Пример HTML-страницы

Нарын шаарында миңдик акчаларды алып бара жаткан аял кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан опузалап акча талап кылууга шектелген бишкектик тургун кармалды. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, С.Ж.Д. аттуу жаран 2012-жылдын февраль айында үч бөлмөлүү батирди 12 500 долларга сатып алып, Б.К.Б.дан 6 айлык мөөнөткө ишеним кат жаздыртып алып, бирок үй-бүлөлүк шартка байланыштуу өз убагында үйдү өзүнүн наамына которо албай калган. Андан кийин С.Ж.Д. үйгө кайра ишеним кат жазып берүүнү суранса, Б.К.Б. аны коркутуп, үйдү сатып сала тургандыгы же болбосо 3000 доллар берсе, кол коюп бере тургандыгын айтып, акча талап кылган. Бул арыз 2023-жылдын 20-февраль күнү катталып, С.Ж.Д. аталган жаранга мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 1-бөлүмү (опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.

Атайын тергөө амалдарынын жүрүшүндө, 2023-жылдын 20-февраль күнү саат 18:00 чамасында Бишкек шаарынын 1966-жылы туулган тургуну Б.К.Б. жабырлануучу С.Ж.Д.дан 118 000 сом алып жаткан жеринен кармалып, тинтүү учурунда жанынан 118 000 сом акча каражаты чыккан.

Бүгүнкү күндө К.Б.га Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 1-бөлүмүнүн (опузалап талап кылуу) негизинде айыбы угузулуп, Нарын шаардык соту тарабынан 2 ай үй камак түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалган.

Учурда тергөө амалдары улантылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE