Рамазан айында кармалуучу орозо, анын касиети, пайдасы жана айрым маселелер тууралуу Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев бизге кенен маалымат берди.
-Бисмиллахир рахманир рахиим! Касиеттүү рамазан айы менен жалпы момун мусулмандарды Ош шаардык казыятынын атынан куттуктап кетем. Туткан орозоңуздарды Алла таала кабыл кылсын.
Орозо тутуу — намаз, зекет берүү жана ажылык сыяктуу Алла таала буюрган парз ибадаттардын бири. Анын сообун Жараткан Алла өзү гана берет. Тактап айтканда, сооп жазуучу периштелер анын сооп өлчөмдөрүн билбейт. Анткени орозо тутуу мусулмандын Жаратуучусу менен болгон терең ички байланышынын белгиси. Орозо — адам баласына тиешелүү бир топ кемчиликтерден убактылуу алыстоонун, жеп-ичүүдөн жана көңүлгө жаккан нерселерден тыйылып, напсини ооздуктап тарбиялоонун, бул дүйнөгө таандык тушоолордон арылып, Жаратканга жакындоонун жышааны. Орозо тутуу менен адамдар бул дүйнөгө эмне максат менен келгендигин туюп-сезүүгө аракет кылышат.
Орозо баш тарткыс ибадат
Ислам тарыхында Аз.Пайгамбар (с.а.в.) жана мусулмандар эң алгач ашура орозосун кармашкан. Кийин рамазан айындагы орозо мусулмандарга парз болгондугу тууралуу аят түшкөндөн кийин ашура орозосун кармоо адамдардын өз ыктыярына калтырылган.
«…Араңардан ким рамазан айына күбө болсо, орозо кармасын!» деген аяттын түшүүсү менен орозо ибадаты рамазан айына күбө болгон ар бир мусулман үчүн парз кылынган. Демек, рамазан айындагы орозо башка убактарда кармалуучу орозолордон айырмаланып, ар бир мусулман адамга парз.
Рамазан орозосу кимдерге парз?
Орозо тутуу үчүн мусулман болуу, акыл-эси жайында болуу жана эрезеге жетүүсү шарт. Эрезеге жетүү — балакатка жетүү дегендик. Орто Азия чөлкөмүндө, анын ичинде биздин өлкөдө кыздар 12 жаштан, эркек балдар 15 жаштан жетилет деп эсептесе болот. Жашы жете электерге, акыл-эси жайында болбогон адамдарга парз эмес.
Кимдерге кечиримдүү?
• Оорулуулар: эгерде дарыгерлер бейтаптын ач калуусу ден соолугуна зыян келтирет деп айтып, уруксат беришпесе кармабаса болот. Анткени Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) ден соолугуңарга кам көргүлө, ооруп калсаңар дарылангыла деп айткан. Бирок бейтап сакайган соң каза болгон ар бир күнү үчүн орозо тутушу керек. Ал эми сакайбай турган, такай дарыланууга муктаж болгон оорулуулар фидя беришет. Фидя менен битирдин өлчөмү бирдей болот. Фидя рамазан айынын башында берилет. Айдын ортосунда, акырында берсе да болот. Бирок башында берген жакшыраак.
• Жолоочулар: рамазан айында 90 км.ден узак аралыктагы сапарга чыккан адам орозосун ачса болот. Эгер эрки жетсе, орозосун бузбай кармай бергени оң, көп соопко ээ болот. Кыйналып кетсе оозун ачат, бирок казасын кийин кармап берет.
• Кош бойлуулар жана бала эмизген энелер кармабаса болот. Кош бойлуу аялдын саламаттыгы жакшы болсо кармай берсе болот. Эгерде өзүнө жана наристеге зыян келе турган болсо тутпаганы оң. Бала эмизген эненин өз ыктыяры. Өзүн жакшы сезсе, бала кошумча тамак жей алса кармай беришет.
• Карылык жана алсыздык: жашы өтүп калган карыларга уруксат. Алар рамазандан кийин да тута алышпагандыктары үчүн фидя (кун) беришет. Фидя менен битирдин өлчөмү бирдей болот, бирок фидя рамазандын башында берилет. Шарты туура келбесе ортосунда, акырында берсе да болот. Фидя берүүгө күчү жетпеген адам Алладан кечирим сурап дуба кылат. Рамазан айынын касиеттүүлүгү ушунда — бул айда бардык жакшы дубалар кабыл алынат. Анткени рамазан — Алланын пенделерине ырайымы төгүлгөн ай.
