Тообо кылган кечирилет

Тообо кылган кечирилет Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Тообо кылган кечирилет

Аллаху Таала тообо истигфар кылган адамды сөзсүз кечирет. Ким истигфар кыла турган болсо сөзсүз кабыл болот. Наср сүрөсүнүн маанисинде:

«Раббиңе истигфар кыл, Ал сөзсүз тооболорду кабыл кылуучу!” деп билдирилди. Худ сүрөсүнүн маанисинде да:

«Истигфар окугула, жардам беремин”, — деп айтылды.

Тообо кылалы. Аллаху Таала тообо кылгандардын тообосун кабыл кылат. Пайгамбарыбыз алейхиссаламга бир киши келип:

«Мен бир күнөө кылып, тообо кылдым. Аллаху таала тообомду кабыл кылды бекен?”- деп сурады. Пайгамбарыбыз♥

«Кылды”, — деп жооп берди. Ал киши:

«Бирок, мен кайра күнөө кылдым, кайра тообо кылдым. Тобомду дагы кабыл кылдыбы?” – деди. Пайгамбарыбыз алейхиссалам кайра♥

«Кылды”, — деп жооп берди. Ал киши кайра сураганда:

«Сен кайра – кайра сурап убара болбо. Эгер бул Кыяматка чейин улана турган болсо сен тообо кылган сайын Аллаху Таала сени кечирет”, — деп айтты♥

♥Ар намаздан кийин он бир Ихлас сүрөсүн окууга аракет кылуу керек. Пайгамбарыбыз алейхиссалам айтат♥

«Кимде ушул үч нерсе болсо Бейишке🌴 каалаган эшигинен кирет♥ Кул акысын төлөгөн, ар намаздан кийин он бир жолу Ихлас сүрөсүн окуган, өзүн өлтүргөн адамды кечирип өлгөн адам.”

♥Ыйман бар болсо, демек бардык нерсе бар. Ыйман жок болсо, демек эч нерсе жок. Ыйман бул – жашоо жана жандуулук. Дене топурактан бар болду, кайра топурак болот. Денеге жандуулук берип турган нерсе — ыйман. Улуу заттар ыймансыз денени кабырга окшотушкан.

♥Адептүү адамдын өмүрү артат.

♥Мусулмандын максаты чексиз болууга тийиш.

♥Момундун шаттуулугу жүзүндө. Кабагы бүркөк болуу момунга жарашпайт.

♥Мусулман алууга эмес берүүгө аракет кылат. Анткени, мусулман үчүн дүнүйө ала турчу жер эмес, бере турчу жер. Алуу акыретте.

♥Садага берип, көп жакшылык кылуу керек. Садага өмүрдү арттырат, кыйынчылыктарды, балээлерди, ооруларды кетирет.

Канча баа бересиз...

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️