Пример HTML-страницы

Ысык-көлдүк К.Өмүрбекованын Сауд Арабияда жумушу

Акыркы жанылыктар

Turmush«Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — Ысык-Көл облусунун 26 жаштагы тургуну Керез Өмүрбекова. Ал учурда Сауд Арабияда жашап, «Flynas» компаниясында стюардесса болуп эмгектенет. Аны менен Turmush басылмасынын кабарчысы маек курду.

«Кыргыз-түрк «Манас» университетин аяктап, Түркиядагы окуу жайга жиберилгем. Ал жакта талыкпай жакшы окуганым үчүн Катардагы университетке өтүп, анда да билим алууга үлгүрдүм. Бала кезимден эле стюардесса болуп иштөөнү самачумун. Жоолук салынып жүргөнүмө байланыштуу бул кыялымды ишке ашыра албай келгем. Күндөрдүн биринде “Flynas” компаниясы жоолукчан кыздарды стюардесса катары кабыл алып жатканын билип, абдан кубандым. Бул менин бала кездеги кыялымды жүзөгө ашыруунун бирден бир жолу эле. Кабыл алуу боюнча шарттары менен таанышып, дароо даярдык көрө баштадым.

Алгач “Flynas” компаниясынын сайтына резюмемди (өмүр баян) жөнөттүм. Алар резюмемди карап көрүшүп, маектешүүгө чакырышты. Кабыл алуу 2023-жылдын июль айында Бишкек шаарында өткөн. Анда алгач өзүңдү тааныштыруу, анан англис тилинен тестирлөө уюштурулду. Бул баскычтардан өтсөң, 2-этап башталат. Анда топ-топ болуп иштешүү, кесиптештериң менен кандай иш алып барарыңды баамдап байкап турушат. Кийинки баскычта бой ченелип, салмак тартылат. Мындан сырткары денеде татуировка, тырык бар же жоктугу, ден соолугуңдун абалы текшерилет. Акыркы этапта бетме-бет маектешүү болуп, көптөгөн суроолор узатылат. Негизинен буга чейинки топтогон тажрыйбаларың боюнча сурашат. Ошентип, бардык талаптарына жооп берип, өзүңдү мыкты көрсөтө алсаң, компанияга иштөөгө кабыл алышат», — деди ал.

Анын айтымында, жумушу аркылуу ар кандай өлкөлөрдү кыдырат.

«Кичинекей кезимен университетте окугандан тарта бир орунда отура албаган, өнүгүүгө аракет кылган, жаңы неселерге кызыккан, изденүүдөн чарчабаган кыз элем. Мындан улам жаңы адамдар менен баарлашып, чөйрө түзүү максатында чет өлкөдө иштөө чечимин кабыл алдым. Европа, АКШ өлкөлөрүндө деле иштесем болмок, бирок мен мусулман болгондуктан араб мамлекеттеринде жашоону туура көрдүм.

Буга чейин Түркияда англис тили мугалим болуп эмгектендим. Анда жашап жүргөнүмдө өзүмдү мусулман өлкөсүндө гана жакшы сезеримди түшүнгөм. Сауд Арабия мусулмандардын өлкөсү болгондуктан, анын чыгыш тарабында ыйык Мекке шаары жайгашкандыктан ушул жерде калып калдым. Иштеп жаткан жумушум аркылуу Түркия, Азербайжан, Бельгия, Мальдив, Египет, Дубай, Катар, Россия, Өзбекстан, Казакстан, Индонезия, Малайзия сыяктуу өлкөлөрүн көрүп келдим. Мындан сырткары, онлайн тармагында да иш алып барам. Мурун SMM (social media marketing) тармагын үйрөтүү боюнча, Кыргызстанда “Неформат” компаниясы менен чогуу иштешүү боюнча долбоорум болгон. Бош убактымда англис, араб, түрк тилдерин үйрөтүү боюнча онлайн курстарым бар. Анда негизинен тилди кантип бат өздөштүрүп кетсе болорун үйрөтөм. Мындан сырткары, Куран курстарым да бар», — деди ал.

Каарманыбыз алдыга койгон ой-максаттары менен бөлүштү.

«Келечекке койгон максаттарымдын бири — Кыргызстандагы жаштардын өздөрүн өнүктүрүүсүнө салым кошуу. Жаштар бир гана Кыргызстан менен чектелбестен, дүйнөнүн бардык жери биздики экенин көргөзгүм келет. Мисалы, мен мектепти аяктагандан кийин ата-энем мага “Москвага барып иштебейсиңби” деген сунуш киргизишкен. “Мен окушум керек , өзүмдү өнүктүрүшүм кажет, бюджетте окуй алам” деп чечим кабыл алып, Түркияда, Кыргызстанда, Катарда окуганга жетиштим. Адам аракет кылса, бардык нерсе колунан келет», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE