ЖЫНЫСТЫК КАТНАШ

https://kyrgyzcha.site/?p=66897&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

ЖЫНЫСТЫК КАТНАШ

🌙Ислам дини адамдын маанилүү табигый муктаждыгы деп билген жыныстык катнаш маселесинде да «адал-арам» деген чен-өлчөмүн койгон.

🌙Ислам жыныстык катнаш маселесинде да тең салмактуулукту талаптайт. Ал коомго пайдалуу, элдин керегине жараган адам өстүрүү үчүн, бейпил коом үчүн белгилүү өкүмдөрүн алып келген. Ал жыныстык катнашсыз жашоодон такыр оолак болууга тыюу салат. Үйлөнүүгө үндөйт. Ошону менен бирге жыныстык катнашка никесиз кирүүгө да кескин бөгөт койот. Себеби жыныстык катнаш маселесиндеги тең салмаксыздык, аша чабуучулук адамдын адамдык сапатына доо кетирип, адамдар ортосунда сый-урмат мамиле солгундап, сүйүү, мээримдүүлүк сыяктуу изги сезимдерди азайтат, жек көрүү, кек сактоо сыяктуу терс сапаттарды өркүндөтүп-өрчүтөт.

Мына ушул себептерден улам Ислам дини боюнча, адал жыныстык катнаш тек нике жолу аркылуу гана жубайлардын ортосунда жараян этиши керек. Мындан тышкаркы жыныстык катнаштын баары арам болуп саналат.

♥Куранда үй-бүлө курууга чакырык жасалып, кедейликтин дартынан улам үй-бүлө куруудан качпоо керектиги баса белгиленет.

Жыныстык катнашка адамдын табиятына карама-каршы келген жолдордон кирүү күнөө. Маселен, эркек менен эркектин, аял менен аялдын делебе козгоочу катнашы дагы өтө чоң күнөө.

Пример HTML-страницы

Адамды жыныстык адашууга багыттаган, зинага себеп боло турган жолдорун баары арам.

🌙Мусулман баласы намысын, адамдык сөөлөтүн, адамгерчилигин ар дайым коргошу кажет. Арамга көз салбашы керек. Делебесине, шакабатына, терс арзуу-каалоолоруна жеңилбеши керек. Бир хадисте ардактуу Пайгамбарыбыз: «Эң жаман пенде – бул терс арзуу-каалоолоруна кул болуп ак жолдон адашкан адам» деген.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️