Пример HTML-страницы

Ырыскыны Аллах берет!

https://kyrgyzcha.site/?p=38040&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Ырыскыны Аллах берет!

 

Бир жолу бир падыша шаардын көчөсүндө жан-жөөкөрлөрү менен кетип бара жатып, кайыр сурап жаткан эки адамга кезигип калат. Кайырчылардын бирөөсү ордунан тура калып падышаны тааныгандыктан, «Оо Улуу урматтуу падыша, мага ырыскы берип, мени бай кылуучу, мага ырайым кылып кичине акчаңыздан таштай кетпейсизби» -деп падышага кайрылып кыйкыра баштайт.Ар жакта отурган кайырчы:» Кой антпе, ырыскыны Аллах берет, бай кылып,кедей кылуучу да ошол Зат. Кудайдан корк»-деп тигинин эсине келтирүүгө аракет кыла баштайт. Ат үстүндө кетип бара жаткан падыша алардын сөзүн угуп,токтобостон өтүп кетет, кечинде сарайында жатып,тиги ырыскыны Кудай берет, падыша бербейт деген кайырчынын сөзүнө тырчый түшөт, аны окутуш максатында бир нандын ичине оор алтын куймасын салдырып бышырууну буйруйт. Падыша эртеси ошол нанды жанына алып, баягы кайырчылардын жанынан өтүп бара жатып, тиги ырыскымды сен бересиң деген кайырчыга жанагы нанды таштап кетет.

Күн бою алтынды тапкан кайырчы, мына көрдүңбұ, ырыскыны падыша берет деп тиги кудай берет дегенге мактанып жатканын элестетип, падыша күн бою жакшы маанай менен жүрүп,эртеси тиги Кудайдан үмүт кылган кайырчынын акыбалын байкаш үчүн алар отурган көчөгө кайра жөнөйт. Ал көчөгө жеткенде,көргөн көзүнө ишенбейт,кечээ алтын катылган нан берген кайырчы кайыр сурап отурат да, беркиниси жок. Жанына жетип барган хан, «Сен дагы эле отурасыңбы мен сага кечээ толгон алтыны менен нан бербедим беле?»десе, тиги шоорду «Оо падыша,аны мага айтып койсоңуз болмок да, наныңыз оор болгонунан бышпаган нандын мага эмне кереги бар деп, тиги келесоого бир динарга сатып ийгем, мага дагы ошондой нан бербейсизби» -деп жалдырай баштайт. Анда падыша:» Сен эмне уккан жоксуңбу, ырыскыны Кудай берет, мындан кийин тиги шеригиңе окшоп Кудайдан тиленип жүрчү»деп чаап кеткен экен.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE