Пример HTML-страницы

Оштогу «Боорукердик» үйүндөгү карылардан кабар алышты

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында 1-октябрь — Эл аралык карылар күнүнө карата жарыяланган «Карыларга көңүл буруу жана камкордук» аттуу бир айлыктын алкагында карыяларга үйлөрүнө белектер, азык-түлүк куржундары жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Бүгүн «Боорукердик» үйүндөгү карыларга белектер жана тамак-аш себеттери берилди. Ошондой эле акчалай жардам көрсөтүлдү.

Жетекчилер Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин жана тыл эмгекчилеринен кабар алып, аларга да акчалай сыйлыктарды тапшырышты. Жылына жергиликтүү бюджеттен карыларга 150 миң сом бөлүнсө, быйыл 200 миң сом бөлүндү.

Бүгүнкү күндө Ош шаарынын бардык аймагында карыларга арналган иш-чаралар өтүүдө. Учурда түштүк борбордо 22 миңге жакын улгайган жарандар каттоодо турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE