Пайгамбарыбыз (саллолоху алейхи вас саллм)дын төмөнкү улуу насыяттары Азирети Алинин айтып берүүсу менен жазылган♥
“Бир күну эки дүйнөнүн жарык нуру болгон Мухаммед Мустафа Салаллооху алейхи вассалам мени озүнун алдына чакыртыптыр. Көп өтпөй мен анын алдына барганымда, ал мага карап, мээримин төгуп, төмөнкү сөздөрдү айтты♥
“Ээ Али, сен мага Муса алейхис салламдын агасы Харундай жакынсың. Бирок ал сыяктуу пайгамбар эмессиң. Анткени менден кийин пайгамбар болбойт, ошондуктан мен сага өзүмдүн бир нече насыяттарымды калтырсам деймин. Эгер сен аларга амал кылсаң бул дүйнөнүн жакшылыгына ээ болуп, мурад максатыңа жетесиң. Эгер жан берсең шейит катары кетесиң. Ушул насыяттарда адамзаттын бүгүнку күнгө чейинки жана келечекте келе турган илим -билимдери камтылган. Ээ, Али, сенден кийинки мусулмандарга айткын; ушул насыятнааманы ар күну окуп, ага амал кылышып, анда айтылган буйруктарды аткарышсы. Ким ушуга амал кылса, бул дүйнөнүн жана акыреттин азап тозогунан кутулуп, аман- эсен болот. Насыятнааманы окугандар илимпоз, зирек болушат”-деп өзүнүн насыятын айта баштады♥
-Оо Али, үй курмакчы болсоң, базар күнү баштагын, анткени Алла Таала асман менен жерди базар күнү жараткан. Сапарга чыксаң биринчи күну аттан, пайгамбарлар ошол кунү жолго чыгышкан♥
-Оо Али, аптанын үчүнчү күнү сак бол, ал күн балээге жакын. Ал эми төртүнчү күнү мурат-максатыңа жете турган күн. Ошол күнү Ибрагим алейхиссалам Намруддун астына барып максатына жеткен♥
-Оо Али, үйлөнсөң жума күнү нике кыйдыр, пайгамбарлардын бардыгы ушул күнү үйлөнүшкөн♥
-Оо Али, алтынчы күнү ууга чыксаң берекелүү болот жана ушул күнү төмөнкү дубаны окусаң жакшы♥ “Аллоохума барикли валиуммати фи сабтиха ва хами сиха ваъал залика фи буку риха”
-Оо Али, үчүнчү күнү, түнү жылаңач жатпа, эгер ошол түнү шайтан аркаңа урса анда сенде жиндиликтин жана дубаналыктын касиети пайда болот.
-Оо Али, өзүңдүн ажатыңды Алла Тааладан азан менен такбирдин ортосунда сураба, парз намазынан кийин тилесең кабыл болот♥
-Оо Али, уурулуктун эң жаманы намазда уурулук кылуу, анын шарттарын толук аткарбоо.
-Оо Али, олуялар өздөрүнүн улуулугуна, намазды көп окуп, орозону көп туткандан жетишкен эмес, өздөрүнүн жоомарттык жана напсин тыйыш касиети менен жетишкен. Жоомарттык бейиштеги дарактын аты, жоомарт кишилер ошол даракка умтулгандар. Ал дарак аларды тартып бейишке алып кирет♥
-Оо Али, бакыл тозоктогу дарактын аты, бакылдар ага карап умтулушат. Ал дарак аларды тозокко тартып алып кирет. Ошондой абалга жолугуштан Кудай сактасын..
Оо Али, коңшуңа жамандык кылып азар бербе. Эч кимди ушактаба, көзүң арам нерсеге түшсө андан жийиркенип көзүңдү жумгун♥
-Оо Али, өзүң жалгыз узак сапарга чыкпа. Түн киргенде даам жебе, тамак жегенде көп чайнап анан жут♥
-Оо Али,өзүңдөн алсыз кишилерге зулум кылба. Ар бир чоң ишти баштаарда досторуң жана даны Шиве дар менен кеңешип көр. Ырыскың үчүн кайгырба.Эч качан душманың менен келишип анын жолун жолдобо. Аялыңды жаман нерселерден сактап, болор- болбос нерселер үчүн капа кылып азар бербе. Башка аялдарга тигилип назар кылба♥
-Оо Али, аманатты өз ээсине тапшыргын . Тилемчини куру кол калтырба♥
-Оо Али, илим үйрөтүүгө аракет кыл, колуңду Алла Тааланын жолунда ачык кыл, жакшылык иш кылышты эч кимден аянба, күнөөлөрүңө тооба кыл♥
-Оо Али, кийимиңди таза тут, кийимин таза тутпаган адамдын жан берүүсү кыйын болот♥
-Оо Али, ар күну багымдат намазында Ясин сүрөөсүн окуганда адат кыл. Аны окуган киши күн батканга чейин Алла Тааланын коргоосунда болот♥
-Оо Али, ким куптан намазында Тарых сүрөөсүн окуса асмандагы жылдыздардын эсебиндей сооп табат. Жума күнү, түнү Бакара сүрөөсүн окуган адамга жетинчи асмандан нур жетет♥
-Оо Али, Алла Тааладан күнөөлөрүңдү куптан намазынан кийин кечирилишин сурагын, кабыл болот♥
-Оо Али, дайыма калимаи Тамжидди окуп жүрүүнү адат кыл♥
-Оо Али, Ыклас сүрөөсүн көп окуп жүр, анткени ал Курандын нуру. Аят ал Курсун көп оку, анын ар бир тамгасында миң берекет жана жакшылык бар♥
-Оо Али, куптан убагында Табарак сүрөсүн оку ал сени Алла Тааланын жакшылык, рахматына жеткирет. Бир жолу окусаң мүрзөңө чырак болуп жагылат♥
-Оо Али, тамактанганда, даамды туздан баштагын жана туз менен аякта. Анткени туз өлүмдөн башка миң дартка даба♥
-Оо Али адамзатта жиндиликтин бир тамыры, суук өткөндүн бир тамыры, көз оорунун бир тамыры бар. Алла Таала жиндиликти суюктук менен, суук өткөндү тумоо менен, көрлүктү көз оруу менен дарылайт♥
-Оо Али, таң азандан турган кишилерди өз перзенттериңдей азиз тут♥
-Оо Али, мейизди көп же, ал ден-соолугуңду чың кылат. Анарды дагы дасторконуңдан үзбө, анын ар-бир даны Бейиштен🌴 чыккан♥
-Оо Али, дайыма кичи пейил бол, Алла Таала сени улуулукка жеткизет. Түнү жатканыңда көзүңө сурма коюп жат, көзүңдүн нурун ашырат. Таманыңды койдун майы менен майла, пайдасы эсепсиз болот♥
-Оо Али, аялыңа тарбия бергиң келсе Нур сүрөөсүн үйрөткүн♥
-Оо Али, айдын биринчи жана акыркы түнү аялың менен катнаш кылба, бала болсо дубана болот♥
-Оо Али, аялың менен шаршемби күнү жакындык кылба, эгер перзент болсо канкор жана каракчы болот. Айт күнү дагы аялың менен кошулба, перзентиң бой жетип түрмөгө камалат♥
-Оо Али, катнаш жасап жатканда аялың менен суйлөшпө, перзентиң сакоо жана дудук болот. Бири-бириңердин авратыңарга назар салып караба, балаң көр төрөлөт.
-Оо Али, жуунбай туруп аялың менен жакындык жасасаң, балаң бакыл, көрө албас болот.
-Оо Али, түгөйүң менен дүйшөмбү күнү жакындык кылсаң перзентиң даанышман, акылдуу болот. Жоомарт перзентүү болгуң келсе аялың менен ишемби күнү жакындаш♥♥
-Оо Али, аялың менен бейшемби күну жакындык жасасаң, төрөлгөн перзент дили таза, пак, билимдүү киши болот. Эгерде жума күнү жакындык кылсаң ибадаткөй, ата- энеге күйүмдүү, дин илимдерин терең билген перзент төрөлөт♥♥
-Оо Али, ушул кеңештеримди аялың менен күндөлүк турмушта эстен чыгарбагыла, аларды мага Жабреил (алейхис салам) үйрөткөн♥
-Оо Али, убакыт келип балаңды уйлөсөң келин уйгө кирген соң буттарын жуугузуп, ошол сууну ошол бөлмөгө сээп таштап төмөнкү дубаны окугун♥ «Аллахумма барик лифи хазихин-нахийати ва барик ла ха финахийати” бул дубанын пайдасы аябай көп.
-Оо Али, ырыскың тар, таң болсо калимаи Истигфар жана калимаи Тамжидди көп оку. Бул экөөнү окуган кишилерге Алла Тааланын рахматы жана жакшылыгы жаап турат♥Билгин ырыскыңдын тардыгы күнөөңдүн көптүгүнөн жана Алла Тааланын газабына жолукканыңдан болот…