Пример HTML-страницы

Токмокто мас абалдагы депутат «Тойота Ленд Крузер» менен эки адамды сүзүп кетти. Жабырлануучулардын бири РИИБде иштейт

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Токмок шаарында милиция кызматкерин жана дагы бир адамды унаа сүзүп кетти.

Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБнын маалыматына караганда, 19-октябрда болжол менен саат 01:20 чамасында 1994-жылы туулган А.З.С. «Тойота Лэнд Крузер» үлгүсүндөгү унаасы менен Токмок шаарынын Сарыбагышев көчөсү менен түштүктөн түндүктү көздөй бара жатып, жолдун четинде турган жөө жүргүнчүлөр — Чүй РИИБдин 1987-жылы туулган кызматкери С.М.А. жана 1993-жылы туулган А.И.Ж.ны сүзүп кеткен.

Жол кырсыктын кесепетинен жөө жүргүнчүлөр Токмок шаарынын ооруканасына жаткырылган.

Токмок ШИИБдин тергөө амалдарынын жүрүшүндө «Тойота Лэнд Крузер» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу А.З.С. Токмок шаардык кеңешинин депутаты экенин аныкталган. Ал толугу менен күнөөсүн мойнуна алып, спирт ичимдигин ичкендигин же ичпегендигин аныктоо үчүн медициналык текшерүүдөн өткөрүлгөн. Анын жыйынтыгында айдоочу мас абалында болгондугу аныкталган.

Оорукананын маалыматына караганда, Токмок шаарынын 1987-жылы туулган тургуну С.М.А. баш мээсинен жаракат алган. Учурда абалы турукташып, травматология бөлүмүнө орточо оор абалда которулган.

  • Баш тамгалар — А.З.С. «Бирге-Вместе» саясий партиясынан шайланган Токмок шаардык кеңешинин депутаты Абраимов Зафаржан Сабыржановичке дал келет.

Буга чейин милиция кызматкери учурда ооруканада жаткандыгы кабарланган. Токмок шаарынын ооруканасынан билдиришкендей, кечинде саат 10:00 чамасында аталган бейтап (милиция кызматкери) эс-учун жоготкон абалда жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Бүгүн комадан чыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE