алдынча оору же айрым оорулардын (кызылча, скарлатина, сасык тумоо, кандидоз жана башкалар) белгиси катары пайда болот. Кичинекей балдардын арасында (3 жашка чейин) афталык стоматит көп жолугат. Ал өз алдынча оору катары тамак сиңирүү органдарынын оорусу менен байланыштуу пайда болот. Анда ооздун ичинде анча чоң эмес жаралар пайда болуп, сары кебер — афта менен капталат. Тегереги кызарып катуу ооруйт. Кээде жаралар көп пайда болуп, дене ысып, тамак ичкенде, сүйлөгөндө катуу ооруйт. Өнөкөт түрү ичеги-карын жолунун жана боордун ооруларына байланыштуу болот.

«Бизге кээ бир балдар оор абалда келет. Тамагынан бери жара болуп, тиштеринин түбү көөп, ириң чыгып калат. Ошол кезде балдардын оозун тазалоо абдан кыйынга турат. Энелер баласын аяп дагы жакшы тазалай албайт. Мына ошол убакта баланын оозун фурацилин жана марганцовканын эритмеси менен жакшылап тазалаш керек. Аябай өрчүшүп кеткенде флуконазолдун эритмеси менен тазалайбыз. Бала тамак иче албай, дене табы көтөрүлгөндө синдромдук дарылоо жүргүзүлөт. Оор абалдагыларды жаткырып дарылайбыз. Андайлар 4-5 күндө араң айыгат.

Бул оорунун алдын алуу үчүн баланын тиши чыга баштагандан тартып эле тишине кам көрүү керек. Эки маал тишин тазалаганга үйрөтүү керек. Себеби, тиштердин арасына тамактын калдыктары калып калат. Оозду тазалап турса, бул оорудан алыс болот.

Баланын ууртуна же тилинин учуна 1-2 кызыл пайда болгондо эле дарыласа тез эле жакшы болуп кетет», — деди дарыгер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE