ТОБОКЕЛ ЖАНА ТАСЛИМИЯТ-МОЮН СУНУУ

https://kyrgyzcha.site/?p=102170&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

ТОБОКЕЛ ЖАНА ТАСЛИМИЯТ-МОЮН СУНУУ🌙♥

Тобокел — «таваккуль» деген арап сөзү. Аны кыргыз тилине так которгондо: таянуу, чыдоо, ишенүү, өкүл тутуу жана бел байлоо деген маанилерди билдирет. А бирок биз бул сөздү тобокелчилик деп кылымдар бою айтып келсек да, сөз чынынан, маанисинен бузулган эмес.

Ал эми тобокелчиликтин Ислам дининдеги аныктамасына назар сала турган болсок, тобокелге салууда чара көрүп, аракеттенүүнү жыйыштырып коюу эмес, тескерисинче, колдо болгон мүмкүнчүлүк алкагында жетиштүү чара көргөндөн кийин гана Алла Тааланын кудретине тобокел кылып корголонуу деген чындык көзгө урунат.

Турмуштун кандай гана ойку-кайкысы болбосун, жалгыз гана Аллага тобокел кылуу мусулмандын иши. Болбосо, моюн сунуунун эч кандай деле мааниси калбай калат.

«Эч бир өлбөс, чыныгы жашоо Ээси жана түбөлүкт тирүү Аллага тобокел кыл. Алкыш айтып Аны аруула!..» (Фуркан, 58).

«Ыйман келтиргендер жалгыз Аллага гана тобокел кылышсын!» (Ибрахим, 11; Тооба, 51).

«Эгер момун болсоңор, жалгыз Аллага гана таянгыла!» (Маида, 23).

«Кимде-ким Аллага гана тобокел кылса, Алла ага жетиштүү» (Талак, 3).

♥Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) өз хадисинде♥

«Эгер, сиз Алла Таалага чындап тобокел кылганыңызда ак таңда ачкарын кетип күүгүмдө курсагы ток кайткан канаттуулар сыңары, ырыскылуу болот элеңиз!» деп, эскертүүчү насаатын айткан♥(Тирмизи, Зухд, 33).

🌹♥Кудурети Улук Алла Таала барча нерсени, мүлдө макулукту эң ийги жаратуу менен ирээттештирип, тыкан тартибин, эреже-жобосун кошо жараткан. Мына ушул тартип-эреженин тынбай жүрүп турушун бир канча мыйзамдарга байлап койгон. А биз болсо, Ал койгон мыйзамдарга моюн сунуп, болгон мүмкүнчүлүгүбүз менен чара көргөн соң, Анын күч-кудуретине баш калкалашыбыз зарыл. Бирок, эгер Ал кааласа, биз баам салган табият мыйзамдарынан сыртта деле өкүмүн жүргүзө берет.

Маселен, Азирети Адам Атаны топурактан, Обо Энени болсо, анын кичинекей сөөгүнөн жаратты.

Азирети Иса пайгамбарды, жыныстык жактан кошулуудан соң көбөйүү деген мыйзамга байланыштырбай эле, атасыз Азирети Мариям энеден жарык дүйнөгө алып келип койду♥

♥•••••••Алдын албай туруп тобокелге салууга Алланын Элчиси Мухаммад(саллаллаху алейхи васаллам) тыюу салган:

Күндөрдүн биринде бир бедуин келип суроо салат:

-Эй, Алланын Элчиси! Төөмдү бош коюп, тобокел кылганым оңбу же байлап, анан тобокел кылайынбы?

«-Төөңдү байлап, анан тобокел кыл!» (Тирмизи, Кыямат, 60)

♥•••••••Умму Саламанын (Алла ага ыраазы болсун) билдирүүсүнө караганда, Алла Элчиси үйдөн чыгаары менен асманды карап минтип дуба кылчу экен:

“Алланын ысмы менен! Тобокел кылдым! Оо, Жараткан Кудай Таалам, жексур жолго түшүүдөн, башкалар тарабынан бузук жолго түртүлүүдөн, тайып кетүүдөн, тайдырылуудан, адилетсиздик кылуудан жана адилетсиздикке тушугуудан, түркөйлүк жоруктардан жана түркөйлөрдүн жоругуна кабылып калуудан Сага башкалкалайм!» (Абу Давуд, Адаб, 102-103/5094; Тирмизи, Даават, 35).

♥•••••••Мединага жетүүдөгү машакаттуу күндөрдү эскерип олтуруп Абу Бакир (Алла ага ыраазы болсун):

-Биз үңкүрдө жашырынып жатканыбызда издеп келген куугунчулардын бутун көрдүм.

-Оо, Алланын Элчиси, алар бираз эле эңкейе турган болгондо бизди сонун көрмөк — деп ошол мезгилдин кысталыштыгын эскердим.

-Оо, Абу Бакир! Үчүнчү болуп Алла карап турганда эки киши үчүн эмне мынча корктуң деди ал (Бухари, Фадаилул-Асхаб, 2. Манакыб, 45; Муслим, Фадаилус-Сахаба 1) .

♥•••••••Мусулман аскерлери Затур-Рика казатынан кайтат. Убакыт чак түш. Көлөкөлүү жерге келгенде мусулман жоокерлер көлөкөлөө үчүн көчүк басышат. Пайгамбарыбыз «Самура» деген жыш жалбырактуу бир дарактын алдында эс алып, кылычын даракка асып койгон болот. Сахабалардын көпчүлүгү кынтайып уктап кетишет. Бир саамдан соң Алла Элчиси сахабаларын чакырат. Буйрукту угаары менен баары жетип келишет. Ал учурда Пайгамбарыбыздын жанында бир бедуин адам турган болот. Окуянын кандай болгонун мындайча билдирет:

-Ойгонуп кетсем бул адам менин кылычымды карыштыра кармап алыптыр.

-Сени менин колумдан ким куткара алат? дейт.

-Үч жолу «Алла!» дедим» (Бухари, Жихад, 84, 87; Муслим, Фадаил, 13).

Өз өмүрүнө кол салууну көздөгөн бу бедуинге чара колдонбойт. Керисинче аны Исламга чакырат. Пайгамбарыбызга арбалып калган бедуин эл-журтуна барып:

«Мен инсанияттын эң кайырлуусунун алдынан келатам» дегенден кайра тарткан эмес экен (Хаким, III, 31/4322).

♥•••••••Исмат бин Малик:

«…Алла сени адамдардан коргойт..» (Маида, 67) деген аят түшкөнгө чейин түнү бою кезектешип Алла Элчисин коргоого алчубуз» деген (Суюти, Лубабун-Нукул, I, 148).

Окуяны Азирети Айша эне минтип баяндаган:

Көөдөй караңгы түн. Алла Элчисинин уйкусу качканын байкап, себебин сурадым.

«-Бул түнү бизди күзөтө турган салих жандар жок бекен?» деген суроосу мага жооп болду. Экөөбүз аркы-беркини кобурашып жатканыбызда сырттан кылычтын шыңгыраган үнү угулду.

-Ким бул?

-Алла Элчиси! Биз Саад менен Хузайфа. Сизди коргойлу деп келдик. Көңүлү тынчыган Алла Элчиси уйкуга кетти. Анын терең дем алганы мага угулуп турду. Көп өтпөй аят түшүрүлдү: «…Алла сени адамдардан коргойт..» (Маида, 67). Буга кубанган Азирети Пайгамбар күзөттөгүлөргө уруксат берди:

«-Мусулмандар! Эми бара берсеңер болот. Анткени мени Алла коргоого алмай болду».

Окуядан байкалгандай, Алла Элчиси оболу чара көргөн соң анан тобокелге салган.

♥•••••••«Бизге — Алла жетиштүү! Ал кандай гана мыкты Колдоочу!» деген сөздү Ибрахим пайгамбар отко ташталар алдында айткан. А Азирети Мухаммад болсо бул сөздү «Мушриктер сизге каршы топтолушту. Өз башыңыздын чарасын өзүңүз көрүңүз!» деген сөздү уккандан кийин айткан. Муну уккан мусулмандардын ыйманы болуп көрбөгөндөй артат. «Бизге — Алла жетиштүү! Ал кандай гана мыкты Колдоочу!» деген айтымды баардык мусулмандар бир ооздон айтып, жан-дилден Аллага моюн сунуунун теңдешсиз үлгүсүн көрсөтүшкөн.

Бул тобокелчи мусулмандарды Алла Таала Куранда мактоого алган:

«Айрым эки жүздүүлөр мусулмандарга: «Мына, силерге каршы эл чогулду. Алардан сактангыла! деп айткан соң алардын ыйманы ого бетер күчөп: «Бизге — Алла жетиштүү! Ал кандай гана мыкты Колдоочу!» дешкен. Ошонуктан алар Алланын жакшылышы жана айкөлдүгү менен эч бир жамандыкка кабылбастан, Алланын ыраазылыгына бөлөнүп кайтышты. Алла — улуу берешендиктин Ээси!» (Аалу Имран, 173-174) (Вахиди, 135 б).

♥•••••••Чын-ыкластан тобокел кылгандарды Алла Таала эки дүйнөдө коргоого алып, аларды сурак-соболсуз, азап-кайгысыз Бейишке киргизет. Бул чындык Сүйүктүү Пайгамбарыбыздын куттуу хадисинде ачык айтылган•

«Мага өтүмүштөгү үммөттөр көрсөтүлдү. Үч-төрт кишилик жамаат айланчыктаган пайгамбарды көрдүм. Айрым пайгамбарлардын жанында бир-эки гана киши бар экен. Айрым пайгамбардын жанында эч ким деле жок. Ошол маалда алдымдан көп сандагы эл чыкты. Өзүмдүн үммөтүм болсо керек деп ойлодум. Аңгыча «Булар Мусанын үммөтү, сен мейкиндикке көз чаптыр!» деп айтылары менен карай салсам калың журт. «Мына сенин үммөтүң. Булардын арасынан жетимиш миң киши сураксыз, азапсыз Бейишке кирет» деп айтылды».

♥•Окуянын жүрүшүн Ибни Аббас мындайча улады:

Бул маалыматты айткан соң Пайгамбарыбыз ордунан туруп үйүнө кетти. Калган сахабалар бул жетимиш миң киши кимдер болушу мүмкүн деген суроонун айланасында кызуу талкууга киришишти. Айрымдар «Булар пайгамбарлардын дил-маегине катышкандар болушу мүмкүн» деген пикирди айтса, айрымдар «Жок булар Ислам дини келегенден кийин төрөлүп, ширкчиликти көрбөй калган мусулмандар» деди. Айтор, ушу сыктуу көп көз караштар айтылды. Маселе боюнча кызуу талкуу жүрүп жатканда Алла Элчиси кайрылып келип талаштын төркүнүн билген соң:

«Алар сыйкыр жасабаган, жасатпаган, каражолтойлукка ишенбеген жана Жаратканга тобокел кылган пенделер» деди•••••••♥

Уккаша бин Михсан (Алла ага ыраазы болсун) муну угаары менен ыргып туруп өтүнүч айтты:

-Пайгамбарым! Ошолордун арасынан орун насип болушу үчүн бир дуба кылчы!»

«-Сен ошолордун катарындасың!» деди Азирети Пайгамбар… (Муслим, Иман, 374, Бухари, Рикак, 50).

♥•••••••Жараткан Алла Таала Азирети Ибрахимди, Азирети Исмаилди жана Ажар энени өтө оор сыноолорго кириптер кылган. Натыйжада алар моюн сунуучулуктун энбелгиси болуп тарыхта өзгөчө орунду ээлеп калышты. Кудай Таала алардын моюн сунуучулуктагы ыкласын умра жана ажылык ибадаттары менен түбөлүктүү кылган.

Жараткан аны дос тутунат. Периштелер буга аң-таң болуп:

-Оо Жараткан! Ибрахим Сага кантип дос боло алат? Ал деген пенде эмеспи, бала-бакырасы, напсиси бар дегендей. Жүрөгү аларга тартылып турат эмеспи?! деп ызы-чуу түшүшөт. Бирок акырында ибараттуу көрүнүшкө баары күбө болушту.

Ал «Халилуррахман» пайгамбар болгондуктан ушунчалык жан чыдагыс абал кыстап турса да, өзүн Жаратуучусуна тапшырып, тобокел кылып, кыпындай да кооптонбостон жок жайбаракат басып келди.

Намрут жана билерман нөөкөрлөрү Ибрахимди (алейхиссалам) ыргытуучу курал менен алыстан туруп отко таштоого чечим чыгарышты.

Жердеги жана көктөгү барча периштелер буга нааразы экендигин билдиришип, эмне болуп кетээр экен деген кооптонуунун кучагында турушту.

Алла Тааладан уруксат алары менен бир периште Ибрахимге келип кандай каалоо болбосун аткарыларын айтты.

♥•Азирети Ибрахим келген периштелерге жылмайып сыпаа гана жооп кайтарды:

-Дос менен достун ортосуна аралашпай тургула! Раббим эмнени каалаган болсо, мен ага ыраазымын! Эгер куткарса, Ырайымынан; ал эми куйкаласа, менин кемчилигимден. Сабыр кылармын, буюрса•••••••

Буйрук берилген кезде Жабраил Периште келди:

-Мага муктаждыгың барбы?.

Ибрахим пайгамбар:

-Сага муктаж эмесмиң. Бизге — Алла жетиштүү! Ал кандай гана мыкты Колдоочу•••••••♥!»

Ошентип, Ага болгон бекем ишенчинин жана тобокелинин, Ага чын ыкластан берилгендигинин үзүрүн Ибрахим ошондо бир көрдү. Ал ыргытылып, отко мына-мына түшөт деген кезде жалыны көккө соймоңдогон өрткө Алла Таала:

«Эй, от! Сен Ибрахим үчүн салкын жана бейпил бол!…» (Анбия, 69) деп буйрук берери менен, алоолонгон от көз ачып жумганча көркүнө көз тайгылган гүлзарга айланды. Ибрахимдин туш тарабынан нары таттуу, нары тунук булактар оргуп чыга баштады. Айлана-тегеректеги миң түркүн гүл дүйнөсүнүн аңкыган жытына адам мас болду•••••••♥

♥•••••••Имам Бухари Ибни Аббастан төмөнкү сөздү баян этет:

«Азирети Ибрахим аялы Ажар менен эмчектеги уулу Исмаилди Меккеге алып келди. Аларды келечекте оргуп чыга турган «зам-зам» кудугунан бираз обочодогу жалгыз түп дарактын түбүнө калтырды. Ала келген бир баштык курманы жана суусу толо чөйчөктү аларга таштап, кайтуу үчүн камынып калды.

-Бизди бул жерге таштап кетүүнү Алла Таалам Өзү буйрудубу? деп улгайып калган абышкасына суроо салды.

-Ооба!

Ажар эне Алла Таалага бекем берилип тобокел кыла:

-Андай болсо, Раббим бизди Өзү асырайт! Зыян тийгизбейт! деп наристе Исмаилдин жанына кайтты.

Ажардын ыйманы Ибрахимдин (алейхиссалам) жүрөгүнүн коргошундай эритип жиберди. Көзгө жаш айлана түштү, артына кылчайды, кылчайышка дарамети жетпей бараткан эле. Ажардын кайраты, сабыры, ыйманы кубат берип кылчайды. Эч нерсе көрүнбөдү. Кантсе да, пенде эмеспи, жүрөгү ачыша түштү.  Диркиреп куюлчудай чогулган көз жашынан чоочуп, өзүнө өзү кайрат берип, Алла Таалага жалбара дуба кылды.

«Оо, Жараткан, албетте, менин урпагымдан (бир бөлүгүн уулум Исмаил жана энеси Ажарды) Сенин куттуу үйүңдүн алдындагы эгин өспөй турган бир өрөөнгө жайгаштырдым.

Оо, Раббим, (алар) намазды толук аткарышсын деп (ушундай кылдым). Анан, сен Өзүң адамдардын дилин аларга ийкемдүү кыл жана аларга (бардык) мөмөлөрдөн ырыскы насип кыл. Балким, шүгүр кылышар» (Ибрахим, 37; Бухари; Анбия, 9).

♥•••••••Баяндамалардын биринде айтылганына караганда Ибрахим пайгамбар :

«Эгер Алла Таала мага бир уул берсе, мен аны курмандыкка чалам!» деп алат.

Жараткандан келген буйрукту аткаруу үчүн даярдык көрүүгө киришти. Исмаилди досуна алып барарын айтып, аны таза жуунтуп, атыр сүртүүнү Ажардан өтүндү. Уулу Исмаилге болсо, жанына жип жана бычак алууну эскертип, жолго чыгышты. Ата-бала ажылар турчу Вакфага карай бет алышты.

Ошол ыкласман адамдардын берилүү менен тобокел кылгандагы ажайып абалы кийинки муундарга жол көрсөткөн шам чырак болуп калган.

♥•Азирети Ибрахим, уулу Азирети Исмаил менен Минадан Арафат тоосуна багыт алган кезде көктөгү периштелер толкунданып калышкан экен. Алар өз ара кобураша башташат: «Алла аруу! Пайгамбар пайгамбарды курмандыкка чалуу үчүн алып баратат!»

Азирети Ибрахим уулуна бул иштин төркүнүн ачык айтты:

-Уулум! Түшүмдө сени курмандыкка чалууга буйрук алдым.

-Атаке! Бул өкүмдү сага Алла Таала бердиби?

-Ооба, карегим! деп кыска жооп берди, уулуна болгон сүйүүсүнө жеңилип калбоо үчүн.

-Атаке! Сен айтылган буйрукту аткар! Көрөсүң, мен сабыр кылам! Бул жооп жанын арнаганга даяр экендигине айгине. Жараткандын буйругу менен курмандыкка чалына турган Исмаил (алейхиссалам)атасына керезин кобурап жатты.

-Атаке аз гана керээзим бар :

-Колу-бутумду бек байла. Болбосо, жан ачышып кеткенде тыбырчылап, кемчилик кетирип албайын.

-Оңой жан берейин! Анан да сенин ишиң тез бүтсүн үчүн бычагыңды өткүр кылып курчут.

-Бычакты тартар кезде көзүмө карай көрбө! Аталык мээримиңди кече албай, Алланын буйругун кечиктирип калышың мүмкүн.

♥•Перзентинин нускалуу сөзүн уккан пайгамбардын көзүнөн мончок-мончок жаш кетти. Көпкө ыйлап, бир кезде «Балапаным! Алла Тааланын буйругун аткарыш үчүн мага күч-кайрат, жакшы жардам бердиң!» деп, алакан жая Жаратканга мунажат кылды:

«Оо, Жараткан, мага сабырдуулук бер! Улгайган кезде мээримиңди төгө көр!»

Ата-бала ошентип моюн сунуунун деңизине толук кирген соң Жабраил периште пайда болуп бычакты мокотконго жетишти (крз. Табари, Тарих, I, 275; Ибн-и Асийр, ал-Камил, I, 112; Хаким, II, 606/4040).

♥•••••••Азирети Муса пайгамбардын тобокелин жана берилип моюн сунуусун Алла Таала мындайча баян этет:

“Акырында бул кабар жайылган соң шаардын аркы четинен бир адам шашкалактап келип: Эй Муса! (Шаардын) аттуу баштуу адамдары сени өлтүрүү боюнча кеңешип жатышат. (Бул жерден) тез арада чыгып кет! Ишенип кой мен сенин гана жакшылыгыңды ойлоп жатам! деди” (Касас, 20).

“Муса коркконунан эки жагына астейдил көз жүгүртүп ал жерден чыгып кетти: Раббим! Заалымдардын тобунан өзүң куткар! деди” (Касас, 21).

Муса пайгамбар бул аракети менен чыныгы тобокелчиликтин кандай болорун көрсөтүп кеткен.

Оболу кеңешүү, андан соң чечим, көзөмөлдөө жана натыйжаны Аллага кою, башкача айтканда, дуба кылып, толук кандуу моюн суна, жыйынтыктын жакшы-жаман чыгышына психалогиялык жактан даяр болуу. Мына ушул чыныгы тобокел!…

♥•••••••Ажыга же умрага барууну ниет кылып сапарга чыккан мусулмандар тобокел жана моюн сунуу дегенди туура түшүнүп, материалдык жактан да, руханий жактан да сапарга жакшылап даярданышы керек. Бир учурларда Йеменден бир топ адам «Биз Алланын үйүнө баратабыз. Эмне Ал бизди тойгузбайбы!» деп, эч бир даярдыксыз жолго аттанышкан экен. Меккеге жеткенде ач калып, тилемчиликке өтүп кетишиптир. Бул туурасында Алла Таала мына бул аятты жиберген:

«… Өзүңөргө азык камдагыла! Арийне, азыктын эң жакшысы такыбалык…» (Бакара, 197).

♥•Бул аят башта биз айткан заттык жана руханий даярдык дегенибизди камтып турат. Мына ушул эки тараптуу даярдыкты, албетте, чыныгы такыба, ыкласман адамдар гана аткара алышат.

Алакан жоорутпай, кайрат сарптабай, жалкоолукка алдырып, натыйжада ач калышып: «Биз тобокелчилербиз!» дегендерди Азирети Умар (Алла ага ыраазы болсун): «Силер Аллага эмес, башкалардын мал-мүлкүнө ишенген жегичсиңер. Үрөөндү топуракка сепкенден кийин өндүрүүнү Аллага таштаган адам чыныгы тобокелчи болот!»деп урушкан.

♥•••••••Абу Хурайранын айтуусуна караганда, береги ибараттуу окуя Сүйүктүү Пайгамбарыбыз тарабынан айтылган. Исраил урпагынан бир адам башка бир инсандан карызга миң динар сурайт. Эки адамдын ортосунда өтө маанилүү кеп жүрөт:

-Мейли, сен күбөлөрдү алып кел. Ошолордун алдында берейин.

-Күбөгө Алланы тартам, Ал жетиштүү.

-Андай болсо, сен келбей калган учурда төлөп бере турган ишенимдүү кепил алып кел.

-Кепилдикке Алла жетиштүү.

-Туура айтасың! деп убадасын алган соң акчаны берет.

Карыз алган адам деңиз аркылуу сапар тартып, зарыл ишин маалында бүтүрөт. Көз ачып жумганча убакыт өтүп, карызды кайтаруунун мааалы жакындап калат. Шашылыш артка кайтуу үчүн кеме издейт. Тилеке каршы, кеме табылбайт. Акыры айла кеткенде кургак даракты кыскартып, ичин ойгон соң катка кошуп акчаны салат. Оюктун үстүн бекиткен соң көтөрүп деңиз жээгине келет да:

-Оо Жараткан! Өзүң билесиң, мен Сени күбөгө тартып, Сени кепил тутуп, паланчадан карыз алган элем. Ал инсан Сага ыраазылык билдирип талап кылынган акчаны берген. Азыр аны кайтаруунун маалы чукулдап калды. Кайтууга кеме издеп табалбадым. Бул жыгачты Сага аманат кылдым! дейт да, колундагы кургак даракты деңизге ыргытат. Аманат улам алга жылып олтуруп көздөн кайым болот. Көзү талыганча деңизге тигилген адам бир топтон кийин ордунан туруп кетүүгө кеме издейт баштайт.

Карыз берген адам акчаны алып келе турган кемени күтүп деңиз бойлойт. Көпкө күтөт, көзү талыйт, чарчайт. Бир да кеме жок. Толкунга айдакталып келип, жээке сүрүлүп калган жоон жыгачты көрүп, отунга жарап калар деген ниетте алып кайтат. Жыгач күндүн табына кургаган соң араалай баштайт. Жыгачтын оюгун көрүп ичинен жызылган кат жана миң динар таап алат.

Арадан кыйла убакыт өткөн соң карыз алган адам кемеге олтуруп үйүнө кайтат. Мен жиберген акчаны албаса керек деген ойдо карыз берген адамдын үйүнө келет. Амандык сурашат.

-Карызды апкелүү үчүн көпкө кеме издедим. Бирок ушу кезге чейин бул жака бир да кеме болгон жок. Араң кайттым.

-Сен мага акчаны жиберген эмес белең?

-Ушу кезге чейин бир дагы кеме болгон жок деп айтпадымбы азыр эле.

-Ай ыкласман тууганым ай. Алла Таала сенин ордуңа карызды төлөп койду. Оюлган жыгачтын ичине салынган акча менен менин наамыма жазылган катты таап алганыма кыйла болду. Сен кыжаалат болбой тиричилигиңди уланта бер. Колуңдагы акчаң өзүңө буйрусун! дейт (Бухари, Кафалат 1, Буйу 10).

Алла Таала бир нерсеге кепил болду дегиче, мүмкүн эмес болгон нерселер дагы жеңил орундалат. Ага тобокел кылууда ыкластуу болуу жана чын дилден ишенип моюн сунуу пенденин милдети…

♥•••••••Ибн-и Аббастын айтуусуна караганда, Азирети Умар (Алла ага ыраазы болсун) Дамаскка карай жүрүш жасайт. Сарг деген жерге жеткенде ал жердеги колдун башчысы Абу Убайда бин Жаррах жана башка аттуу-баштуу саркер, жүзбашылар тосуп чыгат. Дамаскта чума илдети чыкканын маалымдашат. Халифанын буйругу менен Мединага көчкөндөрдүн алгачкылары чакырылат. Кеңешүүгө олтурушат. Көздөгөн жерге баруу-барбоо боюнча кызуу талаш-тартыш жүрөт.

-Сен белгилүү максат менен жолго чыктың. Артка кайтып кеткениң туура болбой калат дешет, айрымдары. А айрымдары:

-Мусулмандардын калганы жана Алла Элчисинин сахабалары сени менен. Жумурай журтту бул оор илдетке түртүшүңдү каалабайбыз дешет. Айтор, карама каршы эки пикир көпчүлүктүн бүйүрүн кызытып жатты.

-Эртең эрте менен баарыңар мени менен чогуу кайтасыңар! деди Азирети Умар

Абу Убайда бин Жаррах баш болгон экинчи бир көпчүлүк чуру-чуу түшүп караманча каршы болушту.

-Халифам! Алланын тагдырынан кайда качып барасың?

-Калайык! Баарың кулак төшө:

Мен Алланын бир тагдырынан башка бир тагдырына качып жатамын. Абу Убайда өзүң ойлоп көр. Күнгөйү какыр, тескейи оттуу өрөөнгө төөлөрүңдү айдап кирдиң дейли. Төөлөрүңдү оттуу жагына оттотсоң да, какыр жагына жайсаң да Алланын тагдыр чийини менен иш кылган болосуң да туурабы? деп Азирети Умар жүйөсүн мисал менен кынаптады.

Аңгыча ортодо Абдуррахман бин Авф (Алла ага ыраазы болсун) пайда болуп:

-Бул маселе боюнча менде маалымат бар. Алла Элчисинин:

«Чума илдети чыкканын уксаңар, ал жака барбагыла. Бир жерден чума чыкса, силер ошол жерде болгон болсоңор, ооруунун алдын алып ал жерден чыкпагыла!» дегенин укканым бар деп, оюн ортого салды.

Азирет Умар муну угары менен Аллага алкоо айтып тизгин какты (Бухари, Тыбб, 30; Муслим, Салам, 98).

Бул окуя дин Исламдын тобокел жана тагдыр таанымынын мыкты түзүлүштө экенин айгинелейт. Акыл менен аңдап туруп өзүн жана момун мусулмандарды кооптуу абалга түртүү тобокел түшүнүгүнө караманча каршы келет•••••••♥

♥•••••••Маййит-заада Султан I. Ахмад хандын доорунда жашап өткөн Осмон дөөлөтүнүн атактуу аалымы, эли-журтка пайдалуу инсан болгон. Айтууларга караганда береги себептен улам ал Маййит-заада-Өлүктүн уулу аталып калат.

Анын атасы каарман аскер болуптур. Көптөгөн жигиттер сыяктуу эле ал да Султан III. Мехмед жасаган Эгри жүрүшүнө катышат. Дал ошол маалда жубайынын айы-күнү жакындап калган болот. Алла жолундагы казатты бүт нерседен жогору көргөн баатыр жоо-жарагын асынып, азык-түлүгүн канжыгага байлайт да, жубайы менен коштошот. Көздөн мончоктотуп жаш агызып, көккө алакан жайып Жараткандан тилек тилейт:

«Кудуреттүү Кудай Таалам! Сенин жолуңда казатка аттандым. Менде Сенден башка эч кимим жок! Мончок жашын агызган мына бул күйүмдүү, нары мээрман жубайымдан төрөлө турган ымыркайды Өзүңө аманат таштап баратам. Өз ырайымың, Өз жакшылыгың менен аны сактай көр!»

Баатыр бата кылган соң жылуу коштошуп тизгин бурат. Жер чапчыган аргымак чымын-куюн арыш керип колго жетип барат. Ушундай улуу максат менен чыккан Осмон дөөлөтү бул казатта жеңишке жетет.

Калың кол шаң-салтанат менен шаарга кирет. Аскербашчыдан уруксат алган баатыр тизгинди үйүн көздөй бурат. Шаар эли жеңиш менен кайткан эрлерди көчөлөрдөн тосуп алышат. Сыртка чыга албагандары эшиктен, терезеден шыкаалап карашат. Бирок анын үйүнүн айланасы жымжырт. Аттан ыргып түшүп үйгө кирет, бир жан жок. Жубайын, перзентин тезирээк көргүсү келип коңушулардан сураштырат.

«-Баатыр! Алла Таала жеңишиңерди кут кылсын! Жакшы пенде эле арты кайырлуу болсун, жубайың дүйнө салды» деген кайгылуу кабарды укканда дүйнөсү аңтарылып түшөт.

«-Жок! Андай болушу мүмкүн эмес! Мен төрөлө турган перзентимди Ааламдын Раббисине аманат тапшырып кеткен элем! Ал сактоочулардын эң кудуреттүүсү» деп боздойт. Кайгыга мүңкүрөп олтурганда көңүлүн бир жылуу шоола желип өтөт. Чочуган немедей ордунан атып туруп:

«-Мээримдүү Алла сактоочулардын эң кудуреттүүсү! Кеттик, мага жубайымдын мүрзөсүн көрсөтүп бергиле» деп жөнөп калат.

Тууган-урук, колу-коңушу, жоон топ адам жер жастангандардын шаарына барышат. Балык жон болуп үйүлгөн топурактын үстүңкү катмарынын нымы эми эле кургаган маал экен. Касыреттүү ата көрсөтүлгөн жайды бир айланып чыгып жата калып жер тыңшап кирет. Жардап тургандардын баары жымжырт….

Эми эле мүңкүрөп турган ата:

«Мен баламдын үнүн уктум! Баламдын үнүн!» деп жиникен немдей ыргып туруп көпчүлүккө сүйүнүө багып, ала келген күрөк менен мүрзөнү казып кирет. Эч кимди укчудай түрү жок. Карап тургандардын баары кол кабыш кылып чай кайнамчалык убакытта казанакты ачып жиберишти. Баары аң-таң. Үнү кыңылдап жаңы төрөлгөн ымыркай көз жумган энесин ээм жатыптыр. Көргөн көзгө эч кимиси ишеналбай турушту.

Баатыр ата аяр кармап ымыркайды алып чыгып, чепкенине ороп көкүрөккө басты. Ачылган мүрзө жабылып Куран окулган соң артка кайтышты. Окуяны көзү менен көргөндүн баары Кудуреттин күчүнө, амирине таазим эте Аны аруулап, мактагандан башка эч нерсе айта алышпады. Каарман ата болсо жубайынын көз жумуп кеткенине муңканса, уулунун аман төрөлгөнүнө сүйүндү. Көзүнөн жылуу жаш чертилип, Аллага алкыш жаадырды.

Ошентип өлүк энеден төрөлгөн балакай кичинесинен таалимге, тарбияга каныгып көптү үйрөндү. Натыйжада атагы ааламга кеткен аалым болду. Ажайып жараяндын ичинен чыккандыгы себептүү көпчүлүк аны Маййит-заада деп атап алышты. Ал Жараткан Аллага чын-дилден берилгендиктин, чын-жүрөктөн ишенип кылынган тобокелдин берекеси болду•••••••♥

♥•••••••Жыйынтыктап айтканда, Жараткандын кудуретин таамай аңдап, моюн сунуп, тобокел кылып, берилген ырыскы-нематка ыраазы болуу эки дүйнө бактысын, тынчтыгын тартуулайт. Алланын буйругуна моюн сунуп, жазмышка ыраазы жүрөктөр даанышмандыктын, жакшылыктын, изгиликтин булагына айланат.

Пенде Алланы канчалык жакшы тааныса, канчалык моюн сунса, ыйман ошого жараша артат•♥

Жүрөктүн, дене- турпаттын Ага багыттанышынын өзү эле моюн сунууну билдирет. Ага багыттануу оболу ыйман менен башталат•♥

Кудай таанымдын алкагы кеңейген сайын ыймандын салмагы артат♥

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️