Ачка калуунун пайдалуулугу
Мухаммед пайгамбар (с.а.в.) ашыкча семиргенди, курсак чыгарып жүргөндү, ашыкча тоюп жегенди жактырган эмес. Хадистерде айтылгандай өзү көп убакта ачка жүргөн. Тамак болгон убакта да тоюп жеген эмес. Тамакка сугалактык кылып, кара курсагын гана ойлогон, напсисин тыя албаган пенде руханий жактан эч качан тазалана албастыгын көп ирет эскерткен. «Курсакты 3 бөлүккө бөлгүлө. Бир бөлүгү тамак, бир бөлүгү суу, ал эми бир бөлүгү абага калсын» дегени тууралуу баяндар бар. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) эртең менен Айша энебизден «жегенге бир нерсе барбы» деп сурачу. Эгер бар болсо жечү, жок болсо, анда мен орозомун деп орозо тутчу. Кээде ачкалыгын билдирбөө үчүн ичине жалпак таш байлап алчу. Намаз окуп жатканда ачкалыгынан ордунан тура албай калган күндөрү да болгон. Андай учурда намазын отуруп окучу. Көрдүңүзбү, Пайгамбарыбыз (с.а.в.) кандай сабырдуу болгон. Анткени Мухаммед пайгамбар (с.а.в.) бүткүл адамзатка эң жогорку адеп-ахлактын өрнөгүн көрсөтүү үчүн жиберилген. Демек ашыкча тоюп алуу, курсакты чыгарып жүрүү туура эмес. Орозо тутуп ачка калган адам, ачка калган адамдын акыбалын түшүнөт, ток жүргөндүн кадырына жетет, натыйжада ысырапкерчилик кылуу туура эместигин сезип, үнөмчүлдүккө үйрөнөт. Айлана-тегерегиндеги ачка жүргөн адамдардын абалын түшүнүп, кайрымдуу болгусу келет. Орозо бир гана жыл бою тынбай иштеген ашказанды эс алдырбай, руханий жактан тазалануу, кайрымдуулук, боорукерлик сезимдерин ойготуп, денени да, рухту да эс алдырат. Ошон үчүн орозо кармоо ашказанга эле эмес, көзгө, кулакка, жүрөккө, ой-кыялга жана башка бардык органдарга орозо карматканда гана толук жүзөгө ашат.
Орозо качан бузулат?
Орозо быйыл да ысык мезгилдерге туш келип, 17 саат кармоого туш келүүдө. Ага карабастан шаарыбызда орозо туткандар арбын. Бул да болсо сабырдуу болууга умтулуунун белгиси, башта айтып өткөндөй Жаратканга жакындоонун жышааны. Эми бир эки маселеге токтолуп өтсөк, көптөр орозо туткан адам оозу бек учурда жуунса болобу, оозун чайкаса болобу деп сурап жатышат. Албетте жуунса болот, оозун чайкаса да болот, бирок «гаргара» кылып чайкаса болбойт. Бул учурда оозу ачылып калышы мүмкүн. Ал эми тиш пастасын колдонгонго болбойт. Оозун ачкандан кийин жууганы оң. Же болбосо мисвак колдонсо да дурус болот. Котур (кычышкак), тиш оору, манжалардын оорусу сыяктуу орозо кармоого кедергиси жок сырткы майда оорулардан улам орозону бузууга болбойт. Мурунга же кулактын ичине дары куюу да орозону бузат. Бирок кулакка кирген суу, көзгө дары тамызуу, гүл жана атырды жыттоо, тиш алдыруу орозону бузбайт. Тиш алдырганда кан же дары сыяктууларды жутпаш керек. Чылым жана насбай чегүү орозону бузат.
«Кант кесели менен жабыркагандар орозо кармаганга болбойт»
Ош шаарынын башкы эндокринологу Гүлсүн Эсенкулова кант кесели барлар орозо тутса, кандагы канттын өлчөмү нормадан көтөрүлүп кетерин айтат:
-Кант кесели менен жабыркап, эмканаларда каттоодо турган бейтаптарга орозо кармаса болбойт. Анткени, бейтап такай дары ичет же инсулин сайынып турат. Аз-аздан, тез-тез тамактанып туруштары керек, ачка калганга болбойт. Узак убакыт ачка калса кандагы канттын деңгээлин түшүрүп туруучу дары ичип же инсулин кабыл алып тургандыктан, кант түшүп кетет. Же тескерисинче ачка жүргөндүктөн кант көтөрүлүп кетсе, оорунун татаалданып кетишине алып барат. Бул ооруда дары, инсулин менен тамактануу чогуу, бирге каралгандыктан, бирөөн токтотуп коюуга такыр мүмкүн эмес.