Пример HTML-страницы

Ыйык рамазан айы.

https://kyrgyzcha.site/?p=22275&preview=true Намаз убагы,жана намаз уйронуу болуму!

Бир жылда бир келчү Ыйык Рамазан айына 3 жумага жетпеген убакыт калды. Бул айда сансыз күнөөлөр кечирилип, амалдардын сообу бир канча эсеге көбөйтүлөт. Ар бир мусулман мындай мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай кармап калууга аракет кылат. Бул берекелүү айды жакшы даярдык менен тосуп алуу үчүн эмне кылуу керек? Албетте, биринчиден, карыздардан кутулуудан баштоо зарыл. Эскерте кетсек, Рамазан айына чейин карыздардан кутулуп, даярдык көргөн жакшы, а эгер мындай кыла албай калса, ал күнөө катары эсептелбейт.

 

1 — карыз. Күнөөлөрдүн кечирилишин тилөө. Эгер бирөөнүн акысына кирсеңиз, анын акысын кайтаруу.

 

Бардык жакшы иштерден адамды анын күнөөлөрү тосот. Андыктан, Аллахтан билип-билбей кетирген күнөөлөрдүн кечирилишин тилеп (Астагфируллах деп истигфар айтуу керек), дуа кылуу керек.

 

Аллах Таала Ниса сүрөсүнүн 106-аятында:“Аллахтан кечирим сура! Анткени, Аллах Кечиримдүү, Мээримдүү”,-дейт.

 

Демек, кандай гана күнөө кетирбеңиз, сиз Жараткандын ырайымынан үмүт үзбөшүңүз зарыл.

 

Ошондой эле, эгер сиз кайсы бирөөнү кокусунан же атайылап таарынтып алган болсоңуз, ошол адамдын өзүнөн кечирим суроо да өтө маанилүү. Ыйык Рамазан айына чейин жакындарыңыз менен болгон мамилени түздөөңүз зарыл.

 

2-карыз. Кимдир бирөөгө сөз берсеңиз, аны орундатыңыз.

 

Ыйык Рамазан айына чейин кимдир — бирөөгө кайсы бир нерсе тууралуу сөз берип, аны аткара элек болсоңуз, болгон күчүңүздү жумшап, сөзүңүзгө турганга аракет кылыңыз. Мисалы, апаңызга үйдүн кайсы бир жерин оңдоп-түздөөңүз тууралуу сөз берсеңиз, аны орундатыңыз. Ушул сыяктуу нерселерге “майда-барат да” деп көңүл бөлбөй койбоңуз.

 

Абу Хурайра келтирген хадисте пайгамбарыбыз Мухаммеддин (Аллахтын ага салам-салаваттары болсун) минтип айтканы баяндалат:

“Мунафыктын (эки жүздүү адам) 3 белгиси болот: бир нерсе айтса калп сүйлөйт, ага аманат тапшырылса кыянаттык кылат, эгер сөз берсе аны аткарбайт”.

3-карыз. Карыздардан кутулуу.

Орозого чейин карыздарыңыз болсо эстеп, алардан кутулганга аракет жасаңыз. Негизи эле карыздарга шалаакы мамиле жасоого болбойт.

Хадисте:

“Үй бүлөсү муктаждыкта жана карыздары бар адамдын кайрымдуулугу кабыл болбойт” деп айтылган.

4-карыз: Аманаттан кутулуу.

Сизге ишенип тапшырылган аманаттан эртерээк кутулган жакшы. Анткени, ал- өзүнчө бир жүк. Аманатты ошол бойдон сактап, ээсине жеткирүү керек. Жогоруда айтылгандай, мунафыктардын белгилеринин бири – аманатка кыянат кылуу. Андыктан, бул нерседен абайлоо керек.

5-карыз: Карыз орозолорду кармоо.

Өткөн жылкы Рамазанда белгилүү бир себептер менен кармалбай калган орозо күндөрдүн ордун толтуруу керек.

Бакара сүрөсүнүн 185-аятында мындай деп айтылат:

“…Кимде ким Рамазанда ооруп калып, же сапарга чыкса башка күндөрдө санын толтурсун…”.

Эгер адамдын өтө чоң эле себептери болуп калбаса, каза орозолорду кийинки келе жаткан Рамазандан аркы убакка жылдырганга болбойт.

Андыктан, бул жагын да эске алып, каза орозолорду келе жаткан Рамазан айына чейин кармап бүтүрүү абзел.

Аллах Таалам баарыбызды келе жаткан берекелүү Орозо айына жеткирсин!

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